«11 жыл мектепке ат менен барып-келип окугам»

Буга чейин коомдо болуп жаткан жакшы, жаман көрүнүштөрдү, эл көйгөйүн, тарыхты, мамчиновниктердин жемкорлугун журналисттерден айырмаланып төкмө акындар ырга салып кашкайта айтып келишкен. Азыр да кандан, бектен тайманбай көп нерселерди ачык айтып, эл мүңкүрөп турганда кайрат берип, керек жерде карапайым угарман, көрөрмандардын черин жазган керемет айтыш курган төкмө акындарыбыз арбын. Чындап келсе, кыргыз эли буга чейин дүйнөгө улуттук баалуулуктары, каада-салты, маданияты, адабияты, жаратылышынын кооздугу, меймандостугу менен таанылып келген. Ошол улуттук баалуулуктарыбыздын туу чокусунда манасчылык менен төкмөлүк өнөр турат. Андыктан биз кылычтай курч, ташка тамга баскандай таамай айтышкан жаш төкмө акындарыбызды баалай жүрүшүбүз керек. Аны эске алып гезитибизге “ЭлТР” телеканалы уюштурган “Алтын комуз” конкурсунун жеңүүчүсү, республикалык айтыштарда алдыңкы орундарды алып жүргөн төкмө акын Турат ЖУМАЕВ менен кенен маек кылдык.

 – Турат мырза, учурда чыгармачылык жаатында эмне эмгек кылып жатасыз?

– Чыгармачылыкта убакыт, заман менен тең жарышып, ар күнү изденип турбасаң заман жаңырып сен калган, турган жериңде эле калып, унутулуп кетчүдөй экенсиң. Ошол себептен көптөн бери көксөп жүргөн китептер менен алек болуп чыгармачылыктын бөксөсүн, аласын толтуруп жатам.

– Акыркы убактарда негедир сахнадан көп көрүнбөй кеттиңиз?

– Жаш үйлөнүп беш балалуу болдум. Батирлеп жүргөндө батир кожоюнундарынан жүрөктү куйкалап, жүлүндү сыздаткан сөздөрдү угуп жан дүйнөм ооруган күндөр болду. Кымбат батирге чөнтөк туура келбей арзан батир издеп канча убара болдук. Бир жолу батирге сүйлөшүп коюп эртеси көчүп барсак “балдарың көп экен” деп киргизбей койду. Ошондо бир силкинип алдым. Анан жакшы акын болбосом дагы балдарыма жакшы ата болоюнчу деп беш жылдай чыгармачылыктан алыстап үй-жай салдык. Эми “үңкүр да болсо үйүм бар” дегендей болуп чыгармачылыкка кайра аралаша баштадым. Баягыдай уу сөздөрдү укпай, балдарым үйүбүздө эркин ойноп калганда менин да жан дүйнөм тынч алып калды.

– Бир кезде Гүлкайыр Айбаш кызы экөөңүздөр жан дүйнөнү эргите турган кызык айтыш курдуңуздар эле. Төкмө акындардын кимиси менен дагы ушундай айтыш кылсам деп жүрөсүз?

– Агезде биз Искусство институтунун жатаканасында жашачу элек. Гүлкайыр жолдошу Ажыбек Дүйшө уулу менен биздин капталыбыздагы эле бөлмөдө жашашчу. Кошуна болгондон кийин бири-бирибиздин жан дүйнөбүз жакын болуп калды. Ал өзү да сөзгө чечен, тамашакөй, өтө таланттуу кыз. Ошондон улам сиз айтып жаткан жакшы айтыш чыккан. Негизи ар бир төкмө акындын өзгөчөлүгү болот. Андыктан ар бири менен айтышкыкелет. Устатыбыз Элмирбек Иманалиев “Айтыш жакшы болуш үчүн акындын баарын сүйүп туруш керек. Ошондо гана силерден жакшы айтыш чыгат”, – дечү. Аны эске алып акындар бири-бирибизди жакшы көрүп, сүйүп, камыр-жумур болуп жуурулушканга аракет кылып келебиз. Ар бир тамактын же нандын татымалдары, кошулмалары туура кошулуп жасалса ал даамдуу болгондой биз да эле маңыздуу айтыш курсакпы деген максаттабыз.

– Жалаң төкмөлүк менен жан багуу кыйын, үй-бүлөңүздү кайсы киреше булагы менен багып жатасыз?

– Жайкысын айылга барып жер айдап, алма бак айдап чарбачылык жагын акырындап түптөп келе жатам. Бирок, негизги киреше өзүңүздөр билгендей той-топурдан. “Булбулдун үнүнө суктанбаган киши жок, бирок, булбул кантип жан сактайт, эч бир жандын иши жок” дегендей биздин жашообузга кызыккан деле бирөө жок. Башкаларчылапбизнес кыла албагандан кийин тойлордо ырдап, кээде тамадалык кылуу менен жашап жүрөбүз. Жашырганда эмне, азыр кыргыздын тойлору, кыргыз пейили чыгармачыл чөйрөнүн жыртыгын бүтөп, кыйшыгын түзөп жатат. Эгер тойлор болбогондо кыргыз өнөрпоздорунун көбү эбак маркум обончу агабыз Калмурат Рускуловдун кейпин кийип калмакпы ким билет. Эптеп бала-бакыраны баккыдай тыйын тапкан күнү да чыгармачыл адам-ды жан дүйнөнүн алааматы жөн койбойт экен. Замандын оош-кыйышынан уламбы, айтор, баары шайкеш болгон өнөрпоздор деле депрессияга алдырып жиберип жатышат. Кыскасы, азыр маданият өкүлдөрүнө кыйын болуп турат.

