«Конституциянын «атасы» болбойт…

– Чолпонкул Исаевич, мындан 11 жыл мурда кабыл алынып, 2016-жылы оңдолгон Конституция, ага негизделген мамлекеттик башкаруу тарыхтын дөңгөлөгүн тескери айлантып, өткөн жылдагы элдик толкундоолорго апкелди. Демек, анын өзү эл 2010-жылдагы конституцияга даяр болгон эмес дегенди билдирет. Кыргызстандын коомчулугу бу жолу жаңыланган Конституция долбоорун кабыл алууга даярбы?

– Январда өткөн референдумда Кыргызстандын эли “президенттик башкаруу формасын тандап, жоопкерчиликти бир адам алсын” деп өз эркин билдирип, 80 пайыз колдоп берди. БШК тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынды. Бул биринчи кадам эле. Президенттик башкаруунун андан аркы өнүүгүсү жаңыланган Баш мыйзамдын негизинде болот. Апрелде өтө турган референдум, бул кийинки, чечүүчү кадам. Мындай тагдыр чечилген учурдагы референдумду шайлоочулар колдоп берет деген менде терең ишеним бар. Конституция – өлкөнүн Баш мыйзамы болгон соң, ал Кыргызстандын ар бир жаранына тиешелүү. Мамлекеттик деңгээлде чечим кабыл ал турган жогорку саясий кызматтагы жаранбы же карапайым адамбы, Конституция ар бирибиздин тагдырыбыз, күнүмдүк жашообуз менен түз жана кыйыр байланышкан. Себеби, ар бирибиздин укугубуз, милдетибиз жана жоопкерчилигибиз Баш мыйзам менен жана андагы негизги принциптерге негизделип, ага ылайык келген башка мыйзам актыларынын чегинде болушу керек. Ушул өңүттөн алганда, Кыргызстан чоң, өтө маанилүү саясий өнөктүктүн алдында турат. Єлкөбүздүн ар бир жараны өз тагдырына кайдыгер карабай, алдыдагы референдумга жоопкерчилик менен мамиле жасап, өздөрүнүн эркин билдирет жана Кыргызстандын эли Конституциялык кеңеш ийине жеткирген Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп берүүгө даяр деп ойлойм. Аны өткөн жылдын октябрь айындагы элдик толкундоолор тастыктады. Азыркы аракеттеги Баш мыйзам туюкка кептелип, мамлекеттик башкаруу менен коомдун ортосунда карама-каршылык келип чыккан соң, парламенттик башкаруу системасы менен жашоого мүмкүн болбой калган үчүн эл көтөрүлдү да. Мындан ары ал жол менен өнүгүшүбүз мүмкүн эмес болчу. Биз зор өзгөрүүлөр болуп жаткан тарыхый мезгилде жашап жатабыз. Референдумга коюлуп жаткан Баш мыйзамдын долбоору кабыл алынса, андагы каралган принциптердин негизинде, ага ылайык келген жүздөгөн мыйзамдарды тез аранын ичинде кабыл алуу милдети турат. Анткени, Конституцияда каралган иш милдеттерди жүзөгө ашыруу ошол мыйзам актылары аркылуу жүрөт жана ар бирибиздин жашообуз менен тыгыз байланышта, элдин жашоосунда да сезилерлик өзгөрүүлөр байкала баштайт. Бул мыйзам ченемдүү нерсе.

 – Референдумга коюлуп жаткан Баш мыйзамдын долбоору бир адамдын бийлигине, «ханституцияга» жол ачат деген көз караш да айтылып жатпайбы?..

