Бардык автобекеттер бир мекемеге биригет

Кыргызстандагы автобекеттер бир мекемеге бириктирилет. Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагындагы бардык автобекеттердин башын бириктирген атайын мамлекеттик ишкана түзүлөт. Башкы максат унаа бекеттерин тартипке келтирүү жана абалын жакшыртуу болуп саналат.

Ал мекемеге борбор калаадагы жана майда шаарлардагы автобекеттер биригет. Бул боюнча учурда тийиштүү мамлекеттик мекемелер даядык иштерин көрүп жатышканын Казаков кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, учурда жалпы республика боюнча бардыгы болуп 70 автобекет бар. Анын ичинен 28 мамлекеттин көзөмөлүндө турса, калган 42 бекет жеке жактарга өтүп кеткен.