«…Казактар кыргыздын болгон акындарын «жеңип» алышты»  

 (Башталышы єткєн санда)

– Маркум устатыңыз Элмирбек Иманалиев менен таанышууңуз да кызык болсо керек?

– 2012-жылы 31-мартта Баян байкенин айтуусу менен Совет көчөсүндөгү “Айтыш” коомдук фондусуна бардым. Кирсем ал жерде Амантай Кутманалиев, Назаркул Сейдракманов, Курсан Нурматов, Элмирбек агай, Шекербек Адылов отуруптур. Ошондо Асылбек Маратов, ыраматылык Акжолтой Канат уулу, Кадырбек Бейшенов да бар экен. Менден мурун Кубат Тукешов менен Жылдызбек Төрөканов барыптыр. Анан фонддун жетекчиси Азамат Болгонбаев жаңы бала келиптир деп мени отургандарга тааныштырды. Алар ырдап көрчү дешти. Калтырап-титиреп уйкаштырып ырдап кирдим. Акыркы айта турган күчтүү сөзүмдү таба албай жатып “Алдыңда балаң бар мына, айта албай жатам жандыра, тулпар чыкчу баламын, мени араңарга кошуп алгыла”, – десем Элмирбек агай “аа балада чымын бар экен, келтирип алсак болчудай. Назаркул аба, булл балага бата бериңиз”, – деди. Ошентип ошол күн менин эсимде түбөлүккө кала турган тарыхый күн болуп калды. Андагы көз ирмемдер алигиче көз алдымда. Кийин бул устаттарыбыз бизге кеңештерин берип, кыйшыгыбызды көп түзөштү.

– Күлүк кызыганча чабылбай калса бугу чыкпай калган сыңары акындар деле кыска айтышып калса ачыла албай калса керек?

– Болот. Себеби, айтыштын табиятында каршылашың кандай алп, улуу кептер менен айтышып, тийишип жатса сен дагы ошондой деңгээлде айтышкың келет. Анан каршылашың сени укмуш сөздөр менен байлап, матап, чымчылап, намысыңа тийип, элге айтчусун айтып алганда ага келиштире жооп кылайын деп талпынып турсаң кээде токтотуп коюшат. Бул өтө ыңгайсыз абал чынында. Бокста аябай муш жеп, эми каршылашыңа чабуул коюп келе жатканда токтотуп койгондой болосуң.

– “Айтышта” калыстардан катачылык кетип, акындын назары сынып калган учурлар болобу?

– Калыстыкка негизинен академиктер, жазма акындар, сөз кадырын билген адамдар коюлат. Кээде алардын китеп менен тарбияланып калганы акындарды бир аз чегерип коёт. Себеби, жазма акындар дайыма шурудай тизилген ыр саптарына көнүп калгандыктан акындар менен кичине эсептеше албай калып жатышат. Акын көрөрмандардын калың катмарынын көңүлүн алыш үчүн ар кандай нерсеге барат. Сахнадан дароо эле философияга кирип кетсең айрымдар түшүнбөй да калышы мүмкүн. Ошондуктан акындар элди алыш үчүн бири-биринин өң-түсүн, мүнөзүн айтып ырдашат. Ошол себептен__лиги болуш керек. Эл айтышты көрүп эс алганы келгенден кийин акындар элдин черин жазганга милдеттүү.

– Төкмө акындардын айрымдарын эл динге берилип, фанат болуп кетишти деп айтып жүрүшөт…

– Менин атам ажы. Чоң атам 95ке чыгып каза болду. Ал киши өмүрүнүн аягына чейин үч айылдын молдосу катары нечен жаштардын никелерин кыйып, маркумдардын сөөгүн аруулап жууп, жаназасын окуду. Бул берилгендик эмес. Ал элге чын дилинен ак кызматын кылды. Алардын таасиринен улам арам, адалды ажырата билип ушул кезге чейин ичимдикти оозума албай, тамеки, насвайдытакыр колума кармабадым. Менимче, төкмө акындарды айрым адамдар эле динчил, динчил эмес, теңирчи деп бөлүп алды окшойт. Чынында устаттарым Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Токтобеков, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев бири-биринен ажырагыс, бири-бирин толуктап турган таланттуу инсандар.

– Кийин өзүңүздүн жеке айтыштарыңызды топ-топ бир китеп кылып чыгаруу оюңуз барбы?

