Ак таңдай акындын 175 жылдыгы Жамбыл – казак менен кыргыз акыны

28-январда Бишкектеги Кыргыз Республикасынын Улуттук «Манас» жана Чыңгыз Айтматов академиясында Эл аралык Түрк академиясынын демилгеси менен казак элинин улуу акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган “Казак менен кыргыздын ак таңдай акыны – Жамбыл” аттуу иш-чара болуп өттү.

Маараке алкагындагы илимий конференцияны Улуттук «Манас» жана Чыңгыз Айтматов академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев ачып берди. – Миң жылдан ашуун тарыхы бар «Манас» эпосунда кыргыз жана казак элдеринин бир туугандыгы даңазаланган. Жамбыл Жабаев ондогон кылымдардан бери үзүлбөй келе жаткан ырчылык салтты уланткан уникалдуу акын. Анын чыгармачылыгынын кыргызга да тиешеси бар. Жүз жашаган акын ХIХ кылымдын экинчи жарымында, ХХ кылымдын биринчи жарымында замандаш кыргыз акындары менен чогуу-чаран жүрүп далай ырларды, толгоолорду жаратты, – деп белгиледи Т.Тургуналиев.

Түшкө чейин КРнын Президенти Садыр Жапаровдун кызматка киришүү инаугурациясына катышып келген Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали иш-чаранын катышуучуларын ушул айтылуу күн менен куттуктап, кыргызстандыктарга ийгиликтерди каалады. – Ичкен суубуз, тиккен туубуз бир болгон боордош элбиз. Ошондуктан Жамбыл бабабыздын 175 жылдык юбилейи кыргыз жергесинде башталганы жакшы жышаан. Эл аралык Түрк академиясы быйылкы жылды «Жамбыл жылы» деп жарыяламакчы. Жамбылдын өзү «Сөөгүм – казак, этим – кыргыз» деп жөндөн-жөн айтпаган. Манас, Жамбыл, Мухтар Ауэзов, Чыңгыз Айтматов – алардын ар бири кыргыз менен казактын ортосундагы руханий көпүрө. Иш-чарабыздын «Манас» жана Чыңгыз Айтматов академиясында өтүп жатканы символикалык чоң мааниге ээ. Жамбыл кыргыз акындары менен тыкыс байланышта болгон. Алардын бири Токтогул Сибирден келе жатканда Жамбыл досунун айылына атайын токтогон. Ошондо Жамбылдын үзөңгүлөш акынды колдоп, айтканы бар.
«Келдиңби, кыраан кушум, алыс жерден,
Өтүпсүң бийик учуп аскар белден.
«Алмаз бычак кап түбүндө жатпайт» деген,
Хан-төрө айланбайбы сендей эрден»,
– деп досуна дем берип, бир нече күн кадырлуу конок кылып, кыргыз жергесине узаткан.
Элдик ырлардын өмүрү дайыма узак, эли барда ал жашай берет, – деп Дархан Кыдырали иш-чаранын модератору катары сөз кезегин Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековго берди.
– Ак таңдай акын Жамбыл атабыздын юбилейи кыргыз элибизде өткөрүлүп жаткандыгына биз сыймыктануудабыз. Жыйынга кыргыз интеллигенциясынын чоң тобу келгендиги улуу акынга элибиздин урматы деп билем. Жамбыл Жабаев кыргыздын өзү сыяктуу төкмө акындары менен эриш-аркак катнашта болгон. Кыргыз акындары менен айтышканы да маалым. Жамбылды окуу сөзүбүздүн казынасын, өзүбүздүн рухубузду байытат. Министрлик улуу акындын чыгармаларын элибизге таанытууга ат салышат, 175 жылдыкка байланыштуу бардык иш-чараларга белсемдүү катышууга даярбыз, – деди министр.

– Жамбылдын ыр мааракеси кыргыз жергесинде башталганы абдан туура. Боордошторубузга кыргыз элинин эшиги ачык, төрү даяр. Жамбылдын жүрөк толкуткан ырларын окуганыбызда, биздин тамырыбыздагы кан да казактардыкындай айланат, – деп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-спикери Медеткан Шеримкулов жыйынга катышып отурган «Айтыш» фондунун президенти Садык Шерниязга: – «Кезектеги айтышты Жамбыл менен Токтогулга арнап уюштурсаңар жакшы болор эле» – деген сунушун айтты. Садык Шернияз: «Өткөзөбүз, өзүңүздү калыстар тобунун төрагасы кылып шайлайлы», – деп дароо жооп кайтарды.

