“Атам акыркы демине чейин: “Жашагым келет!” – деген маанайда болду”

Маркум Ө.Кулумбаев Ат-Башы районундагы Терек-Суу айылында 1933-жылы туулган. Эмгек жолун Нарын облустук типографиясында терүүчү болуп иштөө менен баштаган. 1957-жылдан Нарын шаардык аткаруу комитетинде, 1958-жылдан Тянь-Шань облустук аскер комиссариатынын начальнигинин жардамчысы болгон. 1961-жылы кызматтык командировка учурунда автокырсыкка кабылып, эки буту баспай, биринчи топтогу майып болуп калган. Акындын кыргыз адабиятынын алтын казынасында калган ырлары мына ошондон кийин жазылган. Бирок акын тагдырына нааразы болгон, өкүнүп-өксүгөн ырларды эмес, таза махабатты, сулуулукту, кооздукту, жашоонун кереметин жазган. 1966-жылдан баштап ырлары басма сөздө жарыялана баштап, биринчи ырлар жыйнагы «Турмуш кайрыктары» деген ат менен 1970-жылы басылып чыккан. Акын он поэтикалык жыйнактын автору. Көптөгөн ырларына обондор жаралган. Кээ бир ырлары орус тилинде жарык көргөн. Акын тууралуу анын кызы, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тележурналист Гүлмира Кулумбаева менен маектештик.

 – Эгерде Өмүркул агай кырсыкка учурабаганында, балким ырлары жазылбай калмактыр?

– Маңдайга жазылган жазууну адам баласы өзгөртө албаса керек. Эненин сүтү менен берилген акындык таланты эртедир-кечтир ойгонмоктур, анткени, жетим өсүп, анан да өспүрүм курагы кан күйгөн согуш маалына туш келип, курагынан эрте жетилген балдардын катарына кирет. Мектепте окуп жүргөн убагында эле жогорку класстын балдарынын арзуусун ырга айлантып, далай кыздардын жүрөгүнө чок салган каттарды жазып берчү экен. Балалыгын сонун сүрөттөгөн “Тентек элең” деген ырына белгилүү композитор Атайбек Бөдөшев обон жаратып, Алтынбек Сапаралиев ырдап чыккан: Жок болсо да анда ырга шык, Жакшыларын сөздүн арнашып. Катырчу элек катты ыр менен, Агайларга кээсин карматып…

– Агай автокырсыкка иш сапарында учураганы чынбы?

– Атам Нарын шаарындагы облустук аскер комиссариатында иштеген мезгилинде кызматтык иш сапарга Фрунзе шаарына баратып, Долондун белинен “Виллис” автоунаасы менен автокырсыкка учурайт. Апамды да жанына алып алган экен. Ошондо атам 28, апам 25 жашта болгон. Ал эми жанындагы айдоочу, военком аялы менен эч кандай жаракат алышпайт. Жараткан жаш жубайларга мына ушундай катаал тагдырды жазган экен, бирибизден-бирибиз кичинебиз. “Төрт чиедей баланын келечеги кандай болот?” – деп таенемдин боздогону төрт жашка толо элек менин эсимде калыптыр. Кийин атам талкаланган жаштыгын “Таппай жүрөм” деген ырында толук чагылдырган. Асылбек Өзүбеков болсо “Зарипанын ыры” деп обон чыгарып, Чыңгыз Айтматовдун спектаклинин көркүн ачкан. Кийин бул ыр Роза Шакированын чыгармачылык ийгилигинин башаты болду десем да жаңылышпайм. Бир гана тамчысындай булагымдын, Бир гана шыңгырындай жылаажындын. Сагындым мөлтүрөгөн махабатты, Сагындым жылмайганын ынагымдын… Кечээ эле жаштык күч-кубат менен жашап, от-жалын болуп күйүп-жанып турган 28 жаштагы жигит омурткасы сынып, түбөлүк баспай жатып калса, жыйырма бештеги төрт балалуу болсо да балалык кыялы кала элек келин бир жылга чукул баспай жатып, араң басканга жарап, жашагысы келбей, кайгыга чөккөн өмүрлүк жарынын күйүтүнө чөгүп кетпей, жашоого кантип кайрылышты экен? Татаал сурообу? Апам атама тирек боло билди, бизди канаттууга кактырбай чоңойтту, атамдын колуна поэзиянын алгачкы калемин карматты. Бирок, ошонун баары оңой болгон жок, тагдырдын бороонуна кабылып, күйүттүн толкуну чөктүрүп жибере турган учурлар көп болду.

