Федор Емельяненко нокаут менен жеңилди (видео)

25-июнь күнү Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан Bellator 180 аталышындагы эрежесиз эр уруш турниринде россиялык мушкер Федор Емельяненко америкалык Мэтт Митрионго беттештин биринчи раундунда нокаут менен жеңилди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Беттештин биринчи раундунда Федор Емельяненко менен Мэтт Митрион бири-бирине катуу сокку узатып, экөө тең кулаган. Бирок америкалык мушкер өзүнө тез келе калып, Емельяненкого бир нече ирет сокку урган. Натыйжада рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон.

Эки спортчу ушул жылдын февраль айында эле рингде жолугушмак. Бирок мелдешке бир нече саат калганда Митриондун бөйрөгүндө таш бар деген күмөн менен ооруканага жаткырылган.

Федор Емельяненко аталган турнирдин алкагында бешинчи ирет жеңилип жатат.