Кыргызстан жаңылануунун дооруна кадам таштады

11-апрелде боло турган референдумга карата өлкө аймактарында Конституциянын жаңы долбоору талкууланып жатат. Ошондой жыйындардын бири 31-мартта Бишкекте “Мамлекеттин Баш мыйзамына жаңыча көз караштар” аттуу аталышта өттү. Анда айтылган айрым пикирлерди жарыялап коюну эп көрдүк.

Зайнидин Курманов, тарых илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы

Президент Жапаровго жардам беришибиз керек

Бүгүнкү күндө өлкөбүздө болуп жаткан окуяларды көптөгөн мамлекеттер баштан өткөрүшкөн. Кыргызстан да глобалдуу дүйнөнүн бир бөлүгү болгон соң, тарыхтын мыйзам ченемдүүлүгүн эске алганыбыз оң. Эл аралык тажрыйбалардан алып көрөлү. Америка эли 1787- жылдагы революциядан кийин дүйнөдө биринчи жолу Конституцияны кабыл алган. Ошол Конституцияны алар чыгаан саясий ишмерлери, юристтери жана катардагы америкалыктар болуп 12 жыл бою талкуулашкан. Элибиз жетимиш жыл советтик системанын курамында жашады. Адамзат басып өткөн коомдордун эволюциялык өнүгүү этаптарын ирээттүү өтүп келгенибиз жок. Ушуга байланыштуу азыркы күндө баарын кайрадан баштан өткөрүп, Конституцияны кайталап жазуу менен алекпиз. Конституция – саясий, укуктук жана руханий нравалык документ. Адамзат коомунда бийликтин башкаруу формасы ар бир мамлекетте ар түрдүү болуп келе жатат. Мисалы Бразилиянын тарыхын алып карасак, бул өлкө эгемендүүлүк алган соң Конституциясын 185 жолу, Аргентинада 178 жолу кайра жазып чыккан. Дүйнөдөгү мамлекеттик түзүлүштөрдүн бардык түрлөрүнүн алгылыктуу жактары бар. Ал үчүн өнүгүү багыттары да ишенимдүү болгону дурус. Бирок, ал өз элинин түпкү менталитетине, коомдук түзүлүштөрдү басып өткөн жолуна, географиялык алкагына ж.б. факторлорго адаптацияланган болушу керек. Мисалы, кадрларды король дайындаган Сауд арабиясы ааламдашуунун шартына жараша өзгөрүлүп, жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрө баштады. Эми алар парламенттик шайлоо өткөрүүнү көздөп жатышат. Көрүнүп тургандай, ар бир мамлекет өз элинин каада-салтына, аң сезимине, саясий даярдыгына карата өзгөрүү үчүн бышып жетилиши керек. Ал эми тыштан таңууланган идеология арабаны аттын алдына салгандай болуп калганын көрүп жүрөбүз. Элибиз мамлекеттик бийликти борборлоштуруунун зарылдыгын эми түшүндү. Бизге күчтүү президенттик бийлик керек экенин 10-январдагы референдумда шайлоочулардын 80 пайызы тастыктады. Ушуга байланыштуу баарыбыз Президент Садыр Жапаровдун мамлекетти өнүктүрүү боюнча алдыга койгон максаттарыишке ашырууга жардам беришибиз керек. Ал үчүн эң башкысы саясий туруктуулукту камсыздабасак болбойт.

