Президент Алмазбек Атамбаев Пакистан элине көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Пакистандын Пенджаб провинциясындагы өрттөн кишилер каза тапкан кырсыктуу окуяга байланыштуу Пакистан президенти Мамнуну Хуссейнге көңүл айтуу катын жөнөттү.

Анда мамлекет башчысы кырсыктан каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жабыр тапкандардын тезирээк сакайып кетишин тилеген.