“Билим берүү системасы улуттук идеологиянын пайдубалы болууга тийиш”

– Каныбек Осмоналиевич, Президент бир нече жарлыкка, анын ичинде «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыкка кол койду. Мамлекеттик башчынын бул жарлыгы ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө айткан “маданий кайра жаралуу” идеясы менен дал келгендей. Сиз кандай дейсиз?

– Ооба, Президенттин айткан сөзү менен алгачкы чыгарган жарлыгы дал келип, бири-бирин логикалык жактан толуктады деп айтсак болот. Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү, кыргыз элинин кылым карыткан салттары боюнча жарлык чыгарганы бул абдан жакшы жышаана. Эми кеп жаңы өкмөттө. Єкмөт бул багытта конкреттүү иш-чараларды иштеп чыгышы абзел. Мамлекет башчынын ыймандуу жашоо идеясы колдоого татыйт. Президенттин жарлыгы көрсөтмө, багыт бере турган документ. С.Жапаров өзүнүн алгачкы жарлыгы менен улуттук идеологиянын, анын ичинде мамлекеттик идеологиянын багытын көрсөттү. Кылымдарды карыткан кыргыз коомунда эң башкы баалуулуктар эмнелер болушу керек, сөз ошолор туурасында болуп жатат. Мен Конституциялык кеңешменин мүчөсү катары айтсам, жаңыланган Конституция долбооруна президенттин ыйгарым укуктары деген бөлүмдө мамлекеттик катчы кызмат ордун киргиздик. Бул да бекеринен болгон жок. Анткени, Кыргызстан бүгүнкү күндө идеологиялык жактан утулуп жатат. Айрыкча радикалдык күчтөргө, диний багыттагы экстремисттик, деструктивдүү күчтөргө утулуп жатат. Бул эч кимге жашырын эмес. Ал карасанатай, коомду ичинен иритүүчү күчтөр биздин жаштардын аң-сезимин уулап, ар кандай жаман нерселерге үгүттөп, жаман жолго түртүүдө. Экстремисттердин улуту болбойт, алар үчүн улуттук баалуулуктар эч нерсеге арзыбаган нерсе, ошон үчүн экстремизм идеялары өтө коркунучтуу. Алар өз идеяларын ишке ашыруу үчүн бардык айла-амалдарды, анын ичинде динди да курал катары пайдаланышат.

 – Акыркы жылдарда мамлекеттик башкаруу мекемелерине, атүгүл окуу жайларына чейин намазканалар ачылып, бул көрүнүш тенденцияга айланып кетпедиби, буга каршы эмнени коюш керек?

– Улуттук идеологияны калыптандырууда биринчи орунда билим берүү системасын куруу керек. Би-лим берүү системасы улуттук идеологиянын пайдубалы болууга тийиш. Ал үчүн бул тармакты түп тамырына бери карап чыгууга туура келет. Союздан калган салттуу билим берїү системасын кайрадан киргизбесек болбойт. Айрыкча тарбия берүү жагын гуманитардык билим берүү багыттарын карап чыгуу абзел. Мамлекеттик идеология билимге негизденип, анын үстүндө улуттук идеология турууга тийиш. Мен президенттин жарлыгын ушул багытта элестетем.

 – «Маданий кайра жаралуу» тууралуу айтканы да бекеринен болбосо керек?

– Президент алысты көрө билген киши катары сүйлөдү. Биз улуттук маданиятты жоготуп бара жатабыз. Кылымдык маданиятыбыз жоголуп бараткан. Адамдын кулк-мүнөзү экономикалык формацияга карай өзгөрө бериши ыктымал. А кыргыздын тарыхы менен маданияты өнүгүүнүн өзөгү бойдон калышы керек. Бир туруп арабдарды, бир туруп орустарды, бир туруп кытайларды туурап жатабыз. Экономикалык жактан кимиси таасир берсе, ошол жакка кетип калып жатабыз. Билим берүү сыяктуу эле маданиятты биринчи орунга коюу керек. Билим берүү менен маданият куштун кош канаты сыяктуу нерсе. «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгында мына ушул идеялар жатат.

– Маданиятка көңүл бөлүү керек деп жатабыз. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги болуп турганда, аталган министрликтин курамында маданияттын негизи өзөгүн түзгөн улуттук адабиятка байланышкан бир да департамент, бир да башкармалык, жок дегенде адабият бөлүмү, ырымга адабиятты тейлеген адиси жок экенин көрүп таңгалгам…

– Ырасын айтсам, мен да таң калдым. Булл аталган министрликти башкарган министрлердин түздөн түз күнөөсү.

– Адабият менен тил бири-бири менен ажырагыс нерсе эмеспи. КР Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясына адабият тармагын кошуп, Президентке караштуу мамлекеттик тил жана улуттук адабият комиссиясы кылып койсо не болот?

