Рита Карасартова президенттикке талапкерлигин көрсөттү

«Конституциялык кеңешме үчүн» кыймылынын аткаруучу директору, жарандык активист Рита Карасартова өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик жарышка аттануу тууралуу арызын жазды.

Ушуну менен Кыргызстанда президенттикке ат салышуу ниетин билдиргендердин саны бешке жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата саясий партиялардан бир жана өзүн-өзү көрсөткөн төрт адамдан арыз түштү. Буга чейин “Ак шумкар” партиясы мурдагы премьер-министр Темир Сариевди көрсөткөн, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы Назарбек Нышанов жана “Аурдин” ишканасынан директору Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен арыз берген.