Финансы системасынын көрсөткүчтөрү жакшы

Кечээ Президент Садыр Жапаров КРнын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Анда КРУБдун жана банк секторунун 2020-жылдагы ишинин алдын ала жыйынтыктары, ошондой эле 2021-жылга карата биринчи кезектеги пландары талкууланды.
Мамлекет башчысына экономиканын реалдуу секторун колдоо, коронавирус инфекциясы пандемиясынын таасири менен кесепеттерин жоюу боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле өлкөнүн каржы жана валюта рыногундагы азыркы кырдаал, улуттук валютанын алмашуусунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу чаралары жөнүндө айтылды.

Т.Абдыгуловдун айтымында, 2020-жыл бардык кыйынчылыктарга карабастан, ата мекендик финансы системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады:

— Улуттук банк инфляциянын орто мөөнөттүү көрсөткүчтөрүн 5-7%дын тегерегинде кармай алды;

— банк секторунда оў көрсөткүчтөр сакталды: кредиттик портфель 11%га көбөйдү (162,6 млрд. сомду түздү), банктагы депозиттер 19,9%га өстү (180,9 млрд. сомду түздү);

— депозиттердин долларлаштырылуусунун деўгээли 42,9%ды, кредиттердин долларлаштырылуусунун деўгээли 32,9%ды түздү;

— 2020-жылдын ичинде алтын-валюта резерви 384 млн. АКШ долларына өсүп, жыл соўунда 2 млрд. 808 млн. АКШ долларын түздү. Бул келечектеги 6 айлык импортту жабат;

— КРУБдун кирешеси рекорддук көрсөткүчкө жетип, 8 млрд. 484 млн. сомду түздү.

Т.Абдыгулов ошондой эле Улуттук банк экономиканын реалдуу секторун колдоого жалпысынан 9,6 млрд. сом бөлгөнүн айтты. Улуттук банк 2021-жылы банк системасынын туруктуулугун кармоо, төлөм системасын өнүктүрүү жана банк мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштерди улантууну пландап жатканы белгиленди.

Президент С.Жапаров Кыргызстандын соода-экономикалык өнөктөш өлкөлөрүнүн эл аралык финансы рыногундагы жана экономикаларындагы кырдаалга байкоо жүргүзүүнүн өзгөчө зарылдыгын баса белгиледи. Буга байланыштуу ал тышкы экономиканын таасирлеринен улуттук экономикага болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгына токтолду.

Мамлекет башчы өлкөнүн финансы-кредиттик мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү иштеши керектигин белгилеп, улуттук валюта курсунун кескин өзгөрүшүнөжол бербөө үчүн бардык чараларды көрүү керектигин айтты.

Т.ИСХАКОВ