– Бүгүн кыргыз үчүн улуу күн. Жаңы мамлекет башчы такка отурду. Мен азыр ошол аземден келдим. Казакстандын тунгуч Президенти, эл башчы Нурсултан Назарбаев атайын өкүлүн жибериптир, ал Нуракенин куттуктоосун окуп берди. Нурсултан Абиш уулунун кыргыз элине көңүл бурганына, кыргыздын жараны иретинде алкышымды билдирем. Отуз жыл мурда эгемендүү эл болдук. Эгемендүү болуу бир башка, аны турукташтыруу оңой иш эместигин кыргыз эли башыбыздан өткөн окуяларга байланыштуу байкап отурабыз. Курсак тоёт, ал эми руханий азык азайбасын. Жамбылдын юбилейи – руханият майрамы, – деди М.Шеримкулов.
Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен, эки мамлекеттин ортосундагы макулдашууга байланыштуу, быйыл Казакстандын маданият күндөрүн Кыргызстанда өткөрүүгө даярдыктын кызуу жүрүп жатканын конференцияга катышуучуларды он-лайндык түз эфирден мааракелик иш-чаранын башталганын куттуктаган Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Райымкулова атап өттү. Маданият күндөрүн өткөрүү эстафетасын 2022-жылы кыргыз тарап алат. Ошондой эле, он-лайн байланышы аркылуу Казакстандын М.Ауэзов атындагы Адабият жана өнөр институтунун директору Кенжехан Матыжанов сөз алып, улуу акындын 175 жылдыгына карата мерчемделген иштер менен тааныштырып, Жамбыл феноменине көңүл бурган кыргыз элине ыраазычылыгын билдирди.
Эл аралык Түрк академиясы менен кызматташтыкты Кыргызстанда жакшы жолго койгон мекемелердин бири – КРнын Улуттук илимдер академиясына караштуу Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту. Анын директору, академик Абдылдажан Акматалиев: “Жамбылдын бай мурасын жарыялоо, изилдөө кыргыз илими үчүн дың маселе. Жамбыл 1912-жылы Шабдан баатырдын ашында казактын «Кыз Жибек» лиро-эпикалык дастанын өз вариантында ырдаган. Мураталы Күрөңкеев менен жакын дос болуп, чогуу жүргөн. Мындай мисалдар арбын. Институт быйыл Жамбылдын 175 жылдыгы алкагында анын ырлар жыйнагын чыгарат», – деди сүйлөгөн сөзүндө.

– Бул ишти биргелешип колго алалы, – деген сунушун айтты Түрк академиясынын Президенти Д.Кыдырали. Анын айтымында, академия Жамбылдын тандалма ырлары менен толгоолорун жана айтыштарын, анын ичинде кыргыз акындары менен болгон айтыштарын кыргызчалап, жыйнак чыгарууну мерчемдөөдө. Ошондой эле, академия быйыл казак-кыргыз интеллигенциясынын кезектеги V форумун «Жамбыл жана түрк элдеринин ырчылык салты» аталышта өткөрмөкчү. Ага казак, кыргыз, өзбек, түркмөн, кара калпак, башкыр жана ногой сыяктуу боордош элдердин төкмө акындары, кыргыздын манасчылары чакырылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков адегенде эле «маданият жана адабият мамлекеттин идеологиялык куралы, ошондуктан бийлик буга өзгөчө көңүл буруусу керек» – деп сөзүн баштады. «Постсоветтик өлкөлөрдүн бардыгында кыйын кырдаал түзүлгөн эгемендик жылдарынын башталышында Казакстан бийлиги маданиятка кайдыгер караган жок. Тилекке каршы, биз бул боюнча артта калдык. Ал эми тарыхка кайрылсак, Мухтар Ауэзов Жамбылды «демократ акын» деп союздук мейкиндикке алып чыкканда, ансыз да эл акыны Токтогулдун демократ акын катары багы ачылганы чындык», – деген Н.Калыбеков жаңы бийлик адабиятты, маданиятты көтөрүүнү колго аларына үмүт артты.

