«Жан дүйнө канчалык таза болсо үн дагы ошончолук тунук болот»

– Жаш өткөн сайын үн өзгөрүлөт эмеспи. Үнүңүзгө кантип кам көрүп, кантип тарбиялайсыз?

– Физикалык жактан алганда айрым зыяндуу нерселерди жебей коюу элементардык эле нерселер. Мисалы, газдуу сууларды аз ичүү, чемичке чакпоо дегендей. Аларды карманам, бирок диета жактан өтө катуу деле чектөө жок. Менимче, үндүн таза болушу ички жан дүйнөнүн тазалыгынан го деп ойлойм. Эгерде адамдын ички дүйнөсү канчалык таза болсо анын үнү дагы ошончолук ту-нук, таза, бийик болот. Жашы өтүп калганда үнү бузулуп, кырылдай баштаган ырчыларды көрүп мен бул карылыктан улам го деп ойлогом. Бирок, М.Күрөңкеев атындагы окуу жайдагы менин мугалимим, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, опера ырчысы Ниязбаева Гүлнур Мукамбетовнанын үнүн укканда бул оюмдан кайттым. Ал киши бир топ жашка чыгып калса дагы анын үнү жаш кыздыкындай таптаза, туптунук. Ал эжейди угуп отурсаң жаш опера ырчысы ырдап жаткандай эле сезилет. Байкасам бул эжей эч ким менен урушуп, чырдашпаптыр, ушак, жаман сөз да айтпайт экен. Анан адам тынч ­өмүр сүрүп, жан дүйнөсүн таза кармаса үнү деле жаш кезиндегидей сакталып калат турбайбы деген ойго келдим. Ошондуктан азыр мен мүмкүн болушунча жан дүйнөмдү таза кармаганга, эч ким менен жаман айтышпаганга аракет кылам.

– Ютуб каналыңыздагы ийгиликтери¢изди көрүп отуруп жапжаш кыз чыгармачылык энергияны, эргүүнү кайдан, кантип алат болду экен деген ойго келдим?

– Ааламдан (күлүп). Ар бир адамдын максаты, ийгилиги кандай болсо Жараткан ошого жараша энергияны да, өмүрдү да берет экен. Болгону биз ошону тура пайдаланышыбыз керек тура. Мисалы, мен өзүмдү жалкоо адаммын деп эсептейм. Себеби, кээде ушунчалык курсагым ачса дагы тамак жасагандан эринип жата берем. Бирок, өзүмдүн чыгармачылыгымды ушунчалык сүйгөндүктөн туулган күнүмдү да унутуп ыр жаздырып, клип тарттырып жүрө берем. Эң негизгиси адам өзүнүн бул жашоодогу ордун, өзүнүн максатын таап алса энергия өзүнөн өзү пайда боло берет экен. Анан албетте, чарчап калган учурларда жаратылыш койнунда эс алып дем-күч топтоп алам.

– Эргүү демекчи, сиздин сүрөт тартарыңызды да билебиз. Учурда бул жаатында да эмгектенип жатасызбы?

– Эмнегедир карантин убагында менин ички жан дүйнөмдө бир топ ачылыштар болду. Буга пандемия учурунда төрт дубалдын ортосунда камалып калып, өзүбүз менен өзүбүз сүйлөшүп баштаганыбыз себепчи болду окшойт. Ошол кезде “мен туура жолдо бара жатамбы, мындан ары эмне кылышым керек?” – деген суроолорго жооп издеп, учурунда жакшы ачыла албай же токтоп калган өнөрлөрүмдү сууруп чыктым. Мен Ош шаарындагы Гапар Айтиев атындагы сүрөт мектебинде 8-класс окугандыктан көбүнчө май боёк менен сүрөт тартам. Карантин убагында көп сүрөт тарттым. Беш жыл мурун баштап коюп калып калган бир сүрөттү толук бүтүрдүм. Аны буюрса “Инстаграмм” баракчама коём. Андан кийин сүрөт жаа__тындагы менин “Айтентек” деген каарманымды тарттым. Ал аты айтып тургандай кичинекей, тентек кыз. Мен өзүм тентек кызмын. Ошондуктан ал кыз менин жан дүйнөмдүн бир образы десем болот.