– Үй-бүлө демекчи, “Фейсбуктагы” баракчаңыздагы Элмирбек Иманалиевди жоктоо ырыңызда кызыңыз Аруузат тууралуу эскерип кетипсиз…

– 2013-жылы Элмирбек агайдын “Аруузат” ыры өтө популярдуу болуп турганда улуу кызымдын атын Аруузат деп койгонбуз. Тилекке каршы, кызыбыздын башында шишик пайда болуп, бир-эки жыл дарылатып жүрүп чүрпөбүздөн ажырап калдык. Анан кызымдын туулган күнүндө устатым экөөнү эстеп “Жетелеп жүргүн бейиште сен сүйгөн аруу атыңды, мен сүйгөн Аруузатымды” деп жазган элем. Канчалык аракет кылбайлы ал кишиге окшошуш кыйын го. Ошентсе да устатым Элмирбек агайды абдан сүйгөндүктөнбү, ал кишиге ушунчалык окшошкум келчү.Кийин нике кайып болуп Гүлбү деген кызга баш коштум, бирок фамилиясы Иманалиева эмес, албетте. Тун баламдын атын Орозбек коюп, атамдын аты Кутманалы болгондуктан балам Орозбек Кутманалиев болуп калды. Андан кийинки баламдын аты Амантай. Толук аты-жөнү Амантай Кутманалиев. Андан кичүү баламдын аты Акжолтой. Эң кенжебизге эки ай болду. Бул менин замандаш төкмө акындарга, устаттарыма болгон сүйүүм деп билем.

 – Жогоруда айылдагы чарбачылыгыңыз тууралуу айттыңыз. Айылыңыз мага кызык болуп турат?

– Менин айылым Тоң районундагы Четинди деген кичинекей айыл. Бала кезде жыйырмадай эле түтүн эле азыр отуз бештей болуп калды. Жапайы четин көп өскөндүктөн Четинди аталып калыптыр. Бул жер тарыхый инсандар, саяктан чыккан кадимки Букар, Тайкашкалар өскөн жер. Кийин биздин айылдан Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры, белгилүү геолог Бакир Чодобаев чыккан. Айылыбызда мектеп жок болгондуктан 11 жыл Ала-Баш айылындагы мектепке ат менен барып-келип окудум. Эки айылдын ортосу беш чакырымдай болгондуктан жолдо катар улак тартып, ырдап жүрүп чоңойдук. Азыр деле балдаркоңшу айылга ат менен барып окушат.

– Демек, төкмөлүк өнөргө ошонун баары таасир эткен экен да?

– Сөзсүз. Эрлан Салбаров деген байкем бар. Экөөбүз жолдо камчыны комуз кыла коюп айтышып калчубуз. Ошол кезде Элмирбек, Жеңишбек, Аалы агаларыбыз катуу чыгып жатышкан. Аларга таасирленип биз да анча-мынча “төгүп калчу” элек. Кийин ошол Эрлан Салбаров байкебиз “сенден акын чыгат” деп мени жатаканасына алып келип Баян Акматовдун алдында ырдатып көрдү. Ал киши мени Жеңишбек Токтобеков агам менен тааныштырып, кийин “Айтыш” коомдук фондуна бардым. Ошентип Эрлан Салбаров агамдын аркасы менен айтыш, төкмөлүк ааламына аралашып калгам.

– Ата-энеңиз башка кесипти тандабай төкмөлүктү аркалап жүргөнүңүзгө нааразы эмеспи?

– Мен Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Ташууларды жана жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу кафедрасында окучумун. Ошол кезде ата-энеме “Айтыш” коомдук фонду бар экенин кыйытып айтсам “айылдан бара калып эле кайдан акын болмок элең” деп башында анча маани беришкен эмес. Бирок, бир кездерде Калык, Осмонкул бабаларыбыз айтыш боюнча сынак, кароо кылып айыл-айылдан ырчы, чоорчулар чогултуп тандап жүрүшкөндө чоң атам Чотон алардын астынан чыгып учурашып ырдаган экен. Ошондо чоң атамды алар жактырып калышып борборго алып кетерде чоң атамдын апасы буркурап ыйлап, атасынан калган жалгыз эркек балам деп жибербей койгон экен. Ошентип чоң атам айылда калып тракторист, чабан болуп иштептир. Бирок, райондук, облустук сынактарга катышып бир топ байге, сыйлыктарды алыптыр. Азыркыга чейин ал кишини айыл эли ырчы, чоорчу Чотон дешет. Биз барганда дагы жамактап ырдап берип жүрүп 95 жашында көзү өтүп кетти. “ªзүңдөн чыкпаса өзөгүңдөн чыгат” дегендей чоң атамдын улуу таберигин алып калганыма сүйүнөм.

(Уландысы бар__