– Референдумга коюлуп жаткан Баш мыйзамдын долбоору – «ханституция» болушу мүмкүн эмес. Кыргыз мамлекети, кыргыз коому – ачык коом. Биздин өлкөдө 254 саясий партия расмий катталган. Мындан сырткары 10 миңден ашык өкмөттүк эмес уюмдар, 206 массалык маалымат каражаттары, бир сөз менен айтканда жарандык коом натыйжалуу өз ара аракеттенүү менен коомдун ачыктыгын камсыздап келүүдө. Кыргызстан ачык коомго айланган мамлекет, элден эч нерсени жашырыш бүгүнкү күндө мүмкүн эмес. Элибиз акыркы жылдарда абдан саясатка катуу берилип, коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөргө кайдыгер карабайт. Өлкөбүздүн соңку жаңы тарыхы кыргыз коомчулугу бир адам бүт бийликти өз колуна топтоп, бир туугандары, үй-бүлөсү менен башкарууга жол бербей турганын бир эмес, үч ирет далилдеди. Демек, бир кишинин бийлигине, «ханституцияга» мындан ары да жол жок. Бул бир. Экинчиден, соңку шайлоолордо административдик ресурстар колдонулбай, акыйкат өтүшүнө жакшы жол салына баштады. Үчүнчүдөн, учурда республика боюнча акимдер жана анын орун басарлары аттестациялоодон өтүп, ал эми келечегинде жалпы эле мамлекеттик кызматка конкурстук негизде гана мамкызматка алына тургандыгы, улуттук кадрлар резерви да конкурстук негизде тандала тургандыгын жаңы шайланган өлкө башчыбыз Садыр Нуркожо евич элибизге ачык жарыялады. Мындай тандоо мамлекеттик органдардагы акыйкат башкарууга жол ачат. Бийликке келген саясий партиялар болобу же башка жогорку мамлекеттик кызматка келген адамдар өз жакындарын мамлекеттик кызмат ордуларына мурдагыдай күчкө салып, мыйзамсыз жолдор менен ала албайт. Себеби, мунун баарына коомчулук көз салып турат жана жол бербейт. Эң башкысы, президент өзү көшөгөнүн артында туруп башкарган доор өттү деп эл менен болгон жолугушуларында баса белгилеп айтып жатат. Бул жакшы жышаан. Себеби, мурда парламенттик башкаруу деп коюп, президент өзү көшөгөнүн артында туруп башкарып жатканы, парламент куурчакка айланганы жалпы элге маалым болчу.

– Конституциянын долбоору жазылып жатканда дүйнөлүк тажрыйба эске алынды да, ыраспы?

– Албетте. Президенттик башкаруу системасы менен жашаган көп өлкөлөр дүркүрөп өнүгүп жатат. Ошол эле АКШны алсак, аларда президент аткаруу бийлигинин башында туруп, ички жана сырткы саясатты аныктайт. Конституциянын жаңы долбоору боюнча бизде да дал ошондой болот. Ал эми министрлер кабинети жана анын төрагасынын ыйгарым укуктары Баш мыйзам долбоору референдумда колдоого ээ болсо, конституциялык мыйзам менен толук түрдө аныкталат, такталат. Мунун баары бүгүнкү реалдуулуктардан келип чыккан зарылдыктар. Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Президент жүзөгө ашырат, Министрлер Кабинетинин түзүмүн жана курамын аныктайт. Президент аткаруу бийлигинин башында болгон соң, бир эле аппарат болот. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин Администрациясынын жетекчиси болуп саналат. Мындай мисалдар дүйнөлүк практикада деле кездешет. Булл жаңылык деле эмес. Каржылык муктаждыкты, Улуттук өзгөчөлүктү эске алып, ушул кадамга барууга мажбурбуз. Мамлекеттик чиновниктердин санын кескин кыскарат, бюджет үнөмдөлөт. Буга чейин президенттин аппараты менен өкмөттүн аппараты иш милдеттери боюнча бирин-бири кайталап, карама-каршылыктар, өз ара түшүнбөстүктөр болуу менен, бири-бирине тоскоолдук кылып келген. Эми эки аппарат бириксе, иштин натыйжалуулугу да арта турганы талашсыз, ал эми калкка кызмат кылуу, кабыл алына турган мам-__ лекеттик деңгээлдеги чечимдердин сапаты да тез ара жогору болот деген ишеним менде өтө курч. Кыскасы, артты карап кылчактабай алдыга жылган жакшы, элибиз айткандай бир өлүмдөн башканын баары эрте болсун.

– Мамлекеттик катчынын орду кандай болот?

