Канчасы чын, канчасы жалган

Жаңыл Мырза дегенде, оболу баарыбыздын оюбузга «Жаңыл Мырза» элдик поэмасы келет. Анан гана барып, нойгут элинен чыккан баатыр десе баатыр, акылдуу десе акылдуу, сулуу десе сулуу кыргыз кызынын элеси эске түшөт. Арийне, Жаңыл Мырза тарыхый инсандан адабий кейипкерге айланып, акындардын сезим ышкысынан жаралган ыр саптарына, санжыра кепке айланып, атадан балага, муундан муунга өтүп айтылып келатса да, анын аялзатынын ар-намысы жана аялдардын теңдиги үчүн аруу сезиминен баш тарткан адамдык трагедиясы, дегеле Жаңыл Мырзанын адамдык бейнеси ар кырынан изилденип, анын адамдык парасатына жараша баа бериле электей сезиле берет.

2003-жылы жарык көргөн «Кыргыз тарыхы» энциклопедиясында кыргыз тарыхына из калтырган тарыхый инсандардын жана эл-жерин коргогон баатырлардын катарында Жаңыл Мырзага жарым сап болсо да орун берилген эмес. 2004-жылы чыккан «Кыргыз адабияты» энциклопедиясында: “Жаңыл мырза” – эпос. Ал баатырдык эпостордун арасында өзгөчө орун ээлейт. Бул чыгарма баатыр кыз Жаңылдын тагдырына арналган. КР УИАнын Манастаануу борборунун (азыр Манас таануу борбору жок – авт.) кол жазма фондуна “Жаңыл Мырза” эпосунун төрт варианты: Тоголок Молдонун, Ы.Абдрахмановдун, А.Чоробаевдин, М.Мусулманкуловдун варианттары сакталган. 1957-жылы өзүнчө китеп болуп да чыккан. Ы.Абдрахмановдун варианты “Илим” басмасынан жарык көргөн.

“Жаңыл Мырза” эпосунда калмактардын кыргызга каршы жүргүзгөн баскынчылык чабуулу көркөм баяндалган. Жунгарлардын чабуулдары (17-к. аягы 18-к. башы) элдин аң-сезимине терең из калтырып, тарыхый уламаларда, баатырдык эпостордо чагылдырган. Чыгарманын мазмунунда нойгут уруусунан чыккан Жаңыл Мырза аттуу баатыр кыздын эрдиги баяндалган. Эпос боюнча нойгут уруусу Хотон өлкөсүндө, Лоб дайрасынын жээгинде жашайт. Тарыхчы жана этнографтардын билдирүүсү боюнча “нойгуттар Алтайдан Түркстанга, андан Ферганага келишет. Бул жол Енисей кыргыздарынын жолу. Ал жер илгертен кыргыздар жашаган Сох дайрасынын өзөнү эле. Бул жерде алар байыркы кыргыздарды табышкан. Жаңыл Мырза кыргыздарды издеп, Лобнурга кетсе, Кара мырза кандаштарын издеп Ферганага келген”. Мына ушул санжыранын маалыматына караганда, эпостун тутумунда да нойгуттардын ысымы Лобнур дайрасынын тегереги менен байланышкан. Кантсе да “Жаңыл Мырза” эпосунда тарыхый окуя камтылганы байкалып турат. Сюжеттин жүрүшүндө Жаңыл калмактардын чабуулун токтотуп, элине тынчтык алып берет. Баатыр кыздын ашкан эрдиги, кайраткерлиги тез эле көп жерге тарайт. Душмандар анын түрүнөн эле жалтанат. Нойгут эли болсо анын эрдигине сыймыктанышкан. Катагандын ханы Турсун, кыргызга белгилүү хандары Үчүкө, Түлкү, Кудаяр Жаңыл Мырзаны алабыз деп келип, анын колунан ажал табышкан. Анын эрдигин, кайраткерлигин көрө албаган душмандар аны аңдып жүрүп колго түшүрөт. Бирок, өз намысын өтө жогору баалаган кыз туткунда да кадимки кайраткерлигинен жазбайт. Баатыр кыз үчүн туткун болуу өлүм менен барабар эле. Ошондуктан ал көчүү мезгилинде өз элине качат. Жаңыл баарынан өзүнүн эркиндигин жогору коет. Анын кажыбас кайраты, курч мүнөзү эч бир кишиге баш ийип, көз каранды болууну каалабайт. Эпостун негизги идеялык мазмуну өз элинин эркиндигин жана көз каранды эместигин сактоо өңдүү бийик тү- шүнүктөрдү камтыйт.

“Жаңыл Мырза” эпосун кээ бир айтуучулар аны, тарыхый болгон окуялар менен байланыштырып, ал эпостогу кээ бир образдардын прототиптери жөнүндө да эскеришет. Тоголок Молдонун эскерүүсүндө Жаңыл XVI кылымда жашаган деген маалымат бар. Ы.Абдрахманов аны XVII кылымда жашаган тарыхый инсан деп белгилейт. Жаңылдын жашаган доорунда “кара багыштарда Калматай баатыр, иниси Төлөк, хан Шырдакбек, Үчүкө, Түлкү, карабейиттердин ханы Тейиш, анын балдары Аккочкор, Үлбүрчөк, Бургуйлар жашаган” – дейт Тоголок Молдо. Бул маалыматтарга караганда “Жаңыл Мырза” эпосунда кезиккен каармандардын бир тобу тарыхый адамдар экенин көрөбүз, демек эпостун жаралышына түрткү болгон элдик уламыштар реалдуу адамдардын ысымдарын камтыган болуу керек» – деген маалыматтарды окуй алабыз.

Кыргыз Уикипедиясында «Жаңыл Мырза» – кыргыз элинин баатырдык дастаны экени айтылып, «айрым божомолдор боюнча анын пайда болушу 15–16-кылымдарга таандык. Дастанда калмак баскынчылыгына каршы кыргыздардын күрөшү, кыргыз урууларынын турмушу сүрөттөлөт. Башкы каарман Жаңыл баатыр кыз, нойгут уруусунун билерманы. Анын баатырдыгы душман менен кармашта да, жекече сыноолордо да көрүнөт

(Уландысы бар)

Болотбек Таштаналиев «Кыргыз Туусу»