Бишкекте сойкулардын «мамашасы» 50 миң сом айып төлөйт

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту сойкулар кызмат көрсөтүүчү жайды уюштурган деп шектелген 1964-жылы туулган Л.П. аттуу аялга карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун 2017-жылдын 24-майындагы токтомунда айтылат.
Айыпталуучуга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесиндеги 1-бөлүм (сойкулук менен алектенүүчү жайды уюштуруу жана иштетүү) менен айып тагылды.

Сот отурумунда Л.П. күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Ага чейин жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында отурумга төрагалык кылуучу сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, мамлекетке 500 эсептик көрсөткүчтө (50 миң сом) айып төлөөгө милдеттендирди.

Ошондой эле, далил буюм катары табылган айыпталуучунун визиттик карталары, 497 даана презерватив, порнографиялык видеолор бар DVD-дисктер жок кылынат.

Булак: «Турмуш»