Импорттоодо жеңилдиктер бар, а натыйжа аз

Товарлардын айрым категорияларын импорттоодо жеңилдиктерди берүү механизми өз натыйжасыздыгын көрсөткөнүн Премьер-министр Улукбек Марипов Өкмөттүн кеңешмесинде билдирди.

Кеңешменин күн тартибинде 2020- 2021-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүү, калкты жана экономика тармактарын 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдоо, өлкөнүн 2020-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары жана жазгы-талаа жумуштарын өз маалында уюштуруу жана өткөрүү тууралуу маселелер каралды. “Ар кандай ченемдер аркылуу бошотуулардын жана жеңилдетүүлөрдүн эсебинен бюджетибиз – 25,2 млрд. сомдук каражатты ала албай отурат. Анын ичинде бажы тармагы боюнча жалпысынан 5,2 млрд. сомдук жеңилдиктер берилген. Маселен, өлкөгө дары-дармек каражаттарын ташып кирүүчү импортер-компаниялар 1,4 млрд. сомдук КНСтен (кошумча нарк салыгы) бошотулган. Жеңилдиктерди берүүнүн мындай механизми натыйжасыз, анткени дары-дармектердин чекене баалары коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу 2-3 эсе кымбат. Бул жерден: «Жеңилдиктерди бергенибизге карабастан, эмне үчүн жарандарыбыз дарыларды кымбат баада сатып алууда?» — деген суроо жаралат. Ушундай эле абал айыл чарба тармагында да бар. Айылдагы дыйкандардын баары жер тырмап иштешет, бирок өз продукцияларын төмөн баада сатууга аргасыз болуп, ортомчулар аны жогорку баада сатууда. Биздин мыйзамдар эл үчүн, мамлекеттин жана бизнестин кызыкчылыгы үчүн иштеши керек», — деди ал. Ошондой эле ал Өкмөттүн маанилүү багыттарынын бири болгон санариптештирүү маселесине да ичи чыкпаганын билдирди. “Бүгүнкү күндө 406 мамлекеттик кызматтын болгону 33ү гана толук автоматташтырылды, буга дейре анын саны 26 эле. Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар тутумун түп-тамырынан бери өзгөртүп, аны ачык-айкын кылуубуз керек. Көзөмөл жок болсо, ар кандай көмүскө схемаларды жасоо оңой. Коңшу өлкөлөрдөгү мамлекеттик сатып алуулар системасы нормалдуу иштеп жаткандыгын өз көзүбүз менен көрүп келдик»-деди Улукбек Марипов