«Тоо-кен тармагында холдинг түзүү учур талабы»

– Марат Жумабекович, Президент Садыр Жапаров жакында  эле Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо боюнча жарлыгын чыгарды. Бул тармакты реформалоону эмнеден баштоо керек деп ойлойсуз?

– Тоо-кен тармагын реформалоо менимче кечирээк кабыл алынды деп ойлойм. Замандын талабына жараша мындай жарлык буга чейин эле кабыл алынышы керек эле. Жарлык менен таанышып чыктым. Бул тармактагы эң көйгөйлүү маселелер камтылыптыр. Аталган тармакта мамлекеттик ишкананы түзүү зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүлдү. Бул эң туура. Мамлекеттик ишкана түзүү керектигин мен буга чейин деле колдоп келгем. Казакстанда 2006-жылдан бери мамлекеттик ишкана ийгиликтүү иштеп келе жатат.

Бул жарлык боюнча жаңы түзүлүп жаткан Өкмөт кандай нукта иш алып бараарын айта албайм. Бирок, тоо-кен тармагы боюнча холдинг түзүү зарылдыгы бар деп ойлойм. Бул биринчиден, аталган тармакты реформалоо болсо, экинчиден пилоттук долбоор болот. Холдинг түзүлсө анын алдында “Кыргызнефтегаз”, “Кыргызалтын”, “Кыргызкөмүр” жана рудалык эмес кендер боюнча дагы өзүнчө мамлекеттик ишкана түзүү керек. Стратегиялык мааниге ээ болгон кендерди нефть менен газды “Кыргызнефтегазга” берсек, алтын жана башка металлдарды “Кыргызалтынга”, көмүр кендерин “Кыргызкөмүргө” жана башка кендерди жогоруда айткандай өзүнчө түзүлгөн ишканага берип, алардын үстүнөн холдинг көзөмөл жүргүзүүсү керек. Ошондо бул тармакта азыркыдай чаржайыт болбой, мамлекет өзү көзөмөл жүргүзө алат.

– Бир учурда алтын өндүргөн комбинаттардын баары “Кыргызалтын” ишканасына карачы эмес беле. Кийин менчиктештирүүгө байланыштуу ал комбинаттар жеке колдорго берилген. Эми аларды кайрадан бириктирүү натыйжа береби?

– Менимче абдан эле натыйжалуу болот. Эгемендикти алып жаңыдан өз алдынча иш жүргүзүп жаткан учурда көптөгөн катачылыктар кеткен. Тоо-кен тармагында ошол мезгилде туура эмес саясат жүргүзүлгөн. Азыр ошол кетирген катачылыктарыбызды оңдоо учур талабы. Алыс барбай эле кошуна Казакстандын тажрыйбасына токтолоюн. 2006-жылы Нурсултан Назарбаев Сингапурга барып, ал өлкөдө 1974-жылдан тартып жогоруда айтылгандай система ийгиликтүү иштеп келе жатканын көргөн. Бул тоо-кен тармагын эле эмес, мамлекеттик активдердин эффективдүү корпоративдик башкаруу системасы. Дүйнөлүк тажрыйба далилдегендей мамлекет начар менеджер. Бул тажрыйбада мамлекеттин үлүшү холдингде 100 пайызды түзөт, бирок ал холдинг коммерциялык ишкана катары ишмердигин жүргүзөт. Аталган системада бир гана активдер менен башкаруу эмес, эртеңки күндө өзүнүн капиталы көбөйгөндөн кийин холдингдин активдүү инвестор катары чыгууга дагы толук мүмкүнчүлүгү болот. Жогоруда айтылган маселенин маңызы мына ушул жерде.

Буга дагы кошумчалай турган нерсе холдингдин алдына “Кыргызгеология” деген дагы бир ишкана түзүү зарыл. Сооронбай Шариповичтин убагында бул маселе көтөрүлгөн. Бирок эмнегедир ишке ашпады. “Кыргызгеология” стратегиялык мааниге ээ болгон кендерге өзү чалгындоо жүргүзөт. Булл түндүк, түштүк аймагында чалгындоо__иштерин жүргүзүү, гидрогеологиялык, геофизикалык иш жүргүзүүнүн баары бир ишкананын алдында иш алып барат дегендик. Ошондо жеке тараптын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы сакталат. Азыркы учурда экинчи тарап биздин жерде чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат. Мына ушунун өзү туура эмес. Каражат маселесине байланыштуу аргасыздан ушундай кадамдар жасалып жатат.

