Кыргыз орус алакасы уланууда

24-февралда президент Садыр Жапаров Москвада Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолукту. Жапаров алгачкы иш сапары Москвадан башталып жатканына кубанычта экенин билдирип, Путинди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Жапаровду эки вице-премьер-министр баш болгон жоон топ делегация коштоп жүрөт. Анын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков болуп баш-аягы сегиз министр бар.

Андан тышкары Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмамбет Шыкмаматов, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов да Москвага барды.

Сапардын алкагында Кыргызстанга берилчү вакцина, гранттык жардам жана жеңилдетилген 100 млн. доллар насыяны алуу, газ, темир жол жана учак каттамдары боюнча сүйлөшүүлөр болору кабарланган.