Элдияр Сапарбеков «Үйрөнгөнүбүздү өз өлкөбүздө колдонобуз деп ишенем»

Мекендештер

Элдияр Сапарбеков 26 жашта. Учурда Түркиянын Адана шаарында медицина жаатында билимин өркүндөтүүдө. Биз менен болгон маегинде медицина тармагы боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

“Медициналык кызматтын сапатын жогорулатууну максат кылдым”

– Ош облусунун Ноокат районунан болом. Мектепти артыкчылык менен бүтүрдүм. Кичинекей кезимден дарыгер болууну кыялдангам. 2012- жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо бөлүмүнө тапшырып, окуп калдым. Студенттик учурум мени жакшы чөйрө, жакшы досторго жолуктурду. Негизги максатыбыз окуу, өзүбүздү өстүрүү болчу. Мындан тышкары түрк, англис тилдери боюнча жана бизнес багытындагы курстардан кошумча окуп жүрүп, 2018-жылы академияны бүтүрдүм. Кийин окуумду Түркияда уланттым. Азыр ушул жактамын.

“Түркияда билим алуу үчүн күнү-түнү окуш керек”

– Түркияда илгертеден эле медицина аябай жакшы өнүккөн дегенден алысмын. Бирок акыркы 10-12 жылда медицина тармагында көзгө көрүнөрлүк реформа жасашып, элге сапаттуу кызмат көрсөтүүдө. Бул өлкөдө билим берүү жана медицина катуу өнүгүп, дүйнөлүк деңгээлде алдыңкы катарга чыгып калды. Түркияда мугалим, полиция, дарыгерлик кесиптер аябай маанилүү жана өзгөчө сый урматка ээ. Бул үч кесиптин ээси болуу үчүн күн-түн дебей окуп билим алуу керек. Мен сынакка эки жыл даярданып жүрүп, ийгиликтүү тапшырдым. Азыр Адана шаарында 6 айлык клиникалык билим алып жүрөм. Андан кийин Түркиянын расмий дипломун алам.

“Кыргызстанда кадр системасында маселе бар”

– Кыргызстандын кадр даярдоо системасында маселе бар. Мамлекеттик көзөмөл жок. Билим сапаты начар. Шарттарга жооп бербеген кли- никалар толтура. Бул чындыкты жашырсак да баары билет. Биз келечекте ошолорду өзгөртөлү деп чет өлкөдө билим алып, тажрыйба топтоп жүрөбүз. Буюрса үйрөнгөндөрүбүздү Кыргызстанга барып колдонобуз деген ишеничтемин. Кыргызстанга өзүмдү мыкты кадр деп эсептеп калганда барам. Пландарыбыз көп. Мекенге болгон кусалык менен жашап келем.

“Түрктөрдө эт жетишпейт, тооктун этин көп колдонушат”

– Түрк элинин өзгөчөлүгү билим алуу үчүн акчасын, убактысын да аябайт. Бир кесиптин профессионалы болуп чыгууга умтулушат. Албетте, баары эмес, жумушсуздук жана билимсиздик буларда да бар. Бирок мындай көрүнүштү азайтууга катуу киришишкен. Түркияга алгач келгенде тамак-ашына көнө албадым. Мага даамы жоктой сезилет. Кыргыздарда мисалы, мантынын, лагмандын, самсанын даамы бири-бирине окшобойт. Ал эми булардын тамактарынын даамы окшош сезилет. Натуралдык тамак-аштары кымбат. Эт жетишпейт, тооктун этин көп колдонушат.

“Ден соолукка кам көрүү тарбиядан башталат”

– Оорунун алдын алуу ооруп калган соң диагноз коюп, дарылоого караганда жеңил эмеспи. Кантип алдын алабыз? Эрежелер жөнөкөй, ал үчүн өз убагында уктап, туура тамактанганды, эс алганды билиш керек. Жок дегенде жыл сайын өлүмгө себеп болгон оорулардын (жүрөк, өпкө, боор, бөйрөк, ашказан) алдын алып текшерүүлөрдөн өтүп туруу керек. Буга орточо эсеп менен 1500-2500 сомдун тегерегинде акча коротулат.

“Ата-энелер аз акча үчүн уул- кыздарын мигрантка айлантпашы керек”

– Ата-энелер аз акча үчүн уул-кыздарын мигрантка айлантпашы керек. Билим алуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүп туура багыт берүүгө өтөлү. Жаштар ата-энесин, мугалимдерин угуп, замандын талабына жараша кесип тандап, дүйнөлүк тилдерди үйрөнүп, ошону менен катар эне тилди да таштап койбой өстүрсө туура багыт менен кеткен болот.

Асель РАМАНКУЛ кызы, “Кыргыз Туусу