– ЖЧК “Гео Консалт Групп” компаниясынын ишмердиги туурасында окурмандарга айтып берсеңиз.

“Гео Консалт Групп” жоопкерчилиги чектелген коомду өзүм демилгелеп негиздегем. Анын максаты тоокен тармагындагы компанияларга юридикалык, техникалык жактан ар кандай кызмат көрсөтүү. Биз башкаларга салыштырмалуу жаш компаниябыз. Түзүлгөнүбүзгө төрт жылдай эле болду. Бирок ага карабай кен тармагында иш алып барган “Кайди”, “Вертекс Голд Компани”, “Ширальджин Глобал Майнинг” сыяктуу ири компаниялар менен ийгиликтүү иштешип келе жатабыз. Андан сырткары кен казуу жана чалгындоо иштеринде иш алып барып, кендердин корун өзүбүздүн ыкма менен эсептеп чыгып, аны мамлекеттин алдындагы комиссияга алып келип, коргойбуз. Бул мамлекеттин кен байлыгын толтурууда жана экинчи тарап өзү чалгындаган кендин кору боюнча маалыматты тактоодо биздин компаниянын кошкон салымы деп ойлойм. Кен тармагы спецификалык тармак болгондуктан ар кандай юридикалык кызмат көрсөтүп келебиз.

– Жарлыкка ылайык Кен кодексин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Бул кодекстин өзөгүн кайсы маселелер түзүш керек деп ойлойсуз?

– Биз экинчи тарап менен дагы ишмердигибизди жүргүзгөндүктөн мыйзамдын жакшы-жаман, айрым учурларда кайсы бир жагдайда чийкилигин дагы көрүп келе жатабыз. Кен тармагы боюнча мыйзамдар өтө көп. Негизгинен кен мыйзамы, анын алдында нормативдик актылар бар. Инвестор келгенде өтө көп мыйзамдык актыларды карап чыгат. Бул инвестор үчүн бир топ түйшүк жаратат. Ошондуктан мыйзамдардын баарын бир кодекске киргизүү туура. Бирок иштеп чыгуу мөөнөтүнө кыска убакыт берилгендей. Себеби кодексти иштеп чыгууга көп убакыт талап кылынат. Ар кандай коомдордун, мамлекеттик мекемелердин, коомчулуктун ой-пикирлеринин негизинде талкуулар жүрүшү керек.

Бул тармакта кен иштетүүчү менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы пикир келишпеген эң көйгөйлүү маселелер бар. Октябрдагы элдик толкунда жергиликтүү тургундар менен кен иштеткендердин ортосундагы көйгөй чагылдырылды. Таластагы кен иштеткен компания менен элдин ортосундагы карама-каршылык биз айтып жаткан маселенин өтө курч мүнөздө экендигин айгинеледи. “Жерүй” өрттөндү, “Вертекс Голд Компаниге” кол салуулар болду. Албетте, ушуга окшогон көйгөйлөрдүн алдын ала турган мыйзамдар аталган кодекстин өзөгүн түзүш керек деп ойлойм.

– Мамлекеттин үлүшү жок, бирок кендерибизди иштеткен компаниялар менен мамлекет кандай учурда келишимди буза алат?

– Бул өтө көйгөйлүү маселе. Ар кыл себептер менен кен мамлекеттики болсо да жеке колдорго өтүп кеткен. 2010-жылга чейин бул тармактагы концепциянын өзү мүмкүн ушундай болгондур. Бакиевдин тушунда “Жерүй” 300 сомго сатылды деп, коомчулукта резонанс жараткан чуулгандуу иш болгон. Эгер мамлекеттин үлүшү жок “Жерүй” тууралуу айта турган болсом, лицензия берилгенден кийин компания лицензиядагы макулдашууга ылайык өзүнүн милдеттерин аткарып, ишмердигин жүргүзүп жатат.

