Бийликтин тең салмактуулугу сакталат

Референдумга чыгарылган Конституциянын долбоору маалымат каражаттарында кенен чагылдырылып, жер-жерлерде талкууланып жатканына карабай айрым саясий топтор ага каршы чыгышууда. Баш мыйзамдын долбоору кимдерге жакпай жатат жана алардын көздөгөнү эмне? – деген суроо боюнча айрым эксперттердин пикирлерин берип жатабыз.

Баш мыйзамдын долбоорун “ханституция” орнотулганы жатат”, – деп сүрөттөп, элди тескери көкүтүүнү көздөгөн топтордун максатын иликтеп көрүп, мен аларды 5 топко бөлдүм, – дейт Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти Рапия Исаева.

– Биринчи топко көп жылдан бери чет мамлекеттен каржыланып келе жаткан бейөкмөт уюмдар кирет. Алар элибиздин менталитетине жат көрүнүштөрдү тартынбай таңуулоону, мамлекеттин ички саясатына кийлигишүүнү адат кылып алышкандар. Алган гранттарды акташ үчүн кожоюндарынын идеологиялык инструкциясы менен Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүшөт. Мына ушуларды Конституциянын долбоорунун 8-беренеси түн уйкусун бузуп жатат. Анда коомдук уюмдар, саясий бирикмелер, кесиптик кошуундар өзүнүн финансылык жана чарбалык иш аракеттерин ачык көрсөтүшү керек экени жазылды. Эми алар сырттан агылып келип жаткан каражаттарынын кайда жана эмне максатта жумшалганы боюнча отчет- торду берип туруулары керек болот. Бейөкмөт уюмдар тууралуу ушул маселе акыркы беш жылдан бери улам көтөрүлүп келе жаткан. Бирок, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери ажылдап кыйкырып чыгышып, бул мыйзамды Жогорку Кеңештен өткөрттүрбөй коюшкан болчу. Эми карап көрөлү, чет өлкөнүн каражатына каржыланган бир ууч уюм, Кыргызстандын бюджети тууралуу толук билгиси келет, а өздөрүнүн каражаты жабык боюнча калуусун каалашат. Бул кайсы логикага жатат? Экинчи топко парламенттик башкарууну каалаган саясатчылар кирет. Бул топтогулар партиянын лидери болуп, саясий коррупция менен чоң байлыкка, бийликке жеткендер. Министрлерди, облус, район жетекчилерине чейин дайындоону колдон чыгарып, бийлик менен акчадан куржалак калып жаткандар. Үчүнчү топко киргендер абдан көп. Мурдагы президенттердин тушунда чоң кызматтарды ээлеп, Садыр Жапаровдун командасынан кызмат жетпей калып, таарынгандар. Жакынкы жылдары өзүн бийлик структураларынан көрбөй же кандайдыр бир “жем акырдан» айрылгандар. Төртүнчү топтогуларды айтсак, бирөөлөрдүн тукуруусу менен Конституциянын алгылыктуу жактарын көргүсү келбегендер. Же болбосо Конституциянын долбоорун окубай, эч нерсени түшүнбөй каршы чыккандар. Эгерде алардан: “Сиз Конституциянын долбоорунун кайсы беренесине жана эмне себептен каршысыз?”, – деген суроого жооп айта алышпайт. Ушундай адамдар арбын. Мындай жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Бешинчи топтогулар — Конституциялык кеңешке кирбей калгандар экен. Ошол саясатчылар маалымат каражаттары аркылуу өзүнүн ызасын чыгарышып, теске[1]ри пикир таратып жатышат.

 

Укук коргоочу Турсунбек Акундун пикири боюнча Конституциянын долбооруна каршы чыккан оппозициянын өкүлдөрү абдан күчтүү.

