Ажыга барчуларды эмдөө башталды

Ажыга бара тургандар бүгүнтөн тарта гриппке жана менингитке каршы эмдөө алып баштайт. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, эмдөө иштери Бишкек шаарындагы жана облустун борборлорундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жүргүзүлөт. Анда бардык медициналык борборлордо грипп менен менингитке каршы вакциналар жетиштүү экендиги кабарланган. Зыяратчыларды иммунизациялоо 2017-жылдын 20-июлунда аяктайт.

Эскерте кетсек, бул жылы ажылык сапарга кыргызстандык 4585 адам бармакчы.