Отузга чыгып отуз эки премьерлүү болдук, ойлонолу

Бул ой-пикиримди көптөн бери жазайын деп жүргөм. Акыры жаздым. Себеби, социалдык тармактардагы, эл чогулган жерлердеги тизгини бош, ала качма, салмагы жок ойлор, акылга салынбаган, калчанбаган сөздөр муну жазууга түрткү берди. Анын үстүнө кыргыз жараны болгон соң коомдогу оош-кыйыштарга, айрыкча мамлекетибиздин эртеңине кайдыгер карай албайм. Себеби, кыргыз мамлекетинин тагдыры боордошторумдун, мекендештеримдин, ини-карындаштарымдын, артымда кала турган балдарымдын келечеги. Баса белгилей кетүүчү нерсе, он жылдан ашык журналистика тармагында жүрүп мындай маанидеги, тактап айтканда, бийликти жактаган бир да макала жазган эмесмин. Бул макалам дагы бийликти жактоо үчүн эмес, элди ынтымакка чакырып, өнүгүүгө карай багыт алалы деген ниетте жазылып отурат.

Эми сөздүн ток этер жерине өтсөк, Кыргыз республикасы эгемендүү өлкө болгондон тарта бүгүнкү күнгө чейин 6 президент жана 32 Премьер-министр алмашты. Азыркы Өлкө башчы Садыр Жапаров 6-президент болсо, Өкмөт башчы Улукбек Марипов 32-премьер-министр. А кыргыз мамлекети эгемендүү өлкө болгонуна быйылкы жылды кошсок 30 гана жыл болду. Илгери “элүү жылда эл жаңы” деп айтылса азыркы доордо элүү эмес саналуу эле жылдарда айрым өлкөлөр болуп көрбөгөндөй өзгөрүп, экономикасы өсүп-өнүгүп жатат. Буга ошол өлкөлөрдүн бийлик башындагыларынын чечкиндүүлүгү, алысты көрө билгендиги, уюштуруучулук жөндөмү жана мамлекеттик кызматтарга мыкты адистер- ди топтой алгандыгы себепкер экени талашсыз. Анан албетте, ал өлкөлөрдүн ар бир жаранынын саясатка көп кийлигишпей, үй-бүлөлүк бюджетин чыңдаш үчүн жасаган аракети дагы экономиканын гүлдөшүнө өбөлгө болгон. Белгилүү Индия ойчулу Ошо Радниж “Кайсыл мамлекеттин адамдары бири-бири менен күнүмдүк турмуш, маданият, жеке жетишкендиктери тууралуу сүйлөшпөй саясатты көбүрөөк сүйлөсө ал өлкөнүн келечеги жок”, – деп айткан экен. Муну айтканым, акыркы жылдары бир үй-бүлө тургай кара башын эптеп багып жүргөн жарандарыбыздан тарта базардагы соодагерби, элет жериндеги малчыбы, дыйканбы айтор кимибиз болбосун саясатты саймедиреп калдык. Демократия, адам укуктары, Конституция, дин, экономика тууралуу тырмактай билимибиз жок туруп бирөөлөргө акыл үйрөтүүнү, ажодон баштап оозубузга келген адамды социалдык тармактардан, көчөдөн фактысы жок эле боктой берүүнү, арзыбаган акча үчүн кылмышкерди да коргоп көчөгө чыга калмайды адат кылып алдык. Албетте, коомдо дайыма өзгөрүү, жаңылануу болуш үчүн ар кандай талкуулар, алгылыктуу сунуштар, пландар, ой-пикирлер да керек. Мамлекет, коом токтоп калган суудай сасыбай, агын суудай дайыма агып, тазарып турганы да жакшы. Бирок, өлкөнүн өнүгүшү үчүн ар бир кыргыз жараны жөнү жок митингге чыгып, интернетте отуруп алып ар кимди шыбабай өз кесибинде талбай эмгектенип, бармак башындай болсо да ийгилик жаратканы оң. Туура, ийгилик жаратууга Кыргызстанда кыйраткан завод, фабрикаларыбыз да жок. Жумушсуздук жогору, экономикалык акыбалыбыз да начар. Бирок, анын баарын бир эле же бир нече адам жөнгө салып жибере албайт. Мындай кыйынчылыктан коом, жалпы эл аң-сезимдүүлүк, сабырдуулук, акылгөйлүк, кесипкөйлүк жана изденүүчүлүк менен гана чыга алат. Муну өнүккөн өлкөлөрдүн атуулдары тарыхта ташка тамга баскандай далилдеп койгон. Азыр да далилдеп жатышат. А биз – кыргызстандыктар дагы деле акылыбызга келе албай, ойду-тоону сүйлөп жатабыз. Бир үй-бүлөнүн тиреги — атаны балдары угуп, урматтап, жубайы да ага өбөк-жөлөк болуп турса ата бардык ийгиликтерге жетишет. Аны кошуна-колоңдору да урматтап, ал тургай коңшу айылга, бир өрөөнгө, керек болсо бүтүндөй бир өлкөгө кадыры артат. Эгер үй кожоюнун үй-бүлө мүчөлөрү сыйлабаса ал үй-бүлөнүн келечеги да болбойт. Анын сыңарындай, мамлекет дагы бир чоң үй-бүлө. 2020-жылдын октябрь айында жалпы эл мурунку бийликке нааразы болуп өлкө башчылыгына азыркы Президент Садыр Жапаровду шайлады. Бизге ал кишини Америка, Россия же Кытай таңуулап, дайындаган жок. Демейде түндүк-түштүк болуп бөлүнө калган кыргызстандыктар президенттик шайлоодо бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышып бир эл катары өлкө башчысын өз каалообуз менен шайладык. Эл президенттикке ал кишини татыктуу деп тапты. Эми ал кандай иштейт убакыт көрсөтөр. Болгону Президентти өзүбүз шайлагандан кийин анын саясатын колдоп, бөйрөктөн шыйрак чыгарбай, ар кимибиз өз ишибиздин майын чыгара иштешибиз гана керек. Ансыз деле беш айдан бери Президентке асылып, анын айткан-дегенин ар кандай жоромолдоп, бурмалап элди дүрбөткөндөр аз эмес. Кыскасын айтканда, азыр биздин мамлекетке кошкон эң чоң салымыбыз-ашыкча саясатташпоо, куудулдарыбыз айткандай фанатчылыкка берилбөө, бирөөлөргө жөнү жок жалаа жаап элди бөлүп-жарбоо, ашыкча чыгымдарды азайтып сарамжалдуу жашоо жана эң негизгиси коомчулукка туура эмес маалыматтарды, сөздөрдү жайылтпоо болуп турат. Себеби, азыр өнүккөн технологиянын заманы. “Ким маалыматка ээ болсо ал дүйнөнү башкарат” дегендей, өз абийирибизди өзүбүз ача берсек ансыз да араанын ачып турган кит өлкөлөргө алакандай Кыргызстаныбызды жем кылып коюшубуз ыктымал. Эсибиз барыбызда этегибизди дагы, оозубузду дагы жабалы. Отуз жыл тынбай сүйлөп, тынбай митинг кылып эмнеге жетиштик?!

Мелис СОВЕТ уулу, «Кыргыз Туусу»