– Мамлекеттик катчыны Президент кызматка дайындайт жана бошотот, өлкөнүн соңку жаңы тарыхында мурда да мындай жогорку саясий кызмат орду болгон, кийин жоюлуп кетти. Себеби, менин жеке пикиримде бийликтин башка бутактарынын ишине көбүрөөк кийлигишип, Президентке сын-пикир айткандан болду болуш керек. Негизи эле дүйнөлүк практикада да, ошондой эле биздин өлкөбүздүн өткөн чагында деле мамлекеттик катчы идеологиялык иш милдеттерди аткарып келген. Күчтүү мамлекет болуш үчүн мыкты улуттук идеология болушу керек. Анткени, улуттук идеология бул коомдо пайда болгон карама-кашылыктарды, уруш-талаштарды, керек болсо жаңжалдарды жумшартуучу, же аларды болтурбай коюучу универсалдуу механизмдердин бири болуп саналат. Бир сөз менен айтканда улуттук идеянын башкы максаты бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ынтымактуу, маданияттуу Кыргыз элинин бакубат жашоосун камсыздоо, мекенчилдикке тарбиялоо. Мамлекеттик катчы улуттук идеологиянын уңгулуу концепциясын иштеп чыга турган, күчтүү лидерлик касиеттерге ээ болсо, бийлик бутактары ортосундагы тең салмактуулукту сактоодо, мамлекеттин өнүгү келечегин аныктоодо да анын орду жогору болору шексиз.

– Референдумда сунушталып жаткан Конституция долбоорунун кандай артыкчылыктары бар?

– Биз буга чейин президенттик, президенттик-парламенттик, парламенттик башкаруу өңдүү мамлекеттик башкаруу системасын башыбыздан өткөрдүк. Мындай мамлекеттик башкаруулар акыр аягы келип элдик толкундоо жана ынкылаптан башка эч нерсе берген жок. Эми, буюрса, минтип эл ачык референдумда тандаган президенттик башкарууга өткөнү турабыз. Мына ушунун өзү башкы артыкчылык. Анткени, конституция да – өзгөчө конструкция. Ал биринчи кезекте мамлекеттик түзүлүштү, мамлекеттеги бийликтин бутактарын аныктайт. Президенттик башкарууга өтүүгө толугу менен шарт түзөт. Конституциядагы дагы бир маанилүү нерсе – адам укугу, жарандын укугу. Ошондой эле бүгүнкү максат –укуктук мамлекетти куруу. Мунун баары жаңыланган долбоордо мыкты иштелген. Мындан тышкары, улуттук өзгөчөлүктү, көпчүлүк элдин сунуш пикирин эске алуу менен Курултай институту киргизилди. Курултай институту да ата-бабадан келаткан салт боюнча бийлик ортосундагы тең салмактуулукту сактоодо, ханституция болуп кетпесине жол бербей турган жаңы институт. Азыркы долбоор келечекте Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө, глобалдык масштабдагы цивилизациялык ачык коомго өтүүсүнө толук шарт түзүп, мамлекетибизде акыйкат башкаруу орнойт деп ишенимдүү айтсак болот.

– Курултай институту ашыкча болуп калган жокпу?

– Жок. Элдик Курултай –коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын катары Конституциянын долбооруна кирди, мен окумуштуу юрист катары Курултай институтунун киргизилип жатканына бир нече тарыхый факторлор себеп болду деп ойлойм. Жогорку Кеңештин соңку чейрек кылымдагы ишмердиги, айрыкча акыркы он жылда баарыбызды кабатыр кылды, ишмердүүлүгү элибизди канааттандырган жок. Эгер, Жогорку Кеңеш өз ишин мыкты, компетенттүү аткарганда, мурдагы президенттердин “куурчак”, “кол бала” парламентине айланбаганда, Курултай институту кирбей калат беле? Башкасын кой, партиялык шайлоо системасын жактап, ал система аркылуу өз партиясын Жогорку Кеңешке апкелген мурдагы президенттер парламентти “чимкирик” атады. Андан сырткары да, мыйзам чыгаруу ишмердигине карата айта турган сындар да оголе көп. Бул бир. Экинчиден, өткөн жылдын октябрындагы элдик толкундоолордо эл тарабынан да Курултай институтун киргизүү сунушу айтылып, элди курултай кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берсин деген элдик демилге эске алынган, мунун эч эрөөнү жок. Курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү баары бир мыйзам менен аныкталат. Эгер, келечектеги шайланып келе турган Жогорку Кеңештин депутаттары мыкты иштеп, өзүн көрсөтө алса, Курултай институту өзүнүн тарыхый миссиясын аткарган институт катары жоюлуп калышы мүмкүн.

