Биздин Наргиза

“Кыргыз Туусунда” чуркап иштеген Наргиза Казакбаева деген кызыбыз бар. Ажары айдай бул кызыбыз иште отурса редакциянын, сыртка чыкса көчөнүн көркү. Өзү такшалган журналист. Жердин түбүнө
болсо да барып, кызыктуу материалдарды таап келгендиги баарыбызды дайыма кубандырып келет. Жакында Бишкекте «Beauty Company Kyrgyzstan» агенттиги “Кыргызстандын сулуусу-2021” конкурсун өткөргөн. Ага кабарчыбыз Наргиза да катышып “Кыргызстандын элеганттуу айымы” аталган номинациясын жеңип алды. Элеганттуулук-француз тилиндеги “еlеgant” деген сөздөн алынган этика-эстетикалык түшүнүк. Кыргызча мааниси, келбети келишкен, баары жарашып турган дегенди ту[1]юнтат. Сурайылдай суналган кесиптешибиз Наргизага көктөмдөгү гүлдөй көркөмдүктү, күлкүсү күндү уялткан сулуулукту каалайбыз. Дагы ийгиликтерди багынта берүүсүнө тилектешпиз!

Асел Сүйөркулова, “Кыргыз Туусу”