– “Дарак ыры” тарыхый кинодастанында башкы ролдогу кыздын ырын ырдап, эпизоддорго да катыштыңыз. Андан кийин сизди киного тартуу сунуштары болдубу? Ооба, дал ошол “Дарак-ыры” мюзиклинде менин кинодогу тушоом кесилди. Бул тасмадан кийин көптөгөн сунуштар түшүп “Чолпон” деген кыска метраждуу тасмада башкы ролду аткардым. Ошол фильмдин үзүндүлөрү “Кош махабат” клибимде чагылдырылган. Андан кийин да бир нече ролдорду аткарууга чакырышты. Бирок, алар менин образыма туура келбей, ал образда өзүмдү элге көрсөткүм келбегендиктен сунуштардан баш тарттым. Акыркы ролум Асамидин Мухиттиновдун өспүрүм балдарга арналган “Эрен” аттуу тасмасындагы башкы роль болду. Карантин убагында суицидге барган балдар көп болгонуна кабатырланган Асамидин агай белгилүү куудул Ракман Разыков экөө биригип сценарий жазышып, ушул тасманы тартышты. Буюрса ал кино жакын арада көрүүчүлөр сынына коюлат болуш керек. Негизи мен өзүмдү ырчы катары эле көрбөйм. Ичимде толгон-токой эмоциялар, мүмкүнчүлүктөр, чымындар бар экенин билем. Бир берилген өмүрдө ошонун баарын реализациялагым келет. Киного тартылганда дагы өзүмө туура келген ролдордун образында жан дүйнөмдөгү эмоцияларымды чагылдырып берсем дейм. Муну Айбек Дайырбеков, Асамидин Мухиттинов агайлар байкап мени олуттуу ролдорго чакырышты.

– Клиптериңиздеги кийимдериңиз да өзгөчө көрүнүп, сизге жарашып турат. Аларды кайсыл жактан тиктиресиз?

– Костюмдарды апам экөөбүз костюм тигүүчүлөр менен кеңешип туруп тиктиребиз. Мен негизи жашоодо минимализмди жактырам. Кийимдеримде да өтө эле ашыкча деталдардын, кооздуктардын болушун каалай бербейм. Бирок, сахнанын жазылбаган мыйзамы үчүн, сахнада жакшынакай көрүнүш үчүн анча-мынча шөкөттөөнү колдонсо болот. Ошентсе да клиптеримде, сахнадагы кийимдеримде, жүзүмдү сулуулоодо минимализмге көп ыктайм.

– Башкача айтканда жөнөкөйлүктү жактырасыз?

– Ооба, минимализмди жөнөкөйлүк деп да түшүнсөк болот. Интернеттен мен Махатма Ганди, Ошо Радниж сыяктуу дүйнөлүк Садгуру деген аалымдын айткандарын угуп калам. Ошол инсан балага “эч ким сенден төмөн эмес, эч ким сенден бийик эмес” деп тарбия бериш керек деген экен. Мына ушуну ар бир бала көкүрөгүнө сиңирип алса бардык адамдарды бирдей көрүп, бирөөдөн өйдө болууну, бирөөдөн төмөн болуп калууну да ойлобой калат деген ойду айтыптыр. Муну мен абдан туура кабыл алдым. Мурунку өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин учурунан баштап президенттик резиденцияларга бир нече жолу чакырып ырдатышканда менде толкундануу сезими деле болгон жок. Резиденцияда да кайсы бир чакан угармандарымдын алдында тургандай ырдадым. Демек, мени ата-энем ушундай жөнөкөй, бардыгына тең караган адам катары тарбиялаган. Муну жөнөкөйлүк мыйзамы деп түшүнөм.

– Карылар, балдар үйлөрүндө мастер класс өткөрүп, бекер концерттерди уюштуруп жүрөсүз. Ал жактардан кайтканда жан дүйнөңүз жараланса керек?