– Бул ойду мен капкачан эле айтып келатам. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жанаулуттук адабият маселеси түздөн түз Президенттин көзөмөлүндө болгону туура болот. Бул өтө зарыл, капкачан эле ушундай кылыш керек эле. Президентке түз баш ийиши керек. Мына ошондо Президент ант берүү аземинде айткан маданий кайра жаралуунун башында ушул мамлекеттик мекеме турмак.

– Өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилип, министрликтердин саны 22ден 16га кыскарды. Сиз да депутат болуп жүргөн жылдарда бул маселени көтөрсөңүз керек эле?

– 2010-жылдан баштап далай жолу бул маселени көтөрдүм. Менин оюмча Єкмөттүн азыркы түзүмү бир топ алгылыктуу. Төрт виценин орду жоюлганы туура болду, чындыгында эле мынча штаттык бирдиктин кереги жок болчу. А.Атамбаев менен С.Жээнбековдун системасы штаттарды опсуз кеңейтип алып, өздөрүнүн партиялаштарын, куда сөөгүн койгонго, кызмат орун табуунун айла амалын кылып, ушуга кынык алып алышкан. Мамлекеттин кызыкчылыгын четке жылдырып коюшкан. Бюджет ошончо штатты көтөрө алабы, ойлоп да коюшкан эмес. Экономика жана финансы министрликтери бириктирилип, буга бажы менен салыктын кошулганы, министр вице-премьер-министрдин статусун алганы да жөндүү. Президент Куралдуу Күчтөрдү башкаруу системасын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын базасында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул маселени аскер адамдары мурдатан эле көтөрүп келатышкан. Коргоо министрлигинин кайра ордуна келиши менен өлкөнүн коргонуу жана коопсуздук жаатындагы көйгөй өз ордуна келет десек болот. Куралдуу Күчтөр тууралуу түшүнүгү жок адамдардын туура эмес кадамынан улам бир министрлик генштаб, коргоо комитети болуп майдаланып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаралып келген. Мына ушуга чекит коюлду.

Дегинкисинде профилдик агенттиктердин тиешелүү министрликтерге кошулганы туура. Биз алакандай эле мамлекетпиз. Бизге опсуз көп министрликтердин кереги жок. Эми буюрса, жакынкы эки-үч айда жаңыланган Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өтөт. Жаңыланган Конституция кабыл алынса, өкмөттүн функциясы толугу менен президентке өтөт. Ошондо да көп өзгөрүүлөр, алымча-кошумчалар сөзсүз болот.

– Конституциялык кеңешменин мүчөсү катары айтсаңыз, жаңыланган Конституцияда парламенттин орду кандай?

– Парламент пропорционалдык жана можаритардык шайлоо системасы менен шайланат. Демек, парламент да жаңыланат, өзгөрөт. Жаңыланган Конституцияда, Курултайдын да орду бар. Мамлекеттик катчы кызмат орду киргизилип жатат. Азыркы таптагы президенттин жарлыктары, өкмөттүн жаңы түзүмү ошонун алдын алып жасалып жатат, бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.

– “Кыргызпатент” биз өзүбүзчө мекеме болушубуз керек деп кыйкырып жатат го?

– Антип кыйкыргандар толтура. 30 жылдан бери кыйкырганга көнүп алдык. Кыйкыргандар өз кызмат ордун сактап калалы деп кыйкырып жатат. Алар өзгөрүүнү каалаган жок. Маселе ушунда. Кыргызпатенттин юридикалык маселелер байланышкан жагын юстиция министрлигине берип, интеллектуалдык менчик ж.б. жагын Билим берүү министрлигине кошконубуз оң. Мурдагы президенттер тушунда ар кимиси өзүнө ыңгайлаштырып, министрликтерди бытыратып майдалай беришкен. Натыйжада, коомчулуктун башы айланып калган. Ошол эски күчтөрдүн калдыктары азыр да “кул кулдугун кое бербейт” болуп, өз көмөчүнө күл тартып жатышат. Жогорку Кеңештеги айрым азаматтар да эптеп эле өз кызыкчылыктарын таңуулагысы келип жаткандай. Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, түзүлгөн кырдаалды туура түшүнгүлө деди. Мен да элди президент баштаган өзгөрүүлөргө тоскоол болбой колдоп туралы деп чакырмакмын. Буюрса референдумдан кийин баары өз ордуна келет деп ойлойм. Мына ошондо эч кимди көзүнө карабай, кесипкөйлүгүн карап, кадр тандасак, анда Кыргызстан бат эле өнүгүү жолуна түшөрү бышык.

«Кыргыз Туусу», Болотбек Таштаналиев