– Жаңыланган конституция боюнча азыркы парламенттей алсыз, чабал эл өкүлдөрү топтолуп калат деген коркунуч жокпу?

– Албетте, андай коркунуч дайыма болуп келген, эми да болушу мүмкүн. Бирок, мындай коркунучтун конституцияга түздөн-түз тиешеси жок. Бул шайлоочуларга, коомчулукка, жогорку саясий мамлекеттик кызматкерлерге байланышкан маселе. Биздин жарандык позициябыздан көз каранды. Эгер таза, билимдүү-илимдүү талапкерлерди шайлабасак, анда азабын өзүбүз тартабыз. Кандай болгондо да, эл жаңылбашы керек. Добушту эч качан сатпагандай болушубуз керек. Добушту сатуу – ар-намысты, абийирди саткан менен, келечекти саткан менен тете. А кыргыз эли эч качан ар-намысын, абийирин саткан эмес. Добуштар сатылбаса, адмресурс колдонулбаса элибиз өзү билет кимдин ким экенин.

– Сапатсыз депутаттарды шайласак, сапатсыз мыйзамдар жазылып, жашообуздун сапаты да ошондой болот тура!

– Ооба, туура айтасыз дал ошондой болот. Мына жакында эле мамлекет башчысы мыйзам актыларын инвентаризациялоо боюнча жарлык чыгарды. Себеби, биз кайдыгерлик менен депутаттарды шайлай бергенбиз, алар сапатсыз мыйзамдардын долбоорун жазып, кабыл ала__ берген, натыйжада бүгүн мыйзамдардагы кескин карама-каршылыктар пайда болду. Бул коомду өнүктүрүүгө шарт түзбөйт, тескерисинче артка тартат. Бир эле мисал айтайын, А.Атамбаевдин президенттик кезинде Жазык, Жазык-процессуалдык, жоруктар, бузуулар ж.б. боюнча кодекс кабыл алынган. Бүгүн ошол мыйзам актыларынын аталышынан баштап, ички мазмунуна чейин укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, адвокаттардын, соттордун ортосунда бири-бири менен талаш-тартышты жаратып, иштин сапаты кескин төмөндөп, жазык иштеринин мөөнөттөрү бүгүнкү талаптарга жооп бербей канчалаган кылмыш иштери сотко жетпей турганы жакында эле Башкы прокуратурада өткөн эки жолку чоң жыйында катуу талкууну жаратты.

– Ал мыйзам долбоорлорун даярдоого чоң акча кетсе керек эле?

– Бул мыйзам актыларын, б.а. аракеттеги Кыргыз жазык укугун гумандуу кылабыз, укук коргоо органдарын, сот тутумун реформалайбыз деген ураандын астында жүргүзүлүп, донорлор тарабынан атайын долбоор менен 26 миллион евро жумшалган деген кеп бар, аны компетенттүү органдар териштирип аягына чыгарат деген ойдомун. Кээ бир эксперттер азыркы аракеттеги жазык укугуна байланышкан мыйзам актыларды биздин мамлекетке жасалган укуктук диверсия, мамлекетке, элге каршы жасалган кыянаттык деп жатат.

– Азыркы Конституциянын автору ким?

– Эгерде укуктук теориядан алып караганда, мейли ал Баш мыйзам – Конституция болобу, же башка мыйзамбы, кыскасы, укуктук илимдин тили менен айтканда мыйзамдын автору болбойт. Мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуучулар гана болот. Акыркы 10 жылда мурда кабыл алынган мыйзамдарга үтүр, чекит коюп, ашып кетсе 5, 10 абзац жазып алып, өзгөртүү киргизимиш болуп, мыйзамдын авторумун деген азаматтар көбөйдү. Натыйжада, мыйзамдын саны көп, сапаты жок. Мыйзамдагы карама-каршылыктар күчөп, өлкөнүн артка тарткан мыйзамдар арбып баратат. “Мыйзамдын атасыбыз” деп айткандан уялыш керек, анда энеси кайда? Бул юридикалык сабатсыздыктын белгиси. Эгерде, тарыхка кайрылсак кандайдыр бир мыйзамдын долбоору кимдир бирөөлөр тарабынан иштелип чыгып, эл үчүн, мамлекет үчүн мыкты натыйжага алып келсе, анда эл аны өзү ал мыйзамдын автору – атасы деп атап алышы мүмкүн.

