Кайдыгерлик коронавирусту кайра чакырганга тете

Ак халатчандын айтканын ук

Дүйнөдө эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Англиядан чыккан коронавирустун жаңы штаммы, кыска мезгилде дүйнөнүн 41 өлкөсүнөн табылды. Ухань шаарынан чыккан коронавируска салыштырмалуу, жаңы штамм 70 пайызга жугуштуу жана кесепети алда канча оор экени айтылууда.

Ал кеткен жок, кашыбызда айланып жүрөт

Алматы шаарында 2021-жылдын 1-февралдан баштап, коронавируска байланыштуу чектөөлөр кайрадан киргизилди. Ал эми өткөн аптада Бириккен Араб Эмираттарында эс алып келишкен ташкенттик үй-бүлөнүн он жашар кызынан “Британиялык штамм” табылганын Өзбекстандын тиешелүү органдары билдирди. Ушундан кийин Өзбекстан өз жарандарына өтө зарыл болбосо чет мамлекеттерге барууну токтотууга кеңеш берди.

“Британиялык штамм” Пекинди да кыйгап өткөн жок. Кыргызстан менен ири соода-экономикалык жана дипломатиялык байланышы бар кошуна Кытайдын борбору жаңы чектөөлөрдүн катаал түрлөрүнө кириптер болуп жатат. Вирустун жаңы түрүнүн географиясы кеңейип бара жатканына ушул сыяктуу фактылар далил. Кыргызстан ааламдашуунун мыйзам ченемдүү алкагында сырт дүйнө менен тынымсыз алака-катышта жашайт. Андыктан кооптуу вирустун жаңы түрүнүн бизге келүү тобокелчилиги абдан жогору.

ДСУнун башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус жакында мындай деди: “Кытайдан тараган COVID-19дун айрым мамлекеттерде акыркы үч аптадан бери азайып бара жатканы жакшы жышаан. Бирок, вирустун жаңы варианттары тарап жатат. Дүйнө коомчулугу анын баарын беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, эмдөө ж.б. натыйжалуулугу далилденген ыкмаларды колдонуу менен жайылтпай токтотуп калууга болот”, – деп билдирди.

Өткөн жылы элибиз вирустан оор жоготууларга учурады. COVID-19 өлкө экономикасын эңшерип кетти. Мындан ары ошол оор жагдайдан сабак албасак болбойт. Биз вирустун кесепети менен күрөшүүнүн ордуна, анын алдын алууну, жайылтпай коюуну адатка айландырышыбыз керек. Тилекке каршы, сасык тумоо сыяктуу эле бул вирустун адамзаттын жашоосунда биротоло калыптанып калуу коркунучу жогору болуп турат. Ушундан улам ДСУ аны эл аралык оорулардын Х-классификаторуна киргизип, жаңы код ыйгарды. Бул вирустун дарысын окумуштуулар азыркыга чейин так жана бирдиктүү аныктап чыгарыша элек.

Россия коронавирустун алдын алуу максатында үч түрлүү вакцинасын иштеп чыкты. Андан тышкары, Кытай, Америка, Англия, Индия өз вакциналарын чыгарып жатышат. Азыркы күндө Россиянын “Спутник-V“ вакцинасын Кыргызстанга алып келип, эмдөө аракеттери жүрүүдө. Эпидемиолог илимпоздордун айтымына караганда бул кооптуу вирустун үчүнчү толкуну март айына туш келиши ыктымал. Ошондуктан жарандарыбыз өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө өтө сак болуулары милдет.

“Кара булуттуу” күндөрдү унутуп калдыкпы?

Азыркы күндө коомдук транспортто, базарда, дүкөндө, кафе-ресторандардагы той-топурда беткапсыз жүргөн, колдун гигиенасын унута баштаган мекендештериме өткөн жылдын июль айындагы “кара булуттуу” күндөр тууралуу азыраак айтайын. Эпидемиянын туу чокусу болгон ошол учурда Бишкектин медициналдык мекемелеринде орун калган эмес. Ушуга байланыштуу биздин Кыргыз курортологиясы жана калыбына келтирүү илим изилдөө институту профилдүү багытын убактылуу өзгөртүп, 26-июндан 8-августка чейин карантиндик-казармалык күчөтүлгөн тартипте иштеди. Алгачкы күндөрү Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен коронавируска чалдыккандар үчүн 120 орун даярдап, вирустан жабыркагандарды кабыл ала баштаганбыз. 120 керебет бир күндө толуп калды. Бардыгы болуп 300-400гө чейин оорулууларды кабыл алган учурлар болду.

2020-жылдын июль айы жалпы эл үчүн да, бүткүл ак халатчандар журту үчүн да эси-көөнүбүздөн чыккыс оор өткөнүн тана албайбыз. Кызыл зонада иштеген дарыгерлерди коргонуучу кийимдер сактап кала албайт экен. 20-июль күнү дене табымдын көтөрүлүшү 39 градуска жетип, алсырай баштадым. Вирустун белгилери байкала баштагандыктан “мага да жуккан болушу керек”,– деп шектендим. Бишкек санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна барып, текшерүүлөрдүн баарынан өттүм. Эртеси эле эпидемиологдор менде коронавирус бар экенин айтышты. Ошол замат директорубуз, медицина илимде- ринин доктору, профессор Марат Сагымбаевге кирип, жагымсыз кабарды айттым. Аламүдүн райондук санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна тез кабар бердим. Эртеси эпидемиологдор келишип, бул жерде иштегендерден анализ алышканда кээ бир врачтар, медайымдар жана санитаркалардан да вирус аныкталды. Жетекчибиз Марат Акимович баш болуп ооруганыбызга карабай, баарыбыз жапа тырмак иштеп да, жумушта жашап да жаттык.

Каармандык көрсөткөн кесиптештериме таазим

Журт башына мүшкүл түшкөн кыйын учурда ооруп калганыбыз үчүн иштебей коюуга жараткан Кудайдын алдында абийирибиз жол бермек эмес. Гипократтын антын кыйгап өткөндүк болуп калмак.

Ошол учурда каармандык көрсөтүшкөн кесиптештериме таазим этем. Коргонуучу кийимдин ичи катуу тердегенде көз айнегибиз бууланып, алдыда турган нерсе көрүнбөй калчу. Бир жолу жаш медайымыбыз Айзат Каналбек кызы бууланган көз айнегинен кичинекей жылчык таап алып, өмүр менен өлүмдүн ортосундагы оорулууга ийне сайып жатканын кантип унутууга болот?

Бир күнү дене табым максималдуу чекке көтөрүлдү. Дем алдыруучу концен- траторду алып келишкенде “катуу оорулууларга бергиле” деп баш тарткам. Көп өтпөй көкүрөгүм кысылып, шайым ооп басалбай бара жатканда гана: “коронавирус, сен менден күчтүү экенсиң”, – деп, жатып дарыланууга аргасыз болгом. Ошол оор күндөрү эбегейсиз мекенчилдигин көрсөткөн ак халатчандар республикада абдан көп болду.

Акбарали МАХМАДИЕВ, Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим изилдөө институтунун директорунун орун басары –башкы дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты