Германияда робот кураган кыргыз кыз

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


«Бала уядан эмнени көрсө учканда ошону алат»-деген сөз жөн жерден айтылбаган эмеспи. Анын сыңарындай, Нурзада Макееванын атасы Адылбек Макеев «Тоо арасындагы акын» аттуу ыр китептин автору. Таякеси акын Өмүрбек Дөлөев, Ак-Талаа райондук «Айыл турмушу» гезитинин редактору. Бул адамдардын тийгизген таасири чоң болгондуктан, Нурзада эртелеп поэзия дүйнөсүнүн босогосун аттап, кичинесинен эле ырлары гезиттерге жарыяланчу. Анткен менен поэзия жашоодогу бир канаты болсо, кесиби экинчи канаты. Бул жаатта да ийгиликтерге жетишкен ал учурда Германиянын Нордрайн-Вестфален аймагында жашап, иштеп жаткан кези.

Балалык кез баарынан таттуу

Балалык кезим тоолордо өткөн

5-6 жашыма чейин чоң атам Сары (чыныгы аты Иманаалы болгон), чоң апам Кушбүбүнүн колунда чоңойгом. Алар Арпа жайлоосун жайлап, тоо койнундагы сарайларда кышташкан. Арпанын кереметтүү жаратылышы, алкынган Чоң-Каман, Кичи-Каман суулары, керемет жомоктогудай табигат мени курчап, мен өзүмдү ошол табияттын ханышасындай сезер элем. Чоң атам менен чоң апам мени абдан эркелетип, менин күндөн-күнгө чыккан кылыктарыма кубанып турушчу. Ошол табигат мени шыктандырдыбы, айтор 3-4 жашымда эле жамактап ырларды айтып, чоң aта, чоң апамдын, ата-энемдин аттарын жазып окуганды үйрөнүп алгам. Аябай көп сүйлөчүмүн, суроо берсе ыр менен жооп берип, кээде айла- намдагы адамдарды күлдүрчүмүн. 6 жашымда өзүмдүн ата-энемдин колуна келдим.

Мектептин босогосун аттаганымда аябай сүйүнгөнүм азыркыга чейин эсимде. «А» тамгасын тааныткан эжем Атыргүл Сатындиева болгон. 1-классымда «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун, кийин Чыңгыз Айтматовдун китептерин берилип окудум. Өзүм абдан китепкөймүн, атам да китепти жакшы көрөт, ал экөөбүз китепти талашып окуйбуз. Кээде үйдөгү жумушту аткарбай, таң атканча китеп окуп апаман тил уккан күндөрүм болгон. Азыр да сөзсүз сумкамдан бир китеп табылат.

Германияга жетүү жеңил болгон жок

Кийин Ак-Талаа районундагы Эсенгул Карасартов атын- дагы орто мектепти артыкчылык менен аяктап, КГУСТАга Кыргыз- Герман факультетинин колдонмо информатика жана экономика адистигине тапшыргам. Университетке Германиядан профессорлор келип, бизге сабак өтүп турушчу. Ошондон улам немис тилине, маданиятына кызыга баштадым. Окуудан тышкары КГУСТAнын студенттик «Уста Медиа» гезитинде иштеп, окуу ну кызыл диплом менен аяктадым.

Келечекке чоң максаттарды кой- гон адаммын, жеке эле өзүмдүн максатым үчүн эмес, Кыргызстандын да кызыкчылыгын ойлодум. Анткени Кыргызстан өнүгүшү үчүн, өнүккөн өлкөлөрдүн, кантип ушул даражага жеткенин түшүнүү керек. Аны түшүнүү үчүн ал жактын билимин алуу абзел.

