Клара Сооронкулова, Аймен Касенов жана Элдар Абакиров бирикти

«Реформа», «Адилеттүү Кыргызстан» жана «Асман Ала-Тоо» партиясынын лидерлери — Клара Сооронкулова, Аймен Касенов и Элдар Абакиров биригишти. Бул тууралуу алар бүгүн жарыялашты.

Саясатчылар 11-апрелде өтө турган жергиликтүү шайлоолорго чогуу барышмакчы.

Белгилей кетсек, үчөө тең 10-январда өткөн президенттик шайлоого катышышкан. Анын жыйынтыгында Клара Соорокулова 1 пайыз, Аймен Касенов 0,91 пайыз, Элдар Абакиров −0,50 пайыз добуш алышты.

11-апрелде 448 жергиликтүү кеңешке, Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине шайлоо өтөт.