«Манас» жана Ч.Айтматов улуттук академиясынын бөлүм башчысы фольклор таануучу, профессор Сулайман Кайыпов адабиятты изилдөө илимий жактан аксап жатканына токтолду. «Химиктердин реакцияларды аныктаганында элементтердин миллиграммына чейин үңүлгөнүндөй, биз дагы сүйлөмдүн майда-чүйдөсүнө чейин карашыбыз керек. Кыргыз филологиясынын документалдык негизин калыптандыруу зарыл. Бул жагынан бүткүл түрк дүйнөсүнүн оозеки адабиятын изилдөөдө кемтик бар. Орто Азиядан, атап айтканда Казакстандан чыккан атактуу филолог-окумуштуу Есмагамбет Ысмайылов 1956-жылы казак жана орус тилдеринде «Акындар» жана «Акыны≫ деген монография жазган эле. Ушул эмгек адабиятты изилдөөдө бирден-бир методологиялык колдонмо болуп келди. Андан бери бир далай убакыт өттү. Эл аралык Түрк академиясында заманбап жаңы усулду иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк бар, ал жарык көрсө, түрк элдеринин, анын ичинде кыргыз адабиятын изилдеген окумуштууларга жол көрсөткүч болмокчу», – деп ал Дархан Кыдыралиге ушул маселени колго алууну сунуштады.

Жыйындагы жарыш сөздөрдө кино-теле режиссер Замир Эралиев манасчы Саякбайды фильми менен түбөлүк кылган Болот Шамшиевдей, кыргыз менен казактын мыкты киночуларынын биргелешип Жамбыл менен Токтогул тууралуу көркөм же документалдуу фильм тартуусуна Түрк академиясы демөөрчү болсо деген тилегин айтты. Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шернияз быйылкы 31-августтун алдында өтө турган кыргыз-казак төкмө акындарын фестивалы Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгынын жана «Айтыш» фондусунун 20 жылдыгынын алкагында Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арнала тургандыгын жарыялады. Сөз арасында Түрк академиясынын жетекчиси Д.Кыдырали Президент Касым-Жомарт Токаевдин «Эгемендүүлүк бардыгынан кымбат» деген макаласында Садык Шернияз тарткан «Курманжан датка» фильми боюнча жылуу пикирин билдиргенин эске салды. Ал эми Кыргыз Республикасынын эл артисти Түгөлбай Казаков Жамбыл Жабаевге казак бийлиги тирүү кезинде чоң сый-урмат көргөзгөнүн белгилеп, Кыргызстанда да маданият, адабият, искусство алптарына мамиле ошондой болуу керектигин айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эл аралык Түрк академиясы менен Улуттук «Манас» жана Чыңгыз Айтматов академия¬сынын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду, Түрк академиясы чыгарган казак тилиндеги «Манас» эпосунун жана Абай Кунанбаевдин кыргыз тилиндеги «Таңдалма ырларынын академиялык жыйнагын» тааныштыруу аземи болду. Адабият таануучулардын, акын-жазуучулардын, Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин жана казак диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйын Акматбек Султан уулунун аткаруусунда Жамбыл Жабаевдин «Кыргыз уулу, кулак сал!» деген ыры менен аяктады.

*Жамбыл Жабаев 1846-жылы 28-февралда туулуп, 1945-жылы 22-июнда дүйнөдөн кайткан. Өспүрүм чагынан колуна домбура алып, элдин муң-кайгысы менен кубанычын көзү өткөнчө ырдап өткөн. Ырларынан тышкары «Өтөгөн баатыр», «Суранчы баатыр», «Көруглы», «Бак, дөөлөт, акыл» дастандарын чыгарган. Төкмө, айтыш акыны. Казак акындарын мындай коёлу кыргыздын Балык, Тыныбек, Калыгул, Найманбай, Катаган, Арыстанбек ж.б. акындары жана манасчылары менен өнөрүн сынашкан. Көзүнүн тирүүсүндө СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон, Ленин, Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»