Чек ара боюнча айтылган сөздөр негизсиз

Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагындагы айрым жер тилкелери коңшу өлкөгө өтүп кеткени жөнүндө айтылып  жаткан сөздөр негизсиз. Бул тууралуу кечээ Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди. “Көп жарандарыбыз кээде такталбаган маалыматтын негизинде «жерибиз өтүп кетти» деген доомат коюп жатат. Маалыматты так алып, анан айтсаңыздар. Бизде тийиштүү карталар, картографиялык материалдар бар. Ошол эле материалдар кошуналарда да бар. Ошолор менен биз такташып, макулдашып, кээ бир маалыматтарды Москванын архивдеринен таап келип, кошуналар менен далилдеп, чек араны чечип жатабыз”, — деди ал.