Нурлан Шерипов, юридика илимдеринин доктору, Конституциялык кеңештин мүчөсү

Радикалдуу сунуштарды четке кактык

Мен Конституциянын долбоорундагы концептуалдык негизги өзгөрүүлөргө токтолуп кетейин. Элден түшкөн сунуштардын 80 пайызга жакыны социалдык мүнөздө болду. Ошону менен катар, жарандын экономикалык, саясий жана маданий укуктары иштелип, квалификацияланып берилди. Адам укуктары жана эркиндиктери боюнча отуздан ашык жаңы багыттар кирди. Конституциянын мурдагы редакциясындагы бир топ кемчиликтер четтетилди. Мисалы, Баш мыйзамдын 2016-жылдагы редакциясында абакка түшүп, жазасын өтөп жаткан адамды жарандыктан ажыратуучу норма бар болчу. Бул адам укуктарынын эл аралык талаптарына такыр туура келбеген жорук. Бул авторитардык башкаруудагы өлкөлөргө мүнөздүү көрүнүш. Мунун демократиялык принциптерди карманган өлкөлөрдө колдонулушу эч бир логикага туура келбейт. Анын ордуна кылмыш кылган адамды коомго кайрадан кайтаруу үчүн тарбиялык иштерди жолго коюу керек. Деги эле адам баласы төрөлгөндөн баштап өз укуктарынан ажыратылгыс болуусу шарт. Конституциялык кеңешке айрым топтор тарабынан радикалдуу сунуштар дагы түшкөнүн жашыргыбыз келбейт. Мисалы “светтик” деген терминден баш тартып, Баш мыйзамдан биротоло алып салууну талап кылып кайрылгандар болду. “Светтик” деген сөз өлкөнүн эгемендүүлүгү, көз караштардын эркиндиги сыяктуу түшүнүк менен барабар болгон мамлекеттин эң маанилүү, өзөктүү термини. Аны кантип алып салабыз? Биз талашып-тартышып жатып, аны Конституциянын ажырагыс бөлүгү катары калсын деген позицияда туруп, сактап калдык. Жарандардан өлүм жазасын киргизүү сунушу да түштү. Муну дагы Баш мыйзамга киргизип кабыл алуу мүмкүн эмес. Эл аралык адам укуктарынын концепциясына туура келбейт. Коррупцияны өлүм жазасын киргизүү менен жоё албайбыз. Андан тышкары, шайлоого барып добуш бербегендерди кылмыш жообуна тартууну талап кылгандар болду. Бул дагы нонсенс. Шайлагысы келбеген адамды мажбурлап, камап жазалоо туура эмес. Ушул сыяктуу демократиялык принциптерге, адам укуктары боюнча Кыргызстан ратификациялаган эл аралык келишимдерге туура келбеген сунуштар абдан көп болду. Бирок, тескери сунуштардын бир тобун четке кагууга туура келди. Конституциянын долбооруна жөлөк пулдардын, пенсиялардын көлөмү жашоо минимумунан кем болбошу керек деген норманы киргиздик. Муну турмушка ашыруу үчүн экономиканы көтөрүү жана жаңы каржылоо булагын аныктоо иштери жүргүзүлмөкчү. Мындан тышкары, жетим балдарды мамлекеттик колдоого алуу боюнча бир катар фундаменталдуу нормалар кирди.

Турат Акимов, “Деньги и Власть” гезитинин редактор

Элдин тандоосуна шарт түзүлөт

2010-жылдагы Конституция өтө оор кырдаалда кабыл алынганын тана албайбыз. Ошондой болсо да партиялык система дүйнө өлкөлөрүнүн баарында сыдыргыга салгандай жакшы иштеп кеткен эмес. Айтайын дегеним, Ө.Текебаев башында туруп жазылган ушул Конституциянын кемчиликтери абдан көп болду. Анткени, Кыргызстандагы партиялык система акча алып, байлык чогултуу менен гана башкарылып калганы жалганбы? Эгер мен калп айтып жаткан болсом, “Ата-Мекен” фракциясынын лидери менен акча үчүн чатакташкан депутаттар айтып беришсин. Депутат болуу үчүн акылдуу, билимдүү, ыймандуу болуу эч кандай роль ойнобой калды. Анткени, шайлоочу көптөгөн партиялардын жайнаган тизмелеринен кимди тандоону билбейт. Ушундай кесепеттерден улам өлкөбүз Текебаев түзгөн партиялык системадан чыгып, чоң өзгөрүүлөргө барат деп ойлойм. Эгер биз ошол системада кала берген болсок, жакырчылык өсүп, турмуш оорлоп, бийлик менен элдин ортосундагы ажырым чоңое бермек. Эгерде биз демократиялык принциптер менен жашагыбыз келсе, бир мандаттуу жана көп мандаттуу парламенттин шайланып келүүсүн колдогонубуз оң. Жаңы долбоордо 40 депутат бир мандаттуу система менен, ал эми 60 депутат партиялык система менен шайланып келет. Бул элдин тандоосуна шарт түзгөн алгылыктуу кадам деп ойлойм.