«Чопиевдин экинчи өмүрү – бул жашоодогу кыска, өлчөлүү өмүрүнөн алда канча узун болор»

Өткөн жумада Кемин районунун Быстровка айылында КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист, сатирик- акын Эсенгул Чопиевди эскерүү жана анын көзү өткөндөн ийин жарыкка чыккан “Кермек кептүү эрмек кеп”, “Сыр башат”аттуу китептеринин бет ачары өттү. Иш-чарага эл акыны А.Рыскулов, балдар жазуучусу, аталган союздун катчысы Ж.Акаева, ж.б. акын- жазуучулар, акын өмүрүнүн соңку учурларында кызматташ болгон “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору М.Тыналиев баштаган журналисттер, жердештери жана туугандары катышты. Андан кийин акындын үйүндө – өмүр бою узанган чыгармачылык устаканасында китептердин бет ачар аземи өттү.

Акбар РЫСКУЛОВ, КРнын эл акыны:

“Алтынды дат баспагандай эле, анын ырлары эч убакта эскирбейт”

– Мен өзүм бала кезден райондук гезитке алгачкы ырларымды, кабарларымды жазып келип калар элем. Анда Эсенгул Чопиев университетти жаңы бүтүп келип, редакцияда иштеп жүргөн кези экен. ¯стүнө күрөң костюм кийип, көкүрөгүнө университеттин ромбик формасындагы төш белгисин тагынып алган ошол журналист, акын көзүмө бир башкача сүрдүү, сырдуу көрүнүп, ого бетер таасирленгеним эсимде. Ошол учур тууралуу кийин өзү да бир гезитке жазган макаласында: “Акбар ар бир макаласын алып келгенде аягына: “13 жашта”, “14 жашта” деп жазып коер эле”, – деп эскергени бар. Ошентип жүрүп биз да адабиятка тереңден аралаша баштап, агабыздын акыл-кеңештерин алып жүрдүк. Коомдук иштерге, эл аралык дипломатияга аралашкандан кийин бир аз жылдар четте жүрүп калдым. Келгенден кийин кайрадан жолугуштук. Шаарга келген сайын Жазуучулар союзуна келип турду. Эсимде, Эсенгул Чопиевди окуш үчүн атайын райондук гезитке жазылып, анын ырлары, пародиялары, тамсилдери качан чыгаар экен деп күтчүбүз. Жазуучулар союзу аны эл акыны ардактуу наамына сунуш кылдык, бирок бир аз добуш кем болуп, наамга көрсөтүлбөй калды. Антсе да КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген ардактуунаамы бар, эң негизгиси окурмандардын сүймөнчүгүнө ээ акын. Алыкул акын: “Акындын эки өмүр, эки жазы бар”, – деп туура айткан. Мына, Э.Чопиевдин экинчи жазы келатат. Э.Чопиевдин экинчи өмүрү – бул жашоодогу кыска, өлчөлүү өмүрүнөн алда канча узун, алда канча кенен болот го деп ойлойм.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,

“Кыргыз Туусу” басма үйүнүн директору-башкы редактору:

“Балдарынын эстүү чыкканын айтып, сыймыктанып калчу”

– Эсенгул агайды башта ырлары аркылуу таанысам, акыркы төрт жылда мүнөзүбүз келишип, ага-инидей сырдашып калчубуз. Бишкекке келген сайын редакцияга кайрылып, бир топко чейин кобурашып отуруп кетер эле. Мен өзүм да тамашакөй болгонгобу, агайдын сатиралары менен пародияларын, куйкум кептерин өзгөчө баалачумун. Агай да жаңы китеби жарык көргөн сайын кубанып келип калчу. Китептин кандайча жарык көргөнү, коомдун күнгөй-тескей көрүнүштөрү, алардын агайдын сатираларында кандайча чагылдырылганы тууралуу кеп кылчубуз. Бир китебин: “Мен өзүм деле чогулткан эмесмин, жөнөкөй эле бир окурман чогултуп, жыйнап жүргөн экен, ушуну китеп кылып чыгарып койдум”, – дегени эсимде. Ошондой окурмандарга жана атасынын китептерин каржылап, адабиятка салым кошуп келаткан балдарына ыраазычылык айтсак болот. Чындап келгенде адабий сындан да таасирдүү, күчтүү пародиялар болот. Кээде пародия окугандан кийин, ошол ырдын өзүн окугуң келет. Деги эле Эсенгул Чопиев агабыз көп кырдуу талант – акын, журналист, кара сөздүн, журналистиканын да чебери болчу. Балким, борбордо турганда мындан да кыйла ийгиликтерге жетишет беле. Деги эле, бир кеми жок, өксүгү жок жашоо болбойт чыгар. Бир жолу экөөбүз кобурашып калганда, жаш кезинде кантип Баткенге барып иштегенин, кийин ата-энесине карап, кайра келип Кеминде жашап калганын, болбосо, Фрунзеде жашаганга деле мүмкүнчүлүктөр болгонун айтып калчу. Бирок тагдыр бир жагынан бербесе, бир жагынан берип, тең салмактап коет окшобойбу. Балдарынын эстүү чыкканын айтып, сыймыктанып калчу. Чынында эле бала-чаканын жакшы чыгып, өз жашоолоруна тың болуп, ата-энесин сыйлап турганынан өткөн бакыт жок. Жубайы Айнаш эже экөө балдарды жакшы тарбиялашыптыр.

