Прокуратура жетимдерге жер алып берди

Ноокат райондук прокуратурасы Төөлөс айыл өкмөтүндө жүргүзгөн текшерүүсүндө, аталган айыл өкмөттүн тургундары болгон К.Б. жана К.А. аттуу жетим балдар турак жай куруу үчүн жер тилкелер менен камсыз болбогондугун аныктагандыгын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 2021-жылдын 30-январында райондук прокуратура Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысына прокурордук акты келтирип, орун алган мыйзам бузууну тез арада четтетүүнү талап кылган. Натыйжада, 2021-жылдын 1-февралында Төөлөс айыл өкмөтүнүн тийиштүү токтомдору кабыл алынып, жогорудагы жетим балдардын ар бирине 0,08 га келечекте турак жай куруу үчүн жер тилкелер бөлүнүп берилди.