Кымбатчылык көйгөйү

Соңку 4-11-февралдын аралыгында, Бишкектин базарларында кумшекердин орточо чекене баасы 58-60 сомду түзүп, 10 сомго кымбаттады. Ал эми өсүмдүк майынын орточо чекене баасы 125-150 сомго чыгып, 5-10 сомго көтөрүлдү.

3-10-февралдын аралыгында кымбаттаган азык-түлүктөрдүн арасында нан да бар. “Нан болсо ыр да болот” деп ыраматылык Л.Брежнев айтмакчы, акыркы жылдары ундун жана дан азыктарынын баасы туруктуу сакталып келатты эле. Былтыр пандемиянын башталышындагы азык-түлүктөргө болгон ажиотаждан улам, ун жана дан азыктары кымбаттап, дароо 50%га секирик жасаган. Мурда ундун килосу 22-23 сом болсо, азыр 32-34 сом. Кымбат да болсо, дүкөндө бар, пайгамбар барына ыраазы дегендей, эл ошого да шүгүр кылышууда.

Кымбаттабагандан бул аралыкта күрүчтүн баасында өзгөрүү байкалган жок, орточо баа 65-75 сомдун тегерегинде калууда. Бирок, узун кулактар аны да кымбаттайт деп калайык-калктын кулагын ушалап жатышат.

Акыркы жарым жылда пенсионерлер менен мугалимдер эт жебей калганын эстетип кереги жоктур. Анын өзү вегетариандык жашоо образына өткөнү үчүн деле эмес, эт кымбат.

Карапайым эл мына ушундай көртирликтин көйгөйү менен алек. А Улуттук статистикалык комитет деген оптимист мекеменин маалыматтарына таянсак, кадыресе канат байлап, жашара түшөсүң, жашагың келет. Жакында эле аталган маммекеме 2020-жылдын январь-ноябрында кызматкердин бир айлык орточо айлыгы 17 миң 956 сомду түзүп, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,3%га жогорулады, ал эми керектөө бааларынын индексинин эсеби менен алганда, 2,2%ды түзөт деп билдирди. Статкомдун айтымында, бир айлык чегерилген айлык акы экономикалык ишмердиктин бардык түрлөрү менен шугулданган бардык ишкана менен мекемелерде байкалыптыр. Айлык акы аябай көбөйгөн тармак билим берүү системасы экен, мугалимдердин айлыгы 20,6%га көбөйүптүр. Мугалимдерден кийин эле административдик жана жардамчы ишмердик турат экен, алардын айлыгы 20,3%га өскөн имиш.

Бали, статмаалымат болбосоң кое кал.

Бизде оптимисттик маанайы жагынан Улуттук статкомдон ашса ашкан, асты кем калышпаган дагы бир мекеме бар. Ал Монополияга каршы агенттиги. Аталган мекеме: “Көмүрдүн кымбаттаганы сезондук мүнөзгө ээ. Керектөөчүлөр тараптан суроо талап көп болгондуктан, кышында баа кымбаттап кетет. Анүстүнө өлкөнүн айрым аймактарында көмүр казылып алынбагандыктан, ал тарапка ортомчулар, импорттоочулар аркылуу барат. Ошол себептүү ташып жеткирүүнүн баасы кошулат. Андан улам көмүр казылган аймак менен көмүр ташылып апкелинген аймактагы баанын ортосунда айырма келип чыгат» деп элди сооротуп түшүндүрмө берип жатпайбы. Көмүрдүн кышында эмне үчүн кымбаттап кетери алар айтпаса да түшүнүктүү. Монополияга каршы агенттик аны кымбаттатпоо чараларын сунуштаса туура болмок.

Айта берсе арман көп дегендей, көйгөй көбөйдү. Азык-түлүктүн баалары күн санап өсүп, баалар кымбаттап жаткандай, коррупционерлердин жаңы мууну да жаандан кийинки козу карындай жабалактап көбөйүүдө. Коррупцияга каршы күрөш күчөп, катуулаган сайын, коррупция жашарып, КР Кылмыш-Жаза кодексинин бул беренеси менен кармалгандан коркпогондордун катары арбып баратат.

Өткөн аптада «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы “У.Э.А” алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деген коркутуу менен, эмгек акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүнү талап кылып, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда кармалды. Айтымда ал алтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап кылууну жана акча каражатын алууну системалуу көрүнүшкө айландырган. «У.Э.А.» КР Жазыкпроцесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Отуз үч жаштагы жапжаш жигит экен. Жаштар көчөгө чыкса эле, кары-картаңдар кетсин, жаштар келсин деп кызыл өңгөчү айрылганча бакырышат. Эгер кызматка келчү жаштардын баары тиги жигиттей болсо, жыргаган экенбиз. Иштегенине деле көп болбоптур.

Сыртта жаздын карааны менен кошо кымбатчылыктын карааны калдайып, элди кокодон алып жатканда, жаш жигиттер эл баккандын ордуна коррупция менен шугулданып жатканы маанайды түшүрөт. Жаз келсе да, кымбатчылык, коррупция элден оолак болсо жакшы болот эле.