Жеңилдетилген кредиттер берилет  

Премьер-министр Улукбек Марипов жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү боюнча селектордук кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы быйыл жаз мөөнөтүнөн эрте келгендиктен айрым облустарда жазгы-талаа иштери башталганын белгиледи.

«Жазгы-талаа жумуштарында айыл-чарба техникасы жана аны оңдоо маселесин чечип, дизелдик майга баанын өсүшүнө жол бербөө менен фермерлерди күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздап, ирригациялык жана гидротехникалык жайларды даярдоо зарыл. Суу жетиштүү болгондуктан сугат суу маселеси жаралбашы керек. Элди күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоодо Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен активдүү өз-ара аракеттенүү зарыл», — деди Улукбек Марипов. Премьер-министр келечекте айыл чарба өсүмдүктөрүнүн белгилүү түрү гана өндүрүлүп, аны сатууда көйгөйлөр жаралбашы үчүн фермерлерге так маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Айыл чарбасында алдыңкы технологияларды активдүү ишке киргизүү маанилүү. Кеп тамчылатып сугаруу, күнөсканалар, жаңы жабдууларды сатып алуу, сугат суу көйгөйлөрүн чечүү, иштетилбей жаткан аянттарды ишке киргизүү тууралуу жүрүп жатат. Былтыр республика боюнча 56,6 миң га. жер иштетилбей калган. Быйылкы жылы биз ал көрсөткүчтү 7 миң гектарга кыскартууга ниеттенип жатабыз», — деп белгиледи Улукбек Марипов. Анын билдиришинче, жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү алкагында Өкмөт айыл чарба техникаларын сатып алууга 540,1 млн. сом бөлүү чечими кабыл алынган. Ал эми 2021-жылдын 15-февралынан тарта «Айыл-чарбасын каржылоо-9» долбоору боюнча дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген кредит берүү башталат. Ошондой эле алар үчүн үрөн өндүрүүчү чарбалардан рынок баасынан 30%га төмөн баада сертификацияланган үрөндү сатып алуу механизми жөнөкөйлөштүрүлгөн. Улукбек Марипов район акимдеринин ишине талаптар күчөтүлө тургандыгын жана ар бир район боюнча талдоо жүргүзүлүп, алардын ишине баа берилерин баса белгиледи.

«Эч ким кабинетинде отура бербеши керек. Акимдер фермерлер менен иш алып барып, рынокто суроо-талап жараткан айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү максатка ылайык экендиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү тийиш.

Бардык жоопкерчиликти Айыл, суу чарбасы жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине түртүп салууга болбойт. Жалпыбыздын милдетибиз бирдиктүү – элибизге кызмат кылуу. Мен жазгы-талаа жумуштарына даярдыктын жүрүшү менен жеринде таанышуу үчүн аймактарга эскертүүсүз барып, фермерлер менен жолугушуп, алардын көйгөйү жана жергиликтүү бийлик органдары тараптан аларга көрсөтүлүп жаткан көмөгү тууралуу билейин деп жатам», — деп маалымдады Премьер-министр. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчы Президенттин «Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткарууда Өкмөт кластердик ассоциациялар менен кызматташтык механизмин жайгаруусу, ар бир облуста айыл чарба продукциясы үчүн логистикалык борборлорду түзүүсү, айыл чарбасына санариптик технологияларды киргизүүсү, мал чарбачылыгы продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуусу зарыл экендигине басым жасады.