Башкы критерий: кесипкөйлүк жана адеп-ахлактык

Президент Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 29-январында “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” жарлыкка кол койгонуна байланыштуу Премьер-министр Улукбек Марипов кайрылуу жасап, Президенттин башкы тапшырмасы – кадрларды тандоо системасын жана практикасын кардиналдуу өзгөртүү экенин, аны ишке ашыруу үчүн биринчи этапта бардык райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары- акимдер жана алардын орун басарлары аттестациядан өткөрүлө тургандыгын, ошондой эле кадрларды – акимдерди ротациялоо принциби ишке киргизилерин, же район акимдери башка райондордон дайындаларын айткан. Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси А.Маматалиев бул багытта болуп жаткан иштер тууралуу баяндап, айрым суроолорго түшүндүрмө берди.

— Март айында район акимдери жана орун басарлары аттестациялоодон өткөрүлөт. Учурда аттестация өткөрүүнүн графиги жана аттестациядан өтө турган кызматчылардын тизмеси такталды. Президенттин жарлыгында мындан ары кадр тандоону жана жайгаштырууну түп-тамырынан бери өзгөртүү айтылган. Негизи багыттарынын бири — мындан ары мамлекеттик жана муниципал- жетекчилик кызматка келем деген бардык адамдарга жеткиликтүүлүк шартын түзүү. Биз толук ачыктуулук шарттарын камсыздайсыз жана аттестация коомчулуктун көзөмөлүндө өтөт. Аттестациянын жүрүшүн Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында онлайн режиминде жеткирип турганга аракет кылабыз. Аттестация үч этаптан өткөрүлөт: Биринчи этапта КРнын өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан берилген мүнөздөмөнүн негизинде акимдердин жана орун басарлардын кызмат орунундагы жалпы ишмердүүлүгү талданат. Экинчи этапта негизги мыйзам актыларын билүү жана өзүнүн кызмат ордуна тиешелүү сапаттарын аныктоо боюнча компьютердик тестирлөө жүргүзүлөт. Мындан тышкары, иштеп жаткан акимдер, орун басарлар тууралуу элден түшкөн, ар түрдүү коомдук уюмдардан түшкөн маалыматтарды, сын-пикирлерди эске алабыз. Тиешелүү органдардан да бир топ маалыматтар чогултулуп жатат. Ушулардын баарын эске алып, жетекчи тууралуу толук картина алдыга чыккандан кийин гана, алардын билим деңгээлин текшерүү максатында, тестирлөө өткөрөбүз. Тестирлөө бардык жети облустун борборунда өтөт. Аттестациянын жыйынтыгы менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин кесипкөйлүгү жана жеке талаптарынын негизинде кызмат ордуна ылайыктуу келет, кызматтан көтөрүлүүгө сунушталуу, кызмат ордуна ылайык келбейт деген чечим кабыл алынат. Аким жана алардын орун басарлары кызмат орундарына дайындоо үчүн аттестация менен биргеликте кадрдык резервди түзүү боюнча конкурс жүргүзүлөт. Аким жана анын орун басарлары бош кызмат орундарына талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган бардык жарандар катыша алышат. Конкурс бул жерде да үч этаптан жүргүзүлөт: Биринчи этап – талапкердин эмгек стажы жана тармак боюнча квалификациялык талаптын туура келиши боюнча документтерди карап чыгуу; Экинчи этап – компьютердик тестирлөө; үчүнчү этап – Улуттук кадрлар резервин түзүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү өткөрүү. Келечекте акимди жана алардын орун басарларын кызмат орундарына дайындоо ушул кадрлар резервинен гана тандалат, кызматка кесипкөй кадрлардын келишине жол ачылат. Жергиликтүү бийликтин дарегине көп сын пикир айтып жүргөн жарандарыбыз, жаштарыбыз, жарандык активисттер бар. Алардын ар бири келип катышса болот.