– Убагы келсе аны сөзсүз жасайбыз. Себеби, менин устаттарым Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Токтобеков, Амантай Кутманалиев агайлар менен айтышкандарым КТРКнын архивинде жүрөт. Сүйүнгөнүм үч жыл мурун Улуттук илимдер академиясы “Акындар сериясынын” 16 томдугун чыгарып, ага Элмирбек устатым менен болгон айтышым кирип калыптыр. Бул томдуктарга айтылуу Арстанбектен бизге чейинки төкмө акындардын айтыштары кирген.

– Устатыңыздын “Аманат” китебинде жүрөктү титиреткен ырлары бар экен. Көзү тирүүсүндө сиздерге ыр окуп берип калчу беле?

– Ооба, көп окуп калчу. Бирок, ар кандай кырдаал, жагдайга байлап туруп ыңгайы келе калганда авторун айтпай эле көркөмокуп койчу. Чечилгенде бизге ырдап да берчү. Устатыбыздын булл касиеттерине таасирленип кагаз чиймелеп, ыр да жазып жүрөбүз.

– Акынды көп учурда акын кылган анын жубайы болот. Түгөйүңүз кайсыл жактын кызы?

– Жубайым Ак-Талаанын кызы. Экөөбүз студент кезде баш кошконбуз. Кесиби химия, биология сабагы боюнча мугалим. Эки жылдай мектепте иштеп жүрдү. Азыр балдарым менен эле үйдө. Чыгармачылыгымды түшүнүп, колдойт.

– Жакшы төкмө акын болуш үчүн төкмө акындын акыл сандыгында эмне болуш керек?

– Маалымат көп болуш керек. Аны уйкаштыкка салып, көркөмдөп, куйкум сөз аралаштырып элге жеткирүү акындыктын майын чыгарганга барабар. Тарыхтан, географиядан, санжырадан, элдин социалдык турмушунан, адабияттан кабардар болуп турсаң айтышың дагы куймакка каймак куйгандай ширин болот. Бир беткей бир нерсени ырдай берсең айтышың тузу кем тамактай эле супсак чыга берет. Ошондуктан төкмө акынга үч чоң сапат керек экен. Биринчи – акындык тил, экинчи – тилге чыккан нерсени тайманбай элге жеткиргенге баатырдык жүрөк, анан кеменгердин акылы керек. Бул үч сапат жуурулушса акын нагыз чыгаан төкмө акын боло алат. Муну айтканым, өзүбүздүн тар чөйрөдө отурганда арабыздагы айрым акындардан укмуш ойлорду, таң каларлык айтыштарды угабыз, көрөбүз. А эл алдына чыкканда анын бири жок болуп калат. Ошондуктан баатырлык, тайманбастык керек. Ошол эле филармониядан бир жарым миң кишини кол чаптырып коюп өзүн жоготпой ырдоонун өзү баатырлык эмей эмне. Кандан, бектен тартынбай ажонун алдына барып алып элдин көйгөйүн ачык айтып ырдоо баатырлык да. Ошол эле кезде айтып жаткан кебин кагазга ороп, бирөөнүн көңүлүн оорутуп албагыдай жеткизгенге кеменгерлик керек. Ушул үч касиет акындыктын эң негизги сапаттары болушу керек.

– Төкмө акындарда кээде таптакыр айтыша албай калган учурлар болобу?

– Болот. Айтышка чыгарда бирөөдөн жаман сөз угуп калышың мүмкүн. Дем бере турган адамдар “ээ, койчу” деп коюшу ыктымал. Кээде өзүңдөн өзүң кыжаалат болосуң. Ошондой маанай жок учурларда айтыштарга катышпай, баштартып койгон жакшы экен. Эки-үч жолу менде ошондой акыбал болуп айтышка катышуудан баш тарттым. Себеби, андай учурда сахнага чыксаң элдин маанайын бузуп аласың. Кызым чарчап калгандан көп өтпөй өзүмдү алаксытып көрөйүн деп айтышка катыштым. ªзүмдүн бугум ырга чыгып кетип болгон элди ыйлатып алып кайра көрүүчүлөрдүн маанайын көрүп, өзүм кыжаалат болгом. Ошондон кийин маанай жок, көкүрөк сууп турган кезде айтыштарга катышпай калгам.

– Чыгармачыл адам катары кыргыз маданиятынын эмнесине сүйүнүп, эмнесине кайгырасыз?

