«Өзүмдү утурумдук ырчы катары көрбөйм»

 Жараткан адамды жарык дүйнөгө алып келген соң ага талантты, ден-соолукту, байлыкты, жетиштүү өмүрдү жада калса күнүмдүк ырыскыны да ыроолойт экен. Болгону айрым адамдар аны туура пайдаланса, көпчүлүк адамдар өзүндөгү дараметти, потенциалды пайдаланмак тургай сезбей, көрбөй жүрүп өмүр өткөрүшөт. Бармактайынан апасынын сөзүнө шерденип, өзүнүн бала кыялын азыркыдай ийгиликтерге чейин өстүрүп, жетилтип, өзүн өзү бүлөп, курчутуп жүрүп кыргыз элине эле эмес, чет өлкөлөрдө да өзүн тааныта алган ырчы, аткаруучу, композитор, режиссёр НУР ЧОЛПОНдун маеги өзүн тааный албай, таба албай жүргөн жаштарга чоң сабак болорунан күмөнүбүз жок. Учурда ырчы беш-алты тилде ырдап, тасмаларга тартылып, жан дүйнөсүндөгү кыялдарын кыл калем менен сүрөткө түшүрүп, музыкалык билимин тереңдетип жаткан учуру. Бул мукам үндүү ырчы, аткаруучу, сүрөтчү кызыбыздын алган сыйлыктары, үзүрлүү эмгеги тууралуу кыргыз эли жакшы кабардар болгондуктан, аларды санап отуруунун кажети жок деп чечтик. Анда кеп кезеги жүзүнөн дайыма нур чачырап, атына заты жарашып турган НУР ЧОЛПОНдо болсун.

 – Нурчолпон айым, бармактай кезиңизден чыгармачылыкка аралашып, акыркы төрт-беш жылда абдан көп ийгиликтерге жеттиңиз. Бул жетишкендиктерге кимдин салымы зор?

– Ушул кезге чейинки ийгиликтеримдин себепчиси, демөөрчүсү бул – менин апам Мейликан Эмилбаева. Учурда ал киши менин продюсерим. Апамдын чыгармачылыгыма болгон моралдык, материалдык колдоосунун аркасында азыркыдай ийгиликтер болду. Анан албетте, өзүмдүн талбас эмгегим да мени ушул деңгээлге жеткирди десем болот. 3-классымда опера ырчыларын кокусунан эле угуп калып негедир толкунданып, аларды абдан жактырып калдым. Анан апама “апа мен чоңойгондо ушинтип ырдай аламбы?” десем “жок кызым, сенин үнүң жок, алардай ырдай албайсың” деп койду. Ал кезде опера тууралуу деле түшүнүгүм жок болчу. Апамдын бул сөзүнө катуу намыстанып кийинки жылдары музыкага көп убакыт бөлө баштадым. Кээде түнкү саат бир-экилерге чейин музыкалык инструментсиз эле же фортепианонун коштоосунда ырдап отура берчүмүн. Көрсө, апам ал сөзү менен менин шагымды сындырбай эле көкүрөгүмдөгү намыс учкунун жандырып, курчутуп коюптур. Кийинчерээк мектептеги ар кандай иш-чараларга, конкурстарга катышып, сыйлыктарды утуп келе баштадым. Мугалимдерим да ошол кездерде апама чалышып менин ийгиликтерим тууралуу айта башташты. Бир күнү апам “кел кызым, бары эле сени мактап жатышат, бир угайынчы” деп калды. Ошондо фортепианонун коштоосунда Жолдубай Кайыповдун “Атам менен энеме” деген ырын аткарып бердим. Ошол мүнөттөрдөн кийин апам менин талантымдын келечектүү, түбөлүктүү экенине биротоло ишенди. Кийин ата-энем мени Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга киргизишти. Ошондон тарта музыка дүйнөсүндө келе жатам.

– Демек сиз бала чагыңыздан эле ырга жакын экенсиз да?

– Ооба, мен алгач беш жыл музыкалык мектепте скрипка боюнча окудум. Андан соң Муратаалы Күрөңкеев окуу жайында опера ырдоо жана музыка таануу боюнча билим алдым. Учурда К.Молдабасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында композиторлук боюнча билим алып жатам.

– 2020-жыл баарыбыз үчүн оңой жыл болгон жок. Ошентсе да билишибизче чыгармачылык жактан сизге жемиштүү жыл болду окшойт?

– Албетте, 2020-жыл бүткүл адамзат үчүн оор жыл болду. Ошону менен бирге эле бул жыл өз кесибин мыкты билген адистерге да өз жемишин берди окшойт. Буга чейин өзүңүздөр билгендей мен жеке Ютуб каналымды иштетип, анны өркүндөтүүгө болгон күч-аракетимди жумшап келе жаткам. Быйыл ошол аракетимдин үзүрү болуп 100 миң катталуучу топтогонум үчүн жана мен жеке автор катары таанылгандыктан Ютуб компаниясы мага күмүш баскычын жиберди. Бул мен үчүн чоң жеңиш жана жоопкерчилик болду. Себеби, кайсы бир Ютуб канал автордук укуктарды бузган болсо, жүз миңден ашык катталуучусу болгон күнү да ага күмүш баскыч берилбейт. Андан көп өтпөй эле президенттик стипендияны алдым. Мунун баары менин билимге болгон умтулуумдан улам болду десем болот. Себеби, кичинемден эле ата-энем, туугандарым адамды ийгилик ээрчиш үчүн биринчи орунда дайыма билим турушу керектигин көкүрөгүмө уютуп коюшкан. “Утурумдук ийгиликке кызыксаң “өтө кызыл бат оңот” дегендей ал эртең эле соолуп, бөксөрөт дешчү”, – алар. А мен Өзүмдү утурумдук ырчы катары көрбөгөндүктөн сапаттуу билим алып, музыка жаатында талбай эмгектенип жүрүп президенттик стипендия алууга жетиштим.

