«Элмирбекти тапканда, «кул базарда» жүргөнмүн»  

Мундузбек Усупбек уулу өсүп келаткан жаш төкмө акындарыбыздын бири. «Кыргыз Туусу» гезитине маекке чакырганыбызда сөздү устаты Элмирбек Иманалиевден баштап, аягында устаты менен бүтүрдү. Төкмөлүк өнөрүбүздө бул жазылбаган улуу мыйзам болуп эсептелет. Айталы, Калык, Алымкул адегенде устаты Токтогулдун ыр- күүлөрүнөн баштап, анан өздөрүнүн тамашасын улантканы белгилүү. Кеп кезеги келечектүү төкмөбүздө.

 «Мени башка дүйнөгө алып келген»

Устатыма жолукканга чейин дунгандарга жалданып Токмокто иштечүмүн. Күндө эртең менен атайын бир жерге чогулабыз. Ошол жерден талаада жумушу барлар бизди кадимкидей эле тандап туруп алып кетет. Ал жерди «кул базар» деп коюшат. Ошентип иштеп жүргөн күндөрүмдүн биринде бир жакшылык – той болуп, барып калсам Элмирбек Иманалиев шаңкылдап, ортону толтуруп ырдап аткан экен. Бир көрүп эле, кандайдыр бир жылуулукту сездим ошо кишиден. Анан ал ырдап бүтүп, эл суюлуп калган кезде жакындап бара калдым дагы, өзүмдү тааныштырдым. Ал дароо эле: «Момундай дарек аркылуу кел», — деп дарегин берди. Көп өтпөй эле жумуштарымды жыйыштырып салып, таап келдим. Келгенден кийин сүрдөп, ырдай деле алган жокмун. Антсе да, устатым мени кабыл алды. Ошентип жети, сегиз жылдай  устатымдан сабак алыптырмын. Ошондон тарта, мен башка дүйнөгө келдим. Менин жашоом башка өңгө келди. Мен жашоонун башка даамын тата баштадым. Болбосо, өмүрүм кайда, кандай өтмөк, ким билет…

«Эстебес режим»

Күндө эртең менен ойгонуп телефонуңду карасаң, Элмирбек устатымдын ошол күнгө арнап жазган каалоо-тилеги, жакшы сөзү, же болбосо төрт сап ыры келип калган болот. Менин эртең менен көздү ачып эле аткарган жумушум ушул. Тура калып телефонду карамай. Устаттын жылуу сөздөрүн окугандан кийин кадимкидей жеңилдей түшөм. Бул мага: «Дүйнө ордунда турат»  дегендей түшүнүк берчү. Эми таң калганым, ар бирибизге эрикпей, өз-өзүбүзгө арнап, ошонун баарын жазып чыкканын карабайсыңбы. Биз ошол күндөрдү көп баалабаптырбыз. Акыркы учурда, эмнегедир устатым убакыты жетпей жаткандай болуп эле шашып калган. Канча жолу ага алда канча акчалуу жумушка чакырган сунуштар түштү, бирок баарынан баш тартты. «ªнөргө арналуу керек. Аным калды, мунум калды дей берген туура эмес. Өнөргө өз жүгүңдү артпа, өнөр үчүн бүт дитиңди коюп, бүтүндөй өмүрүңдү арна. Ошондо анын акыбети кайтат», – дегенди көп айтчу. Уйкусу өтө аз киши болчу. Өзү тамашалап: «Мен «Эстебес режим» менен жашайм», – деп калчу. Көрсө, Эстебес Турсуналиев дагы аз уктачу экен. Түңкү саат бирде келеби, же төрттө келеби, таңкы саат 5-6ларда эле ойгонуп алчу экен. Элмирбек агайыбыз дагы ошондой киши болчу. «Кайсы учурда жатпайын, эртең менен саат беште ойгоном», – дечү. Анан баарыбызга арнап, төрт саптан ырын токучу. «Тургула балдарым, жаштыктан өткөн алдамчы жок. Эртең эле кырктын кырына чыгасыңар. Кыргызга эмне кызмат кылдыңар десе, эмне деп жооп бересиңер? Туруп, өзүңөрдүн  айланаңарды тазалагыла. Корооңорду шыпырып, жуунуп-тазаланып күндү таза тоссоңор, ушул күнүңөр берекесин берет. Уктап жетишесиңер. Уйку таттуу, бирок ал өлүмгө тете. Андыктан, тургула балдарым, күнүңөр эмгектүү болсун», – дечү. Ошондон кийин биз туруп алып, чуркап «Айтыш» фондуна жетип келгиче, ал киши келип калар эле. Тээ Туўгуч кичи районунан бери жөө басып келчү. Машинасы деле бар. Бирок, эмнегедир машина айдаганды жактырчу эмес. Андан көрө, троллейбуска түшкөндү туура көрчү. Ойлонгонго тоскоол болот дечү. Жөө басып келе жатып турмушун, балдарын, ырларын, шакирттерин ойлонсо керек. Кээ күндөрү тунжурап, унчукпай калчу. Кээ күндөрү жылмайып, баарыбызды жылуу тиктеп тосуп алчу. Балким, ошол күндөрү турмушуна ыраазы болуп, Кудайга рахмат айткан күндөрү болсо керек. Табият, дүйнө, адамдарга болгон мамилеси –кимге болбосун үлгү эле. Бир карасаң, ушунчалык турмуштун агымын сезип, тамырын кармап тургандай сүйлөсө, кээде тээ илгеркини айтып, азыркыны жактыра бербей, кабыл албай жаткандай сүйлөчү. Мындай карама-каршы келүүсү анын акыл калчаган тереўдиги, көсөмдүгү го деп ойлойм. Акындын жүрөгү ушул да. Турмуштун агымынын күрөө тамырына бармагын басып тургандай бүлкүлдөп согуп турат. Акыл менен жете алгыс иштерге, заманга туюм менен барып, көп нерсени жүрөк менен сезип алат. Ошондой олуялыгы кармаганда, заманбап жашоого баа берип, кайсы тарапка баратканын аңдап, бизди ошого карата түздөп койчу бейм. А кээде тетири карап, ушу заманга каршы болуп, тээ илгерки акындардын жашоосуна баргысы келгендей болгону – бу турмуштун куу адамдарын көрүп, жутунган жашоону көрүп, акылы, жүрөгү кабыл албай, батпай, ошол өзү таза деп ойлогон, улуу акындардын заманына кетип калгысы келген кези бейм…

