Казакстан кыргыз окумуштууларына урмат көрсөттү

Сыйлык – жалкы, сыймык жалпы

Эл аралык Түрк академиясы түркология багытындагы илимий эмгектери менен түрк элдеринин руханиятын байытууга салымын кошуп жүргөн Кыргызстандын бир топ окумуштууларын академиянын медалдары менен сыйлады.

Алтын медаль менен Улуттук «Манас» жана Чыңгыз Айтматов академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев жана КРнын Улуттук илимдер академиясына караштуу Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев сыйланды. Академиянын Томсен атындагы медалы «Манас» жана Ч.Айтматов улуттук академиясынын бєлүм башчысы фольклор таануучу, филология жана тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыповго, академиянын күмүш медалы казактын классикалык акыны Абай Кунанбай уулунун ырларын, насаат сөздөрүн кыргызчалаган КРнын эл артисти, публицист, композитор, акын Түгөлбай Казаковго жана КРнын Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Керимбек Кадыракуновга ыйгарылды. Бул академиялык тандалма чыгармалар жыйнагы Нур-Султан жана Бишкек шаарынын басмаканаларында казак жана кыргыз тилдеринде жарык көргөн.
Сыйлыктарды Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали тапшырды.

Казакстандын калктарынын Ассамблеясынын (ККА) президиуму эл достугун бекемдөөгө ат салышып жүргөн бир топ казакстандык жана чет өлкөлүк инсандарга ассамблеянын Алтын медалын тапшырды.

Алардын ичинде компьютердик лингвистиканын кыргызстандык тунгуч адиси, филология илимдеринин доктору, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин профессору, түрколог, 2014-жылы Түркияда жарык көргөн «Манас: кыргызча-түркчө чоң көрсөткүч сөздүк» аттуу фундаменталдуу эмгектин (китеп жана электрондук нуска) автору Ташполот Садыковго казак-кыргыз карым-катнашын өркүндөтүүгө, эл аралык тынчтык менен ынтымакты сактоого кошкон салымы үчүн ККАнын “Бирлик” алтын медалы ыйгарылды.
Медалдардын күбөлүктөрүнө ККАнын төрагасы, Казакстандын Тунгуч президенти, эл башчы Нурсултан Назарбаев кол койгон

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»