«Жерүйдү» иштетүү аймакты өнүктүрүү үчүн маанилүү

 Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Талас шаарында «Жерүй» кенин иштетүү маселесин иликтөө боюнча элдик комиссиянын кеңешмесине катышты. Анда комиссия ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары сунушталды.

Иш-чарага Талас облусунун 500дөн ашуун жашоочусу катышты. Суроо-жооп форматында өткөн кеңешменин жүрүш үнд ө облустун тургундары «Жерүй» алтын кенинин иштеши, анын ичинде өндүрүш ишинин экологияга тийгизген таасири боюнча маселелерди көтөрдү.Биринчи вице-премьер-министр өз сөзүндө экологиялык коопсуздук маселеси өкмөт үчүн маанилүү экенин жана ал өзгөчө көзөмөлдө турарын билдирди. «6-январда мен фабрикага барып, калдык сактоочу жайдын абалы менен тааныштым. Биз мембрананын абалын жана калдык сактоочу жайдын абалын иликтөө максатында ишканага эл аралык көзкарандысыз компанияны чакыруу тапшырмасын бергенбиз. 20-январда «Sensor Group» компаниясынын адистери келип, аталган маселелерди иликтеп, анча чоң эмес кемчиликтерди аныктаган. Аталган кемчиликтер оңдолгон. Ишкана калдык сактоочу жайга мембрананын кошумча катмарын орнотот. Мен калдык сактоочу жайдын коопсуздугу камсыздалаарын баса белгилейм. Бирок орнотуу үчүн кошумча убакыт талап кылынат», — деди ал. Артем Новиков билдиргендей, келер__ ки жумада компетенттүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү тургундардын, көзкарандысыз эксперттердин жана экологдордун катышуусу менен Мамлекеттик комиссия түзүлөт. «Жарандар тарабынан айтылган ар бир факт текшерилип, зарыл болгон учурда фактылар укук коргоо органдарына берилет. Бир дагы окуя көз жаздымда калбайт», — деди ал. Буга улай биринчи вице-премьер-министр «Жерүй» кенин иштетүү экономиканы жана аймакты өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ экенин кошумчалады. «Ишкананын иштөөсүнө шарт түзүшүбүз керек. Фабрика ишке бериле электе эле алар бюджетке дээрлик 900 миллион сом салык төлөп жатат. Фабрика ишке киргизилсе, бюджетке төлөмдөрдүн көлөмү жылына 4 миллиард сомго чейин жогорулайт. 4 миллиард сом – бул биздин пенсионерлер, мугалимдер, дарыгерлер, милиционерлер ала турган каражат. Талас облусун өнүктүрүү фондуна жылына болжол менен 300 миллион сом түшөт. 1000 жумушчу орун түзүлөт. Келгиле, компанияны иштетүүгө мүмкүндүк берели», — деди Артем Новиков. Талас облусунун тургундары менен жолугушуунун жүрүшүндө ал Президент Садыр Жапаров тарабынан тоо-кен секторун реформалоо жөнүндө жарлыкка кол коюлганын да айтып өттү. Жарлыкка ылайык, ªкмөт 2021-жылдын 1-июлуна дейре Кен кодексинин долбоорун иштеп чыгат. Анда мамлекеттик маанидеги кендерди иштетип жаткан жана андай лицензияга ээ болгон ишканаларды эске албаганда, жалпы мамлекеттик маанидеги кендерди уставдык капиталында мамлекеттин 100% катышуусу бар улуттук тоо-кен компаниясы иштетүүсү каралат. Баалуу металлдарды иштетүү боюнча бардык жаңы долбоорлордо да мамлекеттин үлүшү кайра каралат.