– Чынын айтсам, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды деле ашыкча аяй бербеш керек экен. Баарыбызга Кудай тараптан сыноолор берилгендиктен балким Жараткан аларга ошондой сыноо бергендир. Албетте, колдон келсе байыган учурду күтпөй эле майыптарга колдон келишинче жардам берип турган оң. Студент болуп, колуңдан эч жардам келбей жатса балдар үйүнө барып жок дегенде өз кесибиң тууралуу кызыктуу айтып берсең бул да аларга чоң стимул. Ушул идеяны бекем тутуп мен өз кесибин мыкты окуп жаткан дилгир жаштарды, Улуттук консерваториядагы музыканттарды бириктирип алар менен балдар, карылар жана майыптар үйлөрүнө барып жүрөбүз. Ал жерден студенттер өз кесиби тууралуу айтып беришсе, биз концерт коюп, мастер класстарды өткөрүп келебиз. Эсимде, биринчи жолу биз балдар үйүнө тамак-аш, кийим-кече алып бардык. Ошондо балдар үйүнүн директору “тамак-аш, кийим-кече убактылуу нерсе, андан көрө силер балдардын жан дүйнөсүнө азык алып келгиле. Балким, ошол азык аркылуу кийин балдар өз жолун туура таап кетет” деген эле. Ошол сөз мага катуу таасир этип балдар менен бирге ойноп, баарлашып, аларга материалдык эмес моралдык жардам көрсөтүү жагына басым жасай баштадым. Кийин ошол балдардын батасы тийдиби, айтор мен балдар үйлөрүнө бара баштагандан тарта чыгармачылык жаатында көп ийгиликтерге жетиштим. Азыр деле мага ошол балдардын, ата-апалардын баталарынын жардамы тийип жатса керек деп ойлойм.

– Буга чейин 50дөн ашык видеоролик, клип тарттырыпсыз. Ага каражатты кайдан табасыздар?

– Булардын баары Ютубга чыккан. Бирок, баары эле өтө масштабдуу эмес, көбү минимализм стилинде тартылган клиптер. Мага биринчи орунда үн менен музыка турат. Эгер ырды жакшы, ийине жеткире ырдасаң угармандар анын клибине карабай эле сүйүп угушат. Жакшы угарман ырчынын жагымдуу үнүнө, музыкасына карап тандагандыктан клип, кооз костюм экинчи, үчүнчү планда калып калат. Албетте, алгачкы клиптериме кеткен чыгымдарды апам-продюсерим көтөргөн. Кийин Ютуб каналыман, концерттерден киреше таап, ишке орношуп маяна ала баштагандан тарта чыгармачылыкка кеткен чыгымдарды өзүм жаба баштадым. Бул жагынан алганда чыгармачылыгыма чыйыр салган апама ыраазымын. Азыр мен чыгармачылык жактан, финансылык жактан кимдир бирөөгө көз каранды эмесмин. Улуу муундагы эже-агайлар “бир кезде биз радио, телеканалдардын, режиссёрлордун артынан чуркап жүрүп чыгармачылыгыбызды жайылтчу элек. XXI кылымдын жаштары силерде азыр чоң мүмкүнчүлүк, эркиндик бар. Алыскы бир айылда туруп деле дүйнө жүзүнө чыгармаларыңарды жайылтып, бутка туруп кетсеңер болот”, – деп калышат. Бизде ошондой мүмкүнчүлүк, эркиндик бар экенине абдан сүйүнөм.

– Атайын музыкалык ансамбль түздүңүз эле. Командада азыр кимдер эмгектенет?

– Ансамблди биз карантинге чейин эле уюштуруп, иштеп баштаган элек. Анан Шайлообек Дүйшеев агай айткандай “каран түн” келгенде бир топ ишибиз токтоп калды. Ансамбль менен мен түрк альбомун жаздырып баштаган болчумун. Биринчи жазылган азербайжан ыры Ютубга да чыгып калган эле. Ансамблде Улуттук консерваториядагы жакшы санаалаш студенттер, менин курсташтарым эмгектенишет. Чынында ал өз ыктыярыбыз менен эле артыбызда кандайдыр бир эмгек калтырып, бир жактуу иштөө максатында түзүлдү. Бул иш азырынча толук аягына чыга элек. Андыктан ансамбль тууралуу келечекте дагы сүйлөшөрбүз.

(Уландысы бар)