Өзгөрүүлөрдү карапайым адамдар сезүүгө тийиш

Биздин негизги максатыбыз – фермерлердин кирешесин жогорулатуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо аркылуу агро өнөр жай тармагын реалдуу өнүктүрүү. Учурда мен муну көрө алган жокмун. Бул туурасында Улукбек Марипов жазгы талаа жумуштарын уюштуруу жана аны өз мөөнөтүндө өткөрүү маселесин талкуулоо учурунда билдирди. Ал билдиргендей, айыл чарбаны колдоого алуу алкагында мамлекеттик бюджеттен техниканы лизингге алуу үчүн 540,1 млн. сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алынган. Ошондой эле «Айыл чарбасын каржылоо – 9» долбоору боюнча иш жүргүзүлүүдө. Өз кезегинде Өкмөт башчы агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча ырааттуу иштерди күчