«Чет өлкөдө тейлөө кызматы бизнестин эң маанилүү бөлүгү»

Мекендешибиз Нурали Самидин учурда АКШнын Дафна шаарында турат. Ал чет элдиктердин тейлөө кызматы, туризм жөнүндө маалыматтар менен бөлүштү.

– Алгач өзүңүз жөнүндө айтып кетсеңиз?

– Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөм. Жашым 30да. Бала чагым Ноокаттын Кайрагач айылында өттү. 2008-жылы Ой-Талаа орто мектебин бүтүрүп, Ош технологиялык университетинин инженердик курулуш факультетин аяктагам.

– Кыргызстандан кетүүңүздүн себеби кандай?

– Көпчүлүк жаштардай эле мен да чет өлкөдө окуп, ал жакта жашоону эңсечүмүн. Кыялымды орундатуу үчүн студент кезимде кошумча англис тил курсуна жазылып, тил үйрөнүп жүрдүм. 4 жыл ичинде англис тилин жакшы өздөштүрүп калдым. Студенттер үчүн чет өлкөгө жиберүүчү программага катышып, алардын сынагынан өтүп, АКШнын элчилигинен виза алдым. Ошентип мага чет өлкөгө чыгууга, андан ары билим алып өсүүгө жол ачылды. Чет жерде жүргөнүмө 9 жыл болду.

– Дафна шаарынын өзгөчөлүгүн жана тамак-ашын айтып берсеңиз?

– Дафна чакан, аябай кооз шаар. 26 миңге жакын эл жашайт. Кыш болбойт, ошондуктан айлана ар дайым жашыл бо-луп турат. Тамак-ашына келсек, Америка дегенде эле тез-татымдар ойго келет эмеспи, бирок булар стейктерди мыкты жасашат. Андан сырткары бул жактан бардык улуттардын ашканасын тапса болот.

– Фейсбук баракчаңызга тил маселеси боюнча жазып каласыз. Кыргыз тилинин кадыр-баркын кантип көтөрө алабыз?

– Ооба, фейсбук баракчама тил маселеси боюнча жазып турам. Анткени, тилибиз баа жеткис руханий байлыгыбыз экенин түшүнүшүбүз керек. Кыргыз тилинин кадыр-баркын кыргыз эли өзү гана көтөрөт. Тилдин кадыр-баркы көтөрүлүшү үчүн өлкөдө эне тилдин колдонулушуна муктаждык керек. Бизде жада калса үйдө да кыргызча сүйлөбөгөн балдар бар. Алар кийин эне тилинде сүйлөбөй, көпчүлүгү өз тилин сыйлабай да калат. Мындай болбосу үчүн алгач балага эне тилин сүйүүнү, баалоону үйдөн үйрөтүү зарыл. Анан ал нерсе бакчада, мектепте, жогорку окуу жайда улантылышы керек. Кыргыздын өзүнө гана таандык болгон сапаты, кулк-мүнөзү, руханий жан дүйнөсү балага тил менен өтөт. Ал бала эр жетип канча тил билсе да жан дүйнөсү кыргыз бойдон сакталып калат.

– Чет-өлкөдө көптөн бери жүрөсүз, ал жактын тейлөө кызматын айтып бериңизчи! Биздин тейлөө кызматына эмнелер жетишпейт?

– Бул жакта тейлөө кызматы кардарды өзүнө тартуучу, бизнестин эң маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Кайда барба жардам көрсөтүшүп жылмайып тосуп алышат. Тазалык да эң жогорку деңгээлде каралат. Биздин өлкөдө тейлөө тармагы өтө начар деп айтсак болот. Анткени кызмат көрсөткөндү таптакыр билбейт экенбиз. Мен өткөн жылы Кыргызстанга барып тейлөө кызматындагылардын олдоксон мамилесине күбө болдум.

– Фейсбук баракчаңызга Түркия тууралуу да жазганыңыз бар. Кыргызстан Түркиянын туризминен эмнени алса болот?

– Түркиядан көп нерсе алсак болот. Анткени окшоштук жактарыбыз көп. Түркия жылына туризмден өтө көп киреше табат. Мейманкана, ресторан, таксилер, базарлар иштеп турат. Биздин да тарыхый жерлерибиз аз эмес. Жөнөкөй эле мисал, 751-жылы болгон Талас согушун дүйнөгө даңазалап, ошол жерге шарт түзүп, өнүктүрүп туристтерди тартсак болот. Араб, кытай, түрк элдеринин ортосунда болгон согуш талаасын көргөнү баары кызыгып келишет. Андан башка тоо туризимин өнүктүрүүгө шарт бар. Керемет көлүбүзгө эле жылына туристтерди тартып турсак болот. Заманбап, таза дааратканаларды салуу керек. Туристтерге мамилебизди өзгөртүп аларды жылуу тосуп алып, мыкты тейлөө кызматын көрсөтүү зарыл.

– Кыргызстанга кайтып келесизби же чет өлкөдө калуу оюңуз барбы?

– Албетте, мекениме кайтып барам. Азыр жакшы долбоорлордун үстүндө иштеп жаткан учурум. Ошолорду өз жеримде ишке ашырсам деп пландап жатам.

 

Асель РАМАНКУЛ кызы,

«Кыргыз Туусу»