Кызматташуу аралыкты жакындатат

5-апрелде Президент Садыр Жапаров Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Пак Бён Сок менен жолугушту.

Анда Мамлекет башчы бүгүнкү күндө эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоо, өлкөлөр ортосундагы кызматташууну жаңы баскычка көтөрүү зарылдыгы бар экендигин белгилеп, Түштүк Кореянын Президенти Мун Чжэ Инге саламын жолдоду. Президент Кыргызстан «Борбор Азия — Корея Республикасы» кызматташтык форумуна чоң маани берерин жана анын алкагында биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга кызыкдар экендигин баса белгиледи. С.Жапаров белгилегендей, Кыргызстан үчүн да, Түштүк Корея үчүн да келечектүү болгон соода-экономикалык кызматташуунун чоң потенциалы бар. Ал өкмөттөрдү бул багытта тыгыз кызматташуга чакырып, тараптардын биргелешкен аракеттери менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүнө ишенимин билдирди. Ошондой эле Мамлекет башчы учурда Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүп жаткандыгын баса белгиледи. Шаарларды жана аймактарды өнүктүрүү, гидроэнергетика, тоо-кен жана текстиль тармагы, өнөр жай, транспорт чөйрөлөрү, туристтик объектилерди, аэропортторду куруу жана башка маанилүү тармактарда кызматташтыкты арттыруу максатында кореялык ишкерлердин Кыргызстанда болушуна кызыкдар экендигин билдирди. С.Жапаров кореялык ишкерлерди өлкө экономикасына дагы көбүрөөк инвестиция салууга чакырып, Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана Экономикалык өнүктүрүү жана кызматташтык фонду (EDCF) аркылуу кореялык тараптан көрсөтүлгөн колдоону жогору баалады. Өз кезегинде Пак Бён Сок корей тарап ар тараптуу кызматташууга жана Кыргызстандын алдыга карай өнүгүүсүнө активдүү катышууну кааларын жана ага даярдыгын баса белгиледи. Ал корей тараптын Кыргызстанга инвестицияларды көбөйтүү ниети бар экенин билдирди.

Т.ИСХАК