– Сиз окуп жүргөн керемет ыры бар: “Кайда карасам да сен барсың…” Муну апаңызга жазганбы же кыялындагы айымгабы?

– Акындын дүйнөсү өтө татаал. Акын жараткан ыр качан окурмандын жүрөгүнөн түнөк табат? Ар бир адам ошол ырдан өзүнүн жүрөк сезимин сезип, туйганда. Мисалы, атамдын өзүң айтып жаткан ырында: Кокустан кароону не кылам, Карасам көзүңө урунам. Карасам чыгышка – Күнүмсүң, Карасам батышка – Кыбылам. Күлмүңдөп баарында турасың, Капырай, кай жакка бурулам, – дейт. Акын көөдөнүндөгү сүйүүсүнүн кең ааламын ушул алты сап ырга батырып жатпайбы!? Ооба, апама арнаган. Атам сүйүүнү келиштире жазган акындардын катарына кирет. Сүйүүнү бийик туткандыктан, буту тушалып жатса да жашоону сүйүп жашап жатпайбы! Атамды сүйүү гана сактап калды деп ишенимдүү айта алам. Атам сулуулукту, сулууларды сүйчү. Апамдан башка да далай сулууларга арнап жазган ырлары бар.

– Эң жакын досу ким болгон?

– Достору көп эле болчу. Бирок эң жакшы көргөн досу акын, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты Жолдошбай Абдыкалыков эле. Жолдошбай аяш ата чоң, залкар акындардын, адабиятчылардын чөйрөсүнө кошту, китептеринин чыгуусуна жардам берди. Таягы кулап кетсе – таягын, көңүлү түшсө – көңүлүн көтөрө билди. Экөөнүн досчулугу тууралуу чоң сөз кылууга туура келет.

– Ырларын кандай убакта жазчу жана убагында акынга кандай мамиле кылышты?

– Атам саясий лириканы да келиштире жазган, жаратылыштын кайталангыс кооздугун поэзиянын тили менен көркөм сүрөткө түшүрө билген акын эле. Мисалы: Кечки күз… Ай-аалам апакай, Кырданып белесте жатат ай. Аскалар кубулат, кулпурат, Асканын ажары акактай… – деп, күз мезгилинин түнкү көрүнүшүн кыл калем менен сүрөтчү кантип карекке чөктүрсө, андан кем калышпай, поэзиянын күчү менен ажайып сүрөт тартып койду го?! Керебетинде жатып алып дайыма колунан дептер, ручкасын түшүрчү эмес, маалымат булагы – күнү-түнү тыңшаган радиосу. Ыр – жашоосу дедим го, күнү- түнү ыры жазыла берчү, улам-улам окуп, оңдоп… эптеп-септеп жазчу эмес. Анан жазуучу машинкасына бели ооруп жатса да онтоп коюп ырларын басаар эле. Атам турган турпаты менен күрөшчүлболчу. Коомдогу, саясаттагы терс кө- рүнүштөргө кыжыры кайначу. Фельетондун, саясий публицистиканын устаты десем аша чапкандык болбостур. Ошондуктан райкомдун, обкомдун катчылары менен көпчүлүк учурларда ымаласы келишчү эмес. Карапайым калкты, айылдаштарын бюрократтардан коргоп турчу колунда калеми бар эле. Эч ким даап кол сала алчу эмес, тили да өткүр, таарынткан адам оңбой калган учурлар болгонунан кабарым бар.

