Өлкөнүн өнүгүшү ЖӨБ органдарынан көз каранды  

Өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу(ЖӨБ) органдары менен өз- ара аракеттешүүнүн жаңы деңгээлине өтүүсү керектигин Өкмөт башчы Улукбек Марипов жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча жолугушууда билдирди.

«11-апрелде жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо менен катар өлкөнүн тарыхындагы негизги окуя – Конституциясынын жаңы долбоору боюнча референдум өтөт. Жаңы долбоор жактырылган соң иштеп жаткан ченемдик-укуктук актыларга элдин кызыкчылыгына багытталган көптөгөн өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болот. Алардын бири Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодекс болушу мүмкүн. Ал өзүнө бардык милдеттерди камтып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ал боюнча иш алып барышы керек», — деди Улукбек Марипов. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин директору Бектурган Орозбеков бирликтин негизги багыттары боюнча маалымдады. Өкмөт башчы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карап чыгуу зарылдыгын белгиледи. «Бүгүн биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинен көп нерселер көз каранды болгон өнүгүү этабында турабыз. Муну эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кесипкөй квалификациялуу кадрларга муктаж. Жаш адистерди тартуу, иштеп жаткан муниципалдык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу керек. Муниципалдык кызматкерлерди, шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын жана жергиликтүү кеңештеги депутаттарды окутуу тутуму өркүндөтүүгө муктаж экендиги айкын. Алардын сабаттуулук деңгээлинен өлкөнүн 452 айыл аймагында жана 32 шаарындагы жашоо ыкчам жана сапаттуу өнүгөөрү көз каранды. Өз кезегинде Өкмөт аталган пландарды ишке ашыруу үчүн колдоо көрсөтөт», — деди Премьер-министр