– Чоңдор кыргыз элин манасчылар, акындар, төкмө акындар, комузчулар сактап турат деп трибуналардан доклад окушат. А иш жүзүнө келгенде өнөр адамдарын ойлогон чиновниктер аз. Чыгармачыл адамдарга туруктуу айлык, иш болсо тамтаңдап тойго барганды токтотмокпуз. Мисалы, ошол эле бүткүл кыргыз эли сыймыктанган залкар төкмө акын, жазма акын, обончу, аткаруучу, манасчы, актер Элмирбек агай чыгармачылык деп жүрүп жыргаган жашоону көргөн жок. Бул киши эмне деген кенч, руханий байлыгыбыз эле. Ушул кишиге мамлекет тиешелүү маяна чегерип, бир жай таап берип кыргыз таланттарын өстүр десе канчалаган таланттардын багы ачылат эле. Жеңишбек Токтобеков эмне деген алп акын. Эч жерде иштебей тойдо ырдап жүрөт. Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаевге шарт түзүлсө укмуш чыгармаларды  жаратышмак. Биздин курактагы төкмө акындардын дээрлик 99 пайызы эч жерде иштебейт, үстүндө үй-жайлары жок. Мисалы, мен үй салам деп беш жылымды сарптап, чыгармачылыктан алыстап кеттим. Орто жолдо тыйындан кыйналып тамада да болдум. Ошентип эле далай маданият өкүлдөрү көр оокатка сүйрөлүп кирип кетип жатышпайбы. Азыр казактар төкмөлүк боюнча тарых жазышып, кыргыздын болгон акындарын жеңип алышты. А бизде болсо чыгармачылык экспедиция деген жок. Мурунку төкмө акындарды айтпайлы, кийинки Тууганбай Абдиев, Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев айтышкан жерлерге ªкмөт экспедиция жиберсе кандай сонун баалуулуктар чыгат эле. Ошол эле Майра Керим кызы апабыздын айтыштарына экспедиция жасалса укмуш нерселер кийинки муунга калмак. Кыргыз маданияты деп эле төш какканыбыз менен маданият сазга батып, мурдунан эле эптеп дем алып турат. Дагы чыгармачылыкты колдогон элге, Садык Шернияз өңдөнгөн бизнесмен агаларыбызга ырахмат. Ал киши сыяктуу мекенчил мекендештерибиз бар үчүн төкмөлүк үзүлбөй, сүзүлбөй келе жатат. Азыр “Айтыш” коомдук эле фонд болбой мамлекеттик фонд болушу керек эле. Бир жерде он күндүк айтыш болуп калып “Акындар” деген тема келип калды. Ошондо мен: “Ыр менен өтүп кечебиз, ыр менен шаңдуу көчөбүз. Журтума ырдайм деп жүрүп, акындар жупуну жүрүп өтөбүз”,- деп ырдасам Элмикем туптуура айттың деп жакшы баа берген. Чын-чынына келгенде төкмө акындар эл бизди угуп, Ютубдан көргөнүнө эле курсант болуп, сүйүнүп жашап жүрөбүз. А жеке жашообузга келсек кыйын эле. Мисалы, мен төрт баламды бала бакчага бере албай жүрөм. Төртөөнү бакчага берсең ай сайын кєп акча чыгат.

– Кыйынчылык демекчи, пандемия убагында жаш төкмө акындар кандай акыбалда болдуңар?

– Пандемиядан кийин чыгармачыл адамдар өтө аянычтуу абалда калышты. Дайыма эл назарында жүргөн, эл менен тыгыз байланышта болгон адамдарга эч ким маани бербей калса ошол кордук экен. Эгер пандемия дагы уланса улут деп күйүп жүргөн өнөр адамдарын кырып алабыз. Оорудан мурун аларды депрессия союп коюшу мүмкүн. Ошондуктан дайын-дареги чыкпай калган таланттарды телевидение, радиолор эфирге чакырып алардын бугун жаза сүйлөтүп алышса ашыкча болмок эмес. Түшүнгөн адамга чыгармачыл адам үчүн бул эң чоң моралдык колдоо. Дагы бир жаңылыштыгыбыз, көп адамдар өнөр ээлеринин теледен кычырап костюм, шым менен чыкканын көрүп алып эле булардын жашоосу бейиштегидей деп ойлошот. Башкасын билбейм, төкмө акындарда экиден эле костюм, шым бар го дейм. Ошондуктан мамлекет жакын арада чыгармачылыкты да колго алышы керек. Антпесе, азыр чыгармачыл чөйрө кыйын акыбалда. Буга мисал, мурда социалдык тармактардан сатира, юморлорду, жакшы чыгармаларды окучубуз. Бир жылдан бери жалаң эле көйгөй болуп калды. Айрыкча, пандемия убагында “Фейсбук” менен “Инстаграммды” ачсаң мүрзө аралагандай эле болуп калбадыбы. Ошол кезде мен чыдабай интернетимди

 Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”