“Сынган кылычтын” авторунун аты эле сыймык эмеспи?

Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын башкы кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдык мааракесине арналган «Улутубуздун тарыхы — улуу мурас» аталышындагы адабий кече болуп өттү.

Аны БШБКТнын директору Күлсайра Дандыбаева ачып, залкар жазуучунун өмүрүнө жана чыгармачылык жолуна кыскача токтолуп өттү. Жазуучунун жубайы Элмира Касымбекова залкар инсан менен бирге жашаган жылдардагы ургаалдуу урунттуу учурлар тууралуу кызыктуу кылып баяндап, жазуучунун адамкерчилик сапаттарына басым жасады.

Андан кийин сөз алышкан Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, тарых илимдеринин доктору, профессор Ташмамбет Кененсариев, жазуучу жана адабиятчы, Эл аралык Айтматов сыйлыгынын лауреаты Папан Дүйшөнбаев, тарыхчы жана акын Байас Турал, Кыргыз эл акыны Тазагүл Закирова, филология илимдеринин кандидаты, акын Бакыт Мырзатаева, адабиятчы Смальтбек Темиралиев чыгаан жазуучунун калеминен жаралган тарыхый романдардын өзгөчөлүктөрүнө, улуттук адабиятыбызды өнүктүрүүдөгү ээлеген салмактуу ордуна жана ролуна, жазуучу менен болгон жекече жолугушууларындагы таасирленүүлөрүнө кенен-кесири токтолушту.

Адабиятчы П.Дүйшөнбаев кыргыз жазма адабиятында социалдык диагнозго, образ символго айланган Ыманбай, Жоламан, Манкурт, Абил бий, Шералы хан, Шералы хандын чокою сыяктуу 6 кейипкер түшүнүк болсо, алардын үчөөсү Т.Касымбековго таандык экендигин, ал өткөн кылымдын 60-жылдарынын аягында “Сынган кылыч” романын жарыялагандан тартып улуттук тарыхый аң сезим жана тарыхый эстутум ойгонгондугун, ал ошол убактагы чындыгында баатырдыкка тете иш болгондугун чечмелеп айтып берди.

Өкүнүчтүүсү – чыгаан жазуучунун жарыкчылыктан өткөнүнө он жыл болуп бараткандыгына карабастан, борбор калаада же кичи мекенинде атын калтыруу боюнча эч кандай иш болбоду. Быйыл анын 90 жылдыгы белгиленип жатканда өкмөттүк иш-чаралардын алкагында бул кенемте толтурулабы же жокпу, азырынча белгисиз. Анын кичи мекенинде адамдын аты жабыштырылбаган мектеп түгүл, көчө, бала бакча деле калбаган. Өкмөт маарекелик иш-чаралардын алкагында борбор калаабыздын, Ош шаарынын бирден көчөсүнө, маданий мекемелеринин бирине анын ысмын ыйгарса, окурмандар ыраазы болушмак.

Кечеде Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын башкы кеңсесине жазуучу Төлөгөн Касымбековдун ысмын берүү жөнүндө маселе көтөрдү эле, ал кеңсенин эмгек жамааты, катышкандар тарабынан колдоого ээ болду. Эгерде айрымдар анын ысмынын ыйгарылышын көргүлөрү келишпесе эле…

Өз маалыматыбыз, Сүрөтү Ализа БАЙСЕЙИТОВАныкы