Кызматташуу –  эки тараптуу кыймыл  

30-мартта Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, БУУнун Борбор Азия үчүн алдын ала чара көрүү боюнча аймактык борборунун башчысы Наталья Герман менен жолугушту.

Биргелешип кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланды, ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясий процесстер жана эпидемиологиялык кырдаал боюнча пикир алышуу болду. Мамлекет башчысы ар кандай долбоорлор менен программалардын алкагында Кыргызстанга көрсөткөн көмөгү үчүн БУУ тутумуна ыраазычылык билдирди. Ал былтыркы октябрь окуялары өлкө тарыхындагы дагы бир бурулуш этап экендигин, ага карабастан, кыска убакыттын ичинде кырдаалды турукташтырып, конституциялык талаага алып келүү мүмкүн болгонун билдирди. Садыр Жапаров бүгүнкү күндө өлкөдө кырдаал туруктуу экенин, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдум өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатканын баса белгиледи. Эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ушул транзиттик мезгилден ийгиликтүү өтөрүнө бекем ишенимин билдирип, БУУ институттарына өлкөдө шайлоо процесстерин өткөрүүгө көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылыгын айтты.

Өз кезегинде Наталья Герман БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутеррештин Борбор Азия чөлкөмүндөгү, айрыкча, Кыргызстандагы процесстердин өнүгүшүнө кылдат байкоо жүргүзүп жатканын баса белгиледи. Ал кыргыз тарапты эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте аргасыздан чет өлкөдө калган 79 баланы Ирактан кайтаруу боюнча гуманитардык операциянын ийгиликтүү ишке ашырылышы менен куттуктады. Анын белгилешинче, БУУ бул тажрыйбаны жогору баалайт жана мындай иштерге жардамын уланта берет. Атайын өкүл алдыдагы шайлоо процесстери калктын бардык катмарынын катышуусу менен ачык-айкын өтөт деп үмүт артарын билдирди. Мындан сырткары, ал улуттук мыйзамдарды инвентарлаштырууга, калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдө кызматташууга эксперттик жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгилеп, Кыргызстан менен БУУнун ортосунда адам укуктары боюнча биргелешкен кеңеш түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Жолугушуунун жыйынтыгында Президент С. Жапаров Кыргызстан демократиянын, адам укуктарынын принциптерин, ошондой эле өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин аткара турганына дагы бир ирет ишендирип, айтылган бардык маселелер боюнча активдүү кызматташууга даяр экенин билдирди