– ЖКнын депутаттары ишеним кат менен добуш эсептеп жүрөт го, буга кандай дейсиз?

– Бул да юридикалык сабатсыздык. Добушту ишеним кат менен берүү эч качан мүмкүн эмес. Ишеним кат менен добуш берүү ар-намысын, абийирин бергенге тете. Ушул өңүттөн алганда, ЖКнын 5-6-чакырылышындагы депутаттар терең тажрыйба топтошту, коомго тескери үлгү көрсөтүү менен кайра шайланып келүү боюнча моралдык укуктарынан ажырап калды го деп ойлоп кетем, албетте баардык эле депутаттар эмес.

– Венециялык комиссия боюнча оюңузду айта кетсеңиз.

– Венециялык комиссияга дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсү мүчө болгон, абройлуу эл аралык уюм. Мен дагы 40тан ашык барактан турган алардын кортундусу менен таанышып чыктым. Биринчиден, аларга Конституциялык кеңешме долбоорду даярдап бүтө электе, ЖК тарабынан даярдалган долбоордун биринчи варианты жиберилгендигин ачык байкоого болот. Экинчиден, мамлекеттик башкарууну тандоо боюнча референдумдун жыйынтыгы да эске алынбаган. Үчүнчүдөн, алар берген корутунду евростандартка негизделип, улуттук өзгөчөлүктөр такыр эле эске алынбай калган. Кыргызстан БУУнун тең укуктуу өкүлдөрүнүн бири катары кыргыз эли өз тагдырын өз алдынча чечүү укугун ээ экендиги, укуктун үстөмдүгүн, адилеттүүлүктү жана тең укуктуулукту камсыз кылууну, чыныгы элдик бийликтин негиздерин бекемдөөнү максат койгон көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет болуп тургандыгын да көңүлгө алуулары абзел болчу. Демек, Баш мыйзамдын кандай болушун Кыргыз эли эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы катары өзү аныктайт деп ойлойм, муну эл чечет. Төртүнчүдөн, конституциясы жок деле дүркүрөп өсүп жаткан мамлекеттер бар. Мисалы, Англия. Бешинчиден, венециялык комиссия айткан сунуштарды, ой-пикирлерди Баш мыйзам кабыл алынган соң, конституциялык, органикалык мыйзамдар, мыйзам актылар иштелип жатканда эске алса болот го деген ойдомун. Венеция комиссиясынын сунуштары боюнча Конституциялык кеңештин мүчөлөрүнүн ой-пикирлери, менин өзүмдүн пикирим деле 40 беттен ашчудай, алар менен бүгүн кайым айтышуунун эч кандай кажети жокко дейм.

– Конституциябыз эл аралык стандарттарга жооп берет деп ойлойсузбу?

– Албетте, жооп берет. Таптакыр түзөтүү киргизиле элек делген АКШнын конституциясына деле далай өзгөртүү, кошумчалар кирген. Жадагалса, эң жөнөкөй эле мисал, шайлоочулардын укугу тууралуу жобо деле каралган эмес. АКШнын Конституциясын басмаканадан басып жатканда, техникалык ката да кетип калган экен. Андыктан, Баш мыйзамдын үтүр чекитине чейин тийиштик кылып, жумурткадан кыр издегендерди түшүнүү кыйын, ар ким өзүнүн деңгээлине жараша ой жоруй берери баарызга маалим го. Жашоо ар дайым кыймылда болгондой, Конституция да өнүгүүгө жол ачуу үчүн өзгөрүп жатканынын өзү жакшы көрүнүш. Эгер, өзгөрөлү, өлкө өнүксүн десек, анда Баш мыйзамды референдумда колдошубуз абзел, келечекте бул Конституция элдин бакубат жашоосуна кам көрө турган, сапаттуу мыйзам актылардын кабыл алынышынын тунук булагы, башаты болуп берет деген ишеним менен сөзүмдү жыйынтыктасам.

Чолпонкул Арабаева, КР УИАнын корреспондент мүчөсү, юридика илимдеринин доктору, профессор