Бишкекте көптөгөн немис тилин үйрөтчү ийримдер бар, алар мага тилди гана үйрөтпөстөн кан- тип, кайсы жолдор менен кетүүнүн жолун үйрөтүштү. Ошентип Германияга кетишим оңой болгон жок, ага көп эмгек, тырышып тил окуу, чечкиндүүлүк жана, албетте, материалдык жактан да каражат зарыл болду. Өзгөчө каражат табуу мен үчүн эң чоң маселелердин бири болгон. Анткени мен 5 бир туугандын улуусумун, карапайым үй-бүлөдө чоңойгом. Бирок эгер адам өзүнө ишенсе, бир гана максат коюп тим болбостон, ал үчүн болгон араке- тин жумшайт жана тилеген тилеги болот экен.

Биринчи роботтум

Учурда роботторду программалоо менен алекмин

Илим-билимге кызыккандыктан, келечекте Энштейн, Аристотель сыяктуу адамзатка пайда алып келчү ачылыштарды жасагым келет. Кыргыз, орус, англис, немис, түрк тилдеринде эркин сүйлөйм. Азыркы учурда Германиянын Билефельд университетинде Когнитивдик информатика факультетинде акыркы курста окуйм. Когнитив бул адам баласынын мээсинин кандай иштей турганы жөнүндө изилдейт, ал эми информатика баарыбызга белгилүү. Буга чейин виртуалдык оюндарды программалап, интеллигент роботторду кураштырып чыктым. Мисалы үйдү өзү тазалаган чаң соргучтарды, өзү тамак жасаган роботторду прогpаммалап жатам.

Окуумдан тышкары жогоруда аталган университетте иштейм. Бул жакта жакшы окуган студенттер жумуш издеп убара болушпайт. Анткени фирмалардан өздөрү келип, иштөөнү сунушташат. Ага кошумча өзүм ачкан жеке фирмам бар. Заманбап теле фондорду (iphone, Samsung ж.б.у.с), компюьтерлерди оңдойм. Жеке жа- шоомдон айта кетсем, турмушка чыккам. Жолдошум Свен экөөбүз чогуу бир түтүн булатканыбызга беш жыл болду. Ал дагы аябай эмгекчил, таланттуу. Ыр жазат жана бир фирманы жетектейт.

Министр менен кезиккенде аябай сыймыктандым

Ханелоре Крафт менен жолугушууга 3 студент гана жолдомо алган

Мен жашаган аймактын министр-президенти Ханелоре Крафт менен жолугушуум мага чоң таасир берди. Билефельд университетинде 25 миңден ашуун студент окуйт, ошолордун ичинен 3 студент министр-президент айым менен жолугушууга жолдомо алганбыз. Ал айымга Кыргызстан жөнүндө айтып бердим. Экөөбүз экономиканын өсүшүнүн келечеги жөнүндө кеңири пикир алыштык.

Ал кыргыздардын кыздары ушундай акылдуу экенине таң бергенин айтты. Бул сөз үчүн аябай сыймыктандым, анткени кыргыз элимди уят кылбай, кыргыз жүзүн көргөзүү максатым эле. Кийин татыктуу тажрыйба топтоп, Kыргызстандын келечегине салым кошуу тилегим бар. Албетте, анан – окуумду ийгиликтүү аяктоо. Андан тышкары чыгармачылыгым менен aлектенүү. Азыркы учурда жазып жаткан китептерим бар. Ошолорду аягына чыгарууну пландап жатам.

“Канча табак тамак жейсиң» – деген суроого таң калбай эле коюш керек

«Бардык башталыш татаал» дегендей, бөлөк эл, бөтөн жер башында абдан оор болду. Алгач бир немец үй-бүлөдө жашап, алардын балдарын карашып, кичине акы алып, аны кичинеден Германиянын университетиндеги тилди үйрөтүүчү курстарына жумшай баштадым.

Ал жакта адамдардын жашоо маданияты аябай жогору, аны көчөлөрүнүн тазалыгынан эле байкаса болот. Жума сайын таштандыларды атайын машиналар менен үйдүн алдынан алып кетишет, таштандылар да биологиялык кайра иштетилүүчү, желим жана айнектер болуп өз-өзүнчө бөлүштүрүлөт. Aларга ылайыктуу идиштер бар. Элге социалдык жактан көп жардам бөлүнөт, кыскасы эч ким ачка калбайт. Ишсиздерге да акча бөлүнүп турат. Балдар өзгөчө коргоого алынат. Эгерде ата-энеси аракеч же балдарын кордосо ата-энелик укуктан ажыратылат.