– Обондуу ырлары тууралуу айтып калбадыңызбы?

– Алгачкы “Энекебай” аттуу ырына Кубанычбек Осмонов обон жаратып, 1968-жылдан бери эфирден түшпөй ырдалып келет. Кыргызстандагы Атайбек Бөдөшев, Камчыбек Букалаев, Алтымыш Кадыров, Камчыбек Жусупов, Асылбек Өзүбеков, Дүйшөнбек Үкүев, Эсенбек Мааданбеков, Сатылган Осмонов, Шарипа Кемелгазиева, Акбарали Тасмаев сыяктуу обончулар атамдын чыгармаларына өздөрү эле кайрылып, китептеринен ырын тандап, обондорун жаратышып, радионун алтын казынасына алынган.

– Көзү тирүүсүндө мамлекет тараптан сыйландыбы?

– “Өксөөгө такыр баш ийбес, өзүмүн сынбас болоттун…” – дегениндей, ушул жарыкчылыкта жашоонун мыкты үлгүсүн көрсөткөн эрдиги үчүн эле мамлекеттик сыйлыкты алса болмок, бирок, бюрократиялык тепкичтердин оош-кыйыштары болдубу, айтор, ала алган жок. Бир нече жолу райондун акимчилиги, КРнын Жазуучулар союзу аркылуу көрсөтүлдү, бирок, натыйжа болгон жок. Ушул сурооңо жарык көрбөй, барак бетинде калган бир ырын сунуштагым келип олтурат, болжолумда 2005-жылы жазылса керек эле: …Чындыгың чыкпай тордон чыркыраган, Чыкыйы калыстыктын быркыраган. Ынтымак быт-чыт чыгып эски бөздөй,

Ыймансыз коомдомун ыркы жаман.

Парага паракордун боосуганын…

Байкадым жегичтердин соосунганын.

Канкордун кылычынын мизиндемин,

Кан ичкич карышкырдын оозундамын.

Изимде из кубарлар, жалданмалар,

Изимде беш тыйынга алдангандар.

Итийи бала сымал жашап жатам,

Ичимде Ала-Тоодой арман да бар.

…Арамдан төрөп уулун эне саткан,

Алмадай башта мээсин кене чаккан.

Атаны бала урган замандамын,

Алмасын ээлеп алган белен шактан.

Эл белек, бирин-бири каралаган,

Экинин бири ишке жарабаган.

Эл белек эп келишпей эрди-катын,

Төшөктө бири-бирин паралаган.

Кайдасың, кайран кыргыз бириндеген,

Күбүлүп, жалбырактай дирилдеген.

Эзилип эсил кайран болобуз го,

Эрки жок энесинин тилин жеген.

Атанын салтын жерип баратасың,

Азгырып, бир кара күч билинбеген…

– Атаңыздан жаш муундар кандай үлгү алса болот?

– Атамдын өзүнүн ыры менен буга жооп берип коёюнчу: Кереги жок, мага айкел тургузба, Кереги жок, теңебегин жылдызга. Кайран киши таштап кетти дегиле, Керээз кылып өмүрүнөн бир нуска. Дебегиле, көп пенденин бири эле, Дебегиле, көсөм болчу тим эле. Атактуунун кирбесе да сабына, Деп кайткыла: “Ал эркине бий эле!” Карасаңыз, 49 жыл жашоо үчүн күрөшүп, өмүрүнө поэзиясынын байрагын туу тутуп, оптимисттик маанайда жашаган адамдын пикирин. Ал өзүнө- өзү поэзиядан эстелик тургузуп кетти. Атам 2010-жылдын 28-февралында 79 жашында дүйнөдөн өттү. Акыркы демине чейин: “Жашагым келет!” – деген маанайда болду.

 «Кыргыз Туусу»,

Жыпар Исабаева