– Азыр кайсыл музыкалык аспаптарда ойнойсуз? Дагы кандай музыкалык аспаптарга кызыгып жүрөсүз?

– Жогоруда айткандай алгач скрипкада ойноону өздөштүрүп жатканымда кошумча фортепианону үйрөтүшкөн. Себеби ар бир музыкант алгач фортепианодо ойноону ¿йрºн¿ш керек. Кийин кыргыз болгондон кийин деп комузду үйрөндүм. Кезинде барабанда да ойноп жүргөм. А негизги чыгармаларымдын көбү гитара менен аткарылган. Менин атымды да гитара чыгарды. Элге белгилүү ырларымдын көбүн гитара менен ырдагам. Ошол эле  “Жазгы махабатты”, түрк элинин “Эшиктеги шамал” ырын гитара менен ырдагам. Анан 2020-жылы мага ийгилик алып келген улуттук жетиген аспабыбыз болду. Карантинде бекер отурбастан жетигендин коштоосунда Элмирбек Иманалиевдин “Булбулум” чыгармасын аткарып, ал дагы бир топ күйөрмандарымдын жүрөгүнөн түнөк тапты.

– Чынында Э.Иманалиевдин “Булбулум” чыгармасын жетигендин коштоосунда эң сонун аткаргансыз. Ал киши менен мурда-кийин кезиккенсизби?

– Азыр муну айтыштан уялып турам. Ал инсан менен бир да жолу жолуккан эмесмин. Чынын айтсам, Элмирбек Иманалиев ким, кандай акын экенин анын көзү өтүп кеткенден кийин гана интернеттеги, теледеги маалыматтардан улам билдим. Менимче, өз убагында кыргыздын маданиятын көтөрө турган адамдарды жеткиликтүү пропагандалап турсак мындай көрүнүштөр болмок эмес. Балким учурунда мындай таланттар туура бааланса эмгегинин үзүрүн көрүп көбүрөөк да жашамактыр. Ошондуктан бул инсанды жакшы тааныбагандыгыбыз биринчиден, өзүбүздүн изилденбегендигибизден болуп калды окшойт. Экинчиден, биздин медиатармактардын, коомчулуктун жаштарга керектүү маалыматтарды өз убагында, туура жеткирбей жаткандыгынан дагы десек болот.

– 2019-жылы Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин “Агындыларын” белекке алдыңыз эле. Кыргыз адабиятын кызыгып окуйсузбу?

– Адам китепти тандагандай эле китеп дагы адамды тандайт экен. Мен ошол жылы окуганга даяр болбогондуктан, Шайлообек агайдын “Агындыларын” окуй алган жокмун. Качан мен даяр болгондо гана ал китептер мага сырын ачып 2020-жылы үч китепти окуп чыктым. Шаарда өсүп чоңойгондуктан биз орус тили менен кыргыз тилинин ортосундагы чоркок тил менен сүйлөп калыптырбыз. Эгерде Кыргызстанда мыкты карьера түзөм десең кыргыз тилин мыкты билишиң керек. Ошол принципке таянып мен өзүмө кыргыз адабиятын окушум керек деген максат койдум. Ал максатты ишке ашырууну Шайлообек Дүйшеевдин “Агындыларынан” баштадым. Агай биринчи томдугунда балалыгы тууралуу жазса, экинчи томдугунда иштеген учурун, ошол кездеги саясатты, белгилүү адамдарды жазса, үчүнчү томдугунда “Агындылардын” кульминациясын көрдүм. Турмушунда эмнени көрсө ошонун маңызын, топтомун үчүнчү китебинде чагылдырыптыр. Булардан абдан катуу таасир алып мындай чыгармадан мен эле ырахаттана бербей башкаларга да бөлүшүш керек экен деген ойго келдим. Себеби, биз орус адабиятын, дүйнөлүк адабиятты окуй берип кыргыз адабиятына маани бербей калыптырбыз. Азыр кыргыз адабиятын жаштарга жайылтуу максатында кыргыз повесть, романдарына өзүмдүн рецензияларымды жазып, инстаграммдан чыгарайын деп жатам. Жаштарга, улууларга да ынанымдуу болуш үчүн рецензияларга тамашаларды, маңыздуу цитаталарды кошсом деген оюм бар. Буюрса биринчи рецензиямды Шайлообек Дүйшеев агайдын “Агындыларына” жазып, инстаграмм баракчама жайгаштырам.

– Видеороликтериңиз, клиптериңиз башка авторлордукунан өзгөчөлөнүп турат. Сценарийлерин бирөөлөр сунуштайбы же өзүңүз иштеп чыгасызбы?

– Орустар “сам себе режиссёр” дешет го, мен да ошондой адамдардын катарына кирсем керек. Көп авторлор ырды аранжировкалатып жатканда тексти менен обонун эле берип коюшат. А мен алгач ырдоочу ырымды кайсы бир музыкалык аспапта өзүм ойнойм. Андан соң үнүмдү жаздырып, өзүм ойногон музыканын үстүнөн бастырам. Кийинки кезде замандын тенденциясынан артта калбайын деп ырларымды аранжировкага бере баштадым. Клиптерге келсек, кимдир бирөөнүн ыры менин ички дүйнөмдө кандайдыр бир образды жаратса гана ошол образды өзүмдүн клибимде чагылдырганга аракет кылам. Албетте, алардын баарында эле өзүм режиссёр болбойм. Кээде режиссёрдун же оператордун мага сунуштаган идеясы жагып калса аларды да колдонобуз.

(Уландысы бар)