Ошондой эле немистер тамактануу адебине абдан маани беришет. Мисалы чалпылдатып чайноо, же шорпулдатып суюк тамактарды ичкенди абдан жаман көрүшөт, кичинекей балдарга дагы биринчи тамактануу адебин үйрөтүшөт. Тамакты ысырап кылганды жаман көрүшөт, ошондуктан ар бир кишиге ченеп бышырышат. Биздегидей ич, же деп шыкашпайт. Ким канча кааласа ошончо жеп-ичет. Башында уялып «ичтим-жедим» деп коюп ачка калган күндөрүм болгон. Өзгөчө тамак жасоонун алдында: «Сен канча табак тамак жейсиң?» – деген суроого таң калбай эле коюш керек.

Жолдошум экөөбүз көптөгөн футбол оюндарын көргөнү барабыз

Жолуккан жерден сүйлөшкөнү футбол

Немистер бай болсо дагы бизчилеп кымбат машиналарды алып, зыңгырап кийинишпейт. Алар тапкан каражатын чет өлкөлөрдө эс алууга, саякат жасоого жумшашат. Байлыктарын көргөзүп мактанышпайт. Өзгөчө: «Сен канча айлык аласың?» – деген суроо адепсиздик болуп эсептелет. Aр бир адистиктин ээси өз кесибин жакшы билет, коррупция деген жок. Өз эмгегиң менен гана бир адистиктин ээси боло аласың. Немистер өтө эмгекчил болушат, иштерди тыкан жана кылдаттык менен аягына чейин жасашат. Немистердин көбү кошуна-колоң, тууган-туушкандары менен кайдыгер мамиледе. Жаңы адамдар менен таанышуу же достошуу көпкө созулат, алар аябай кылдат жана сак келишет, калп айтышпайт, ушакты көп сүйлөшпөйт.

Немистердин маданиятына футбол оюну сиңип калган, бардыгы ага кызыгат. Жолдошум экөөбүз көптөгөн футбол оюндарын көргөнү барабыз. Өзгөчө эркектер жолуккан жерден сүйлөшкөнү футбол. Жогоруда айтылган мүнөздөмөлөр бардык немистерге тиешелүү деп жыйынтык чыгаруудан алысмын. Анткени ар бир элде жаманы-жакшысы болот эмеспи. «Жаман калк болбойт – жаман адам болот».

Максатына жеткен кыргыздар көп

Б ул жактагы кыргыздар менен убакыт тапканда жолугуп турабыз. Алардын басымдуу бөлүгүн кыздарыбыз ээлейт. Кээде бош убакыт табыш кыйын болот. Бардыгы окуу, жумуш менен алек. Алардын ичинде максатына жетип, жашоодо өз ордун тапкандар көп. Негизи эл таануу, жер таануу жакшы, анткени чет элге чы- гып келген адамдын түшүнүгү тереңдеп, көз карашы кеңейет. Эгер окууга тапшырса, окууну бүткөн соң көп мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Сагыныч

Сагыныч, бул бир күчтүү сезим беле,
Кабылды, мени чырмап сыңар желе.
Мөлт этип, көздөн жашым агып кетет,
Эстесем Мекенимди, тез-тез эле.

Саламын айткан мага өскөн жерден,
Сагынам ата-энемди ашып ченден,
Күн болуп, мээрим төгүп чекемден өөп,
Ай болуп караңгыда жарык берген.

Бөбөктөрүм, бир уяда жетилген,
Кучак жайып, өпкүм келет бетиңден.
Эжеке деп, үнүңөрдү укканда,
Жүрөк сыздайт, сагынычтан эзилген.

А досторум, турмуш жолдо табылган,
Окуу жайда же мектепте кабылган.
Бирге күлүп, сыр чечише чер жазган,
Сагынамын, оттой күйүп жагылган.

Нурзада Макеева