Бийлик жоопкерчиликтүү болбосо, элдин багы ачылбайт

Кыргызстандын калкы 11-апрелде боло турган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге өтүүчү Бүткүл элдик референдумда Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча добуш берет. Буга чейинки референдумда элибиз Президенттик башкаруу жолун тандап алган. Кандай болгондо да референдумга коюлуп жаткан Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун тагдырын элибиз өзү чечет.

Кыргызстандын жаңы тарыхында, тагыраагы эгемендикке ээ болгондон бери улам бир жакшылыктардан үмүт кылып, Баш мыйзамды канча жолу өзгөрткөнүбүздү эстей албай да калдык. Башкысы буга чейинки Баш мыйзамдарда Президенттин, дегеле бийлик бутактарынын жоопкерчилиги тууралуу жарытылуу сөз болбоптур. Ошол эле президенттик кызматты алсак, тескерисинче, ыйык китептерде айтылгандай “Президент жазып-тайып, билип-билбей жасаган күнөөсү болсо жоопкерчилик тартпайт” маанисинде алаканга салып “алдейлеп” келиптирбиз. Мындай президенттердин алдыңкы экөө элден безип жүрсө, арткыларынын бири билген талканын чалып отуруп, түрмөгө кантип барып отуруп калганын өзү деле аңдабай калды окшойт. Референдумга коюлуп жаткан Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда – мына ушул бийлик жоопкерчилиги, анын ичинде Президенттин милдеттери жана укуктары, эң негизгиси жоопкерчилиги так, даана көрсөтүлгөндүгү – Президентке чоң саясий-укуктук жоопкерчилик жүктөлүп жаткандыгын көрсөтөт. Дагы соңку отуз жылда отуз эки премьер-министр алмашты деп алаканды шак коюп, үшкүрүп калмайыбыз бар. Бул дагы парламенттик-президенттик башкаруудагы, ошол эле Баш мыйзамдагы алешемдик болгон. Аныгында президенттер өлкө жүгүн өздөрү тарта албай бара жатканда, бардык өксүктү өкмөткө шылтай салып, аны чүкөдөй алмаштырып турганга маш эле. Муну Президент Садыр Жапаров “Азаттыкка” берген маегинде өзү жакшы ачып берди: “Бул мамлекетти алдыга жылдырып, тартип орното турган Баш мыйзам деп болот деп ойлоймун. Биз парламенттик да, парламенттикпрезиденттик системада да жашап көрдүк. Андан мурда президенттик башкарууну да баштан өткөрдүк. Эмнени гана көрбөдүк? Жыйынтыгында бийлик вертикалы бир эле болушу керектигине көзүбүз жетти. Бүгүнкү аракеттеги Баш мыйзам боюнча үч бийлик бутагы бар. Акыркы 10 жылда ушул үч бийлик бутагы бийлик бюрократиясын пайда кылып, чечкиндүү аракет кылганга эч кимдин жоопкерчилиги болгон эмес. Президент парламенттин же өкмөттүн колу менен жасап коюп отура берчү. Мен деле ошондой кылсам болмок. Бирок, андай кылганымда өлкөбүз дагы 5-10 жылды жоготмок. Ошондуктан, мен жоопкерчиликти бир адам мойнуна ала турган системаны түздүк деп эсептеймин”. Ошондой эле Садыр Жапаров Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча Президентке экономика, элдин жашоо-турмушу, өлкөнүн ички-тышкы саясаты боюнча да жоопкерчилик жүктөлөөрүнө токтолуп кетти. «30 жыл ичинде жоопкерчилик алган бир дагы адам болгон жок. Биздин да убактыбыз өтөт, башка адам келет. Ким келбесин ал адам жоопкерчиликти алып, мамлекет тагдырын чече ала тургандай болушу керек. Болбосо, Президент, Өкмөт, Парламент болобу, бири дагы жооп бербей, чече албай, бир-бирине шылтап, бүгүнкүдөй айлампа болуп отура беришет турбайбы. Минтип отурсак эч качан алдыга жыла албайбыз. Аны убакыт көргөздү”, – деди ал. Ошол эле учурда: «Бардык башкаруу бийлиги президентке өтүп кетти, бийликтин тең салмактуулугу сакталбай калды», – дегендер да бар. Баш мыйзамдын референдумга сунуш кылынган долбоорун кур дегенде бир сыйра барактап көргөн сабаты бар адам, андай эмес экенине көзү жетет. С.Жапаров “Азаттыкка” берген маегинде бул боюнча да түшүндүрмө берип, Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча бардык бийлик толук кандуу президентке өтүп кетпегендигин, парламенттин укугу да бир кыйла кеңири экендигин белгилеп өттү. “Парламент министрлер кабинетин түзүп, өкмөт мүчөлөрүн, сотторду беките турган, контролдоочу орган болот”, – деди Президент. Бир сөз менен отуз жыл бою оош-кыйыш жолдо жүргөн Кыргызстан, акыры Президенттик башкаруу системасын тандап алып, эми ага ылайыктап Баш мыйзамын оңдоп-түзөп алуунун жолунда турат. Алдыда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен катар Бүткүл элдик добуш берүү аркылуу Баш мыйзамыбызды кабыл алган турабыз. Ушул жолубуз

Темирбек Алымбеков «Кыргыз Туусу» №20-саны