Кудайберген аба Кудай берген киши эле

Кыргыз басма сөзү жана журналисттер журтчулугу оор жоготууга учурады. Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү, белгилүү журналист жана котормочу Кудайберген Исаев катуу оорудан кийин 82 жашында кайтыш болду.

Кудайберген Исаев 1939-жылы Ысык-Көл районундагы Өрнөк айылында төрөлгөн. 1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Ошол кезден тарта республикалык “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинде атайын кабарчы, улуу кабарчы болуп иштеген. КППСтин мүчөлүгүнө кабыл алынган. Калемгерлик мыкты сапаты, ишке жасаган жоопкерчиликтүү мамилеси эске алынып, гезиттин Талас облусубоюнча өз кабарчысы кызматына жиберилген. Андан соң Жалал-Абад облусу боюнча өз кабарчы болуп дайындалган. Кийин гезиттин бөлүм башчылыгына, редколлегия мүчөлүгүнө көтөрүлгөн. Бир гезитте, бир жерде 45 жыл үзүрлүү эмгектенип, эл турмушуна, алдыңкы адамдарга арналган, орчундуу жана көйгөйлүү маселелер козголгон көптөгөн макалаларды, очерктерди, фельетондорду жазды. Кызыктуу маектери, учкай кабарлары менен маанилүү окуялар камтылган репортаждары, ар кыл макалалары гезит бетинде үзбөй жарыяланып келди. Үзүрлүү журналисттик ишмердиги менен калың окурман журтуна, коомчулукка белгилүү болду. Кийинки басма сөздү чыгаруу жана жайылтуу боюнча оор кыйынчылыктар түзүлгөн мезгилде гезит үчүн жасаган эмгеги, рекламалык иштерди жолго сала билгендиги өзгөчө белгилеп айтууга татыктуу. Мыкты журналисттик эмгектери үчүн “Советтик Кыргызстан” гезити, Кыргызстан журналисттер союзу, министрлик уюштурган чыгармачылык конкурстарда байгелүү орундарды жеңип алып, ардак грамоталар, дипломдор, төш белгилер жана баалуу белектер менен сыйланды. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасына да ээ болду. Коомдук иштерге жигердү .лүк менен катышып, бул жагынан да алкыш-сыйга ээ болуп келди. Машакаттуу чыгармачылык иштери менен катар эле дайыма туулуп-өскөн айылы, район, жергиликтүү эл менен байланышта болуп, ал жерлердеги жаңылыктар, жакшы иштер, жетишкендиктер, мыкты ийгиликтерге жеткен айыл адамдары жөнүндө жазып турду. Өмүрүнүн кийинки мезгилин алтын бешик ата журту болгон, өзү баалап кастарлаган бир тууган айылында өткөрдү. Анын зор кубанычы – бактылуу үй-бүлөнүн ээси. Канат-бутагы жайылган, иште өздөрүн көрсөткөн кыздын жана төрт уулдун атасы, сүйкүмдүү неберелердин чоң атасы, эл ичинде жана туугандар арасында кадыр-барктуу белгилүү инсан болду. “Кыргыз Туусу” гезитинин эмгек жамааты кыргыз басма сөзүнүн өнүгүшүнө салым кошкон белгилүү журналист, жакшы адам Кудайберген Исаевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын өмүрлүк жубайына, кызына, уулдарына, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.