Карыпбай СЫДЫКОВ, эс алуудагы коомдук ишмер:

“Дос экениме, кызматыма карабай мени сатирага салып, гезитине чыгарган”

– Мен Эсекем менен 1974-жылдан бери таанышып калдым. Университетти бүтүп келип комсомолдун райкомунда иштеп калдым. Райкомдун короосунун ичинде редакция бар болчу. Эсекем ошондо иштечү. Ошентип тааныш, шеринелеш, жолдош болуп жүрдүк. Мен райкомдун пропаганда бөлүмүнүн башчысы катары кээде барып, редакциядагыларды тескеп: “Тигиндей жазгыла, мындай жазгыла”, – деп койчумун. Бир күнү эле анан экөөбүз уруша кеттик. Ошону “Эмгек жарчысы” гезитине “Сыдыков Карыпбай” деп сатира жазып коюптур. “Кой, эми экинчи барбайм!” – дедим. Эсимден эч кетпейт ошол. Бирок ичине кек сактабаган ак көңүл адам эле. Кайра анан жарашып, мурункудай эле чогуу жүрдүк.

Кенже АБДЫЛДАЕВА,

“Эмгек жарчысы” гезитинин журналисти

“Агай, айрыкча үмүрүнүн акыркы жылдарында үзүрлүү иштеди”

– Адегенде кабарчы, анан жооптуу катчы, бөлүм башчы болуп, агайдын жеңилин жерден, оорун колдон алып, 21 жыл чогуу иштедик. Басма сөздү– “кубаттуу өндүрүш” катары баалап жүрбөйбүзбү, ошол чоң өндүрүштө иштегенине карабай агай ырларын, сатираларын таштаган жок. Айрыкча, өмүрүнүн акыркы жылдарында үзүрлүү иштеди.

Кубанычбек МУРАДИЛОВ, Кемин музыкалык мектебинин директору:

“Жемкорлук менен кошоматчылыкты өтө жек күргүн инсан эле”

– 1977-жылы, ошондогу маданият минстринин биринчи орун басары Асанбек Стамовдун буйругу менен Кеминге мектептин директору болуп келдим. Келип эле Карыпбай Сыдыков, Эсенгул Чопиев менен таанышып калдым. 1986-87-жылдары Руслан деген тун уулун комуз ийримине алып келди. Андан кийин 2010-жылдагы революциядан кийин Эсекебиз маркум болуп кеткен баатырларга арнап “Баатырларга даңаза” деген ырын жазды. Ошондой эле Эсекемдин “Өркүндөп өссүн Кеминим” деген ырына театрыбыздын музыканты обон жазып, ыр азыркыга чейин дуэт катары ырдалып жүрөт. Жеке адамгерчилигине, мүнөзүнө токтолсок, жакпаган нерсесин адамдын бетине тике айткан, айрыкча жемкорлук менен кошоматчылыкты өтө жек көргөн инсан эле.

Руслан ЧОПИЕВ, уулу:

“Атабыз таң тосуп, күндүн нурун күтүп, куштун үнүн тыңшаганды абдан жакшы көрчү”

– Атабыз менен абдан сыймыктанабыз. Баарыбызга жакшы таалим, тарбия берди. Эмгекчил адам эле. Бир ишти баштап алса, аягына чыкмайынча жаны тынчу эмес. Жөнөкөй, жупунулугу бар эле. Эң жаман көргөнү – бекерчилик болчу. Бизди да: “Бекерчилик адамды бузат”, – деп бекер жатпаганга, эртең менен эрте турганга үйрөткөн. ªзү эрте туруп алып машыгар эле. Бул оору болбогондо, балким дагы жашайт беле. Таң тосуп, күндүн нурун күтүп, куштун үнүн тыңшаганды абдан жакшы көрчү.

Элмира, келини:

– Атам сөзгө чечен, жан дүйнөсү өзгөчө бай, маңдайы жарык адам эле. Жеңем экөөбүздүн тең атыбыз Элмира болгондуктан, жеңемди: “Эрке уулумдун келинчеги – Эркайым”, мени “Мырза уулумдун келинчеги – Мырзайым” деп, кенже уулунун келинчегин “Кенжайым” деп чакырар эле. Эч бир кайната келинин атын айтпай тергеп, сый-урмат менен мамиле кылбаса керек. Тарыхты, каада-салтты, санжыраны көп айтчу бизге. Көрсө, бизди ошону менен тарбиялачу экен.__