«Устат чай»

Билбейм, кантип акчасын жеткирчү, биз байге алган күнү деле түштөнүүдө бизди аяп, акча чыгартпай, өзү төлөп басып кете берчү. – Устат, шакирттериңиздин атынан чай алып берели, – десек: – Байгеңерди мен майлап берем. Ошол уткан акчаңды чөнтөгүңөргө салып койгула, – деп койчу. Үй-бүлөсүнө деле сырттан караган кишиге өтө аз көңүл бургандай, убактысынын көбүн чыгармачылыкка арнагандай көрүнчү. Турмуштун быты-чыты болгон күнүмдүк көйгөйлөрү ал үчүн эч кандай мааниге ээ эмес сыяктанчу. Ошондонбу, күнүмдүк нерселер бу кишинин оюна да келчү эмес. Менимче, жеңебиз акындын акылын, даанышмандыгын, талантын баалап сыйлаган, түшүнгөн аялзаты сыяктанчу. Болбосо: «Балдарынан да, үй-бүлөсүнөн да шакирттерин аздектеген кандай адамсың?!» — десе балким жарашмактыр. Эми ойлосом, ал кишинин үй-бүлөсү менен болгон өзгөчө аяр мамилеси бар болчу. Башка аталардай болуп, үйдөн-үйдү салбаса дагы, башка аталар бере албаган улуулукту, тереңдикти, жакшы адам болууну ал балдарына улуулугу менен берген деп ойлойм. Дегеним, кимдир бирөө үчүн атасы үй алып берген, келинчек алып берген, чөнтөгүнө акча салып берген киши болсо, кимдир бирөө үчүн ата – жол көрсөткөн, адамдыкты үйрөткөн кеменгер. Элмирбек устатыбыз жол көрсөткөн киши болчу. Бизге китеп окуп берчү. Эки-экиден айтыштырып, саптарыбызга, сөздөрүбүзгө көңүл бөлүп баалап, талдап берчү. Таза жүргөндү, жүрөктү таза кармаганды үйрөтчү.

«Акын эл арасында, дасторкон четинде жетилет»

Тууганбай Абдиев ушунтип айткан экен. Ошондуктан, Элмирбек устатыбыз бизди жети облусту кыдыртып келген. Кыдырганыбыз деле апендиникиндей болуптур. Акча табууну эч кимибиз ойлобоптурбуз. Жолубузга, тамак-ашыбызга жеткидей акчаны өзүбүз чөнтөгүбүздөн чыгарып алып эле жөнөп кетчүбүз. Машина жалдап алып, баргыча ырдап барчубуз. Кызыктуу баяндарды айтып берээр эле. Аны угуп каткырып, күлүп калчубуз. Нарынга, Таласка, Ошко бардык, Жалал-Абад, Баткенге бардык. Көлгө барып, өзүбүз да эс алып келгенбиз. Барган жерибизде жакшы тосуп алышчу. Эл жакшы эле келчү. Акча таап алсак деле болмок. Устатыбыз, өзүбүзгө гана жеткидей кылып койчу. Билетти арзан кылып, өзүбүз бекер ырдап берип эле кете берчүбүз. Кээде ар кайсы райондон, облустан бардар байкелер бизди чакырып: «Барган, келгениңерди төлөп берели, тамак-ашыңар бизден болсун»,-деп калышчу. Мындай учурда биз концертти бекер коюп берчүбүз. Барган, келгенибиз төлөнүп атса, тамагыбыз бар болсо, жаткан жерибиз даяр болсо, эмнеге акча алмак элек? Устатыбыз ушинтип койчу. Кээ бирөөлөргө биздин концерт аябай жагып, үйүнө чейин ырдап, тууган-уруктарынын көңүлүн алып, кошуналарынын жарпын жазып бергенде, тартуу берчү. Андайлардын көбүн устатыбыз алчу эмес. Биздин топту көргөндөр апендилер десе керек. Ушундай капиталистик көз караштагы заманда, акчаң болбосо маңкага айланган заманда, биз тээ илгерки замандай бекер эле, ичкен тамак-ашыбыз үчүн ырдап берип кете берчүбүз. «Элге берсин, акындын ырыскысы элден болот», – деп көп айтчу устатым. Баскан-турганы деле, ушу элге тилек тилөө менен өтчү. Шайлообек Дүйшеевдин атактуу «Агындылар» китебин окуганымда, чоң энесинин образы укмуш эмеспи – дайыма күбүрөнүп, шыбыранып, Кудайдан тиленип, элге-журтка, жээк-жаатка, баласына тилек тилене берет. Устатыбыз дагы ушундай болчу. Бата берсе дагы, элди биринчи оозанып: «Элге берсин, жерге берсин, эл ичинде бизге берсин», – дечү. Ушундай жүрөгү айкөл, бир келген асыл адам эле.