Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова көз жумду

Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова 82 жаш курагында оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу Кинематография департаменти кабарлады. Сейдакматова 16-февраль түнкү саат үчтө көз жумган. Кыргыз кино жана театр өнөрүнө эбегейсиз зор салым кошкон Жамал Сейдакматова 1939-жылы Ысык-Көлдүн Темировка айылында туулган. Кыргыз ССРнин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматовага экинчи даражадагы «Манас» ордени ыйгарылган. Актриса эгемендик жылдары алгачкылардан болуп көз карандысыз «Туңгуч» театрын негиздеген. «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы», «Ак илбирстин тукуму» жана башка бир катар тасмаларда, спектаклдерде ролдорду жараткан.