Улан Эгизбаев атындагы кайрымдуулук фонду ачылды  

12-февраль күнү маркум чыгаан журналист Улан Эгизбаевдин туулган күнүнө карата Улан Эгизбаев атындагы “Жүрөгүўдү жумшарт” кайрымдуулук фондунун ачылыш аземи болуп өттү.

Фонддун максаты: жыл сайын мектеп босогосун аттабай калып жаткан жүздөгөн балдардын билим алуусуна түрткү болуу. Окуучу өзүнүн гана эмес бүтүндөй бир үй-бүлөнүн муктаждыгын чече турган деўгээлге жетишине жардам берүү. Ошондой эле ЖРТдан жакшы жыйынтык алып, ошол эле учурда материалдык абалынан улам жогорку окуу жайга өтө албай жатса – бүтүрүүчүнүн татыктуу билим алуусуна бардык шарттарды түзүп берүү. Мындан тышкары, каржылык муктаждыгы бар, ошол эле маалда билим алууга каалоосу күч балдар-кыздарды акысыз атайын даярдык курстарынан өткөрүп, келечекте туруктуу жумуш менен камсыз болгон, кесипкөй адис болуп калыптануусуна көпүрө болуу.

 Фонддун негиздөөчүсү Каниет ЖЫРГАЛБЕКОВ:

 Мен негиздөөчүмүн, учурда фонддун директору жок. Фондго директор боло алам деген жүрөгүндөжалы бар, чын дилимден таза иштеп берем деген жигиттер же айымдар болобу келсе директорлук орун бош. Менин максатым директор болуш эмес. Уландын аты бийик көтөрүлүп, анын арбагына сооп тийип калса мага ошо жетет.

 Улан Эгизбаевдин апасы Жыпаркүл САРИЕВА:

Уланды кой десек болчу эмес, чындыктын түбүнө эч ким жеткен эмес десем, жок апа, чындыкты мен айтпасам ким айтат дечү. Улан кеткенден бери ырчылар ырын айтып, обончулар обон созуп, сүрөтчүлөр сүрөтүн тартып колунан келген бардык жакшылыктарын Улан үчүн жасап жаткандыгы, Уландын эллине таштап кеткен эмгегинин үзүрү деп ойлойм. Фонддун уюштуруучуларына үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдирем. Кайрымдуулук фонд дегендин артында көп нерсе бар экендигин жүрөгүм менен сезип, туюп жатам. Фондго түшкөн акча таза адамдын колунан келип түшсө экен. Кенедей окуучуну мектепке тарбиялап, каражаты жетпей жаткан студентке жардам көрсөтөбүз дегени фонддун максаты, деўгээлинин бийиктиги. Баштап жаткан ишиўер ийгиликтүү болсун. Эч качан мүдүрүлбөгүлө.

 Сапаргүл АБДИНАБИЕВА жубайы:

Мен, Уландын журналистикадан тышкары кайрымдуу адам экенин сөз кылгым келет. Уланды мыкты журналист эле эмес, жүрөгү кенен, күйүмдүү, жароокер, кайрымдуу адам экенин дагы баса белгиледи “Экинчи жашоо” деген тасмасы бар. Анда көзү азиз Назгүл жөнүндө тартылган. Улан каармандарды атайын издечү эмес, адамдарды көзүнө карап билип, сүйлөшүп жатып эле таап алчу. Бул фонд Уландын максаттарын, жолун улаган фонд болсун.

***

Уланбек Эгизбаевдин ишин улантуу максатында түзүлгөн “Журналисттик иликтөөлөр” фонду коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иштеп жатат. Уюм негиздеген «Уланбек Эгизбаев атындагы» сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү – 12-февралда мыкты иликтөөчү журналистке ыйгарылып келет. Быйылкы жылдагы 1-орун “Телевизиондук Академия” коомунун астында Адил Турдукулов, Булат Сатаркулов, Александр Тропейко биргелешип даярдаган “Парки коррупционного периода” (“Коррупцияга малынган Бишкектин гүлбактары”) аттуу иликтөөсүнө ыйгарылды. 2-орун “Клооп” басылмасы даярдаган “Кольца коррупции” (“Коррупция айлампасы”) иликтөөсүнө тийди. 3-орун журналисттер Болот Темиров жана Али Токтакунов биргелешип даярдаган “Райымбек Матраимовдун бажыдагы сансыз туугандары” аттуу иликтөөсүнө берилди. Мындан тышкары атайын сыйлыктар «Т-Медиа Групп» жана «ПолитКлиника» басылмасына ыйгарылды.