Эгер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн биз келишимди бузууга бара турган болсок, эл аралык аренада рейдерлик тартып алууга барган болобуз. Ички саясатыбызда мамлекеттин кызыкчылыгы корголбой калганы менен эл аралык айдыңда мыйзам бузуу, башкача айтканда, рейдерлик басып алуу катары кабылданат. Биз келишимди бузууга барганда деле экинчи тарап эл аралык сотко кайрылып, өзүнүн сарптаган каражатын төлөтүү боюнча бизге айып тагып, аны төлөөгө милдеттендирет. Укуктук өлкө болгондон кийин биз келишимди бузууга барсак, андан кийин эл аралык деңгээлде кандайдыр бир иш алып баруубуз да кыйындайт. Эгер булл компаниянын ишмердиги тууралуу укуктук талаадан алып карай турган бол-сок “Алтын Альянс” компаниясы мыйзам чегинде иш жүргүзүп жатат. Укуктук талаада бир гана чечүү жолу бар – бул сүйлөшүү гана жолу.

– Тоо-кен тармагында концентраттарды иштете турган заводду курууга өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз жетпейби?

– Бул маселе А.Атамбаевдин убагында эле көтөрүлгөн. Көпчүлүк бул тармакты толук түшүнө бербейт. Концентрат десе эле бир эле продукт катары түшүнүшөт. Ар кандай рудадан ар кандай концентрат чыгат. Ар бир кендердин рудасы ар башка болот. Мисалы “Жерүйдүн” рудасы менен “Кайдиникин” салыштырсаң, экөө эки башка чыгат. Эгер өзүбүздө завод ача турган болсок, биринчиден, ар кайсы кендин рудасына өз-өзүнчө цикл ачууга туура келет. Экинчиден, “Кайди” концентартты Кытайга чыгарат. Кытайдан Эркечтамга чейин 160 километр. Эгер концентарт чыгара турган завод Кара-Балтага курулса, руда казылып алынган жерден аны заводго чейин ташып келүүдө жолго кеткен чыгым он эселеп көбөйүп кетет. Эгер рудалар чет өлкөгө чыгарылбасын десек, ар бир кендин жанына концентрат чыгарган завод куруп беришибиз керек болот. Дагы бир маселе Кыргызстан чыгарган алтынды сатат. Акыркы келип түшкөн продукт бул – акча.

Ал эми руда казылып алынганда дүйнөлүк стандарттагы сертификаты бар лабораториялардын адистери чакырылат. Атайын каптарга (бигбэг) рудалар салынат. Адистер ар бир каптан проба алат. Андан соң каптарды өзүлөрүнүн номерлүү пломбасы менен бекитет. Алган пробаны чет өлкөгө изилдөөгө жиберет. Изилденип, ар бир каптагы руданын салмагынан тартып, курамында кандай металлдар бар экендиги тууралуу расмий корутунду берилет. Ошол корутундуда көрсөтүлгөн ар бир металлдын баасы сөзсүз түрдө төлөнөт.

– Кендерге бай өлкөбүз. Жети облустун аймагында тынымсыз кен казуу иштери жүрүп жатат. Жайыттар жараксыз абалга келип, аянты кыскарууда. Киреше табабыз деп отуруп экологиябызды талкалап албайбызбы?

– Тилекке каршы, кендери иштетүүдө жаратылыш жабыркайт. Бул ачуу чындык. Бул маселеде бизге киреше керекпи же экология керекпи деп таразалап, анан иш алып баруубуз кажет. Кандай гана кен болбосун аны иштетүүдө азбы-көппү кайсы бир деңгээлде бары бир табиятка терс таасирин тийгизет. Дээрлик кендердин баары жайлоолордон чыккандыктан жайыт жерлери да тарып жатканы, кен казылган жерлер боз топуракка айланганы да чындык. Деги эле табиятка терс таасирин тийгизбей кен иштетүүгө мүмкүн эмес.

Кен пайдалануучулардын кеңешмесинде айрым бир компаниялар тарабынан алтынды өндүрүүдө цианиддин ордуна зыянсыз химиялык реагентти колдонуу айтылган. Ооба,цианиддин ордуна башка химиялык реагентти колдонсо болот, бирок аны менен иштетилген алтындын наркы жогорку болот. Азыркы тапта цианид алтынды ылгап алуунун эң эффективдүү жана арзан ыкмасы болуп эсептелет. Ошондуктан дүйнөдөгү алтын өндүргөн компаниялар цианидди колдонууга басым жасашат.

«Кыргыз Туусу», Вера Беделбек