– Булардын артында Америка каржылаган уюмдар турат жана алар парламенттик шайлоонун алдында сурамжылоо өткөрүүнү каржылашкан, – дейт ал. – 11-апрелден кийин өлкөдө “ханституция” орнойт” деген пикирге караманча каршымын. Анткени, парламент жыл сайын, айрым учурда бир жылга жетпей Өкмөттү отставкага айдап кетирип турду. Мындай көрүнүш өлкөнүн инвестициялык климатына аябагандай сокку урду. Жаңы Конституция кабыл алынса, парламенттеги фракция лидерлери өзүнүн майталкандуу ролун жоготкону жатат. Анткени, эл тарабынан шайланган Президент аткаруу бийлигинин башында турат. Өкмөт туруктуу иштеп, программасын системалуу ишке ашыра алат. Ал эми мамлекеттик бийликтердин тең салмактуулугу жоюлат дегендерге айтып коёлу, парламент өзүнүн – мыйзам чыгаруу, өкүлчүлүк жана көзөмөлдөө боюнча үч функциясын аткаруу менен чектелип калбайт. Оппозиция өкүлдөрү “депутаттардан ыйгарым укуктардын баарын Президент тартып алды”, – деп, электораттын башын айландырышпасын. Мисалы, Парламент Башкы прокурорду, сотторду, Эсептөө палатасынын мүчөлөрүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн дайындоого макулдугун берет. Эл өкүлдөрүнүн макулдугусуз Президент аларды дайындай албайт. Көрүнүп тургандай, Жогорку Кеңештин депутаттарына абдан чоң мүмкүнчүлүк калтырылып жатат. Андан тышкары, эң негизгиси парламентте өлкөнүн бюджетин бекитүү функциясы калып жатат. Мисалы, АКШнын мурдагы Президенти Дональд Трамп Мексика менен Американын ортосун дубал менен тосууга Конгресстен 3 триллион долларды бюджеттен бөлдүрө албай койгон. Ушул сыяктуу ыйгарым укуктар парламентке жетиштүү берилет.

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, мурдагы “Ата-мекен” фракциясынын мүчөсү Туратбек Мадылбековдун пикири боюнча,

Садыр Жапаров коррупцияга катуу каршы туруу үчүн өзүнө чоң милдетти алып жатат. – А.Акаевдин тушунда Кыргызстанга муздаткыч, телевизор, автоунаа чыгаруучу заводдорду, картон фабрикасын ж.б. ишканаларды курууга инвесторлор келген, – дейт ал. – Тилекке каршы, коррупциялашкан бийлик инвесторлордон «шапке» сурап, текшере берип жүдөтүп отуруп, баарын качырышты. Өзбекстанда жыйырма жылдан ашуун мезгилдин ичинде ошондой ишканалардын баары курулду. Азыркы күндө өзбектер самолёт чыгара турган заводду куруп жатышат. Өткөн жылы ноябрда Садыр Жапаров чоң пресс-конференция берген учурда мурдагы Президенттердин айланасындагылар инвесторду президенттин кабыл алуусуна киргизүү үчүн 50-60 миң доллар сурашканын айтып: “Биз мындайларга эч качан жол бербейбиз», – деген. Бүгүнкү күндө ошол майлуу кызматтардан айрылгандар өздөрүнүн фейктерине Садыр Жапаровду туш келди жамандатып жатышат. Албетте, Президентке сын айтууга баарыбыздын укугубуз бар. Бирок, коомду бөлүп-жарып, соцтармактарда өз ара айтыша берсек саясий стабилдүүлүктү бекемдей албайбыз. Мамлекет башчынын аброю өлкөнүн ичинде чоң болсо, инвестиция салууга ниеттенген өнөктөштөр да ага ишеним артышат. Өлкөдө революциялык кырдаалдын белгилери байкалбаса, геосаясатта да тең ата мамиле кыла алабыз. Кол коюлган инвестициялык келишимдер турмушка ашырылат. Кыргызстандын келечегин ойлосок, азыр биз Президенттин саясатын, жаңыча кадамдарын колдобосок болбойт. Ага ар бирибиз колдон келген жардамды, өнүгүүгө карата сунушубузду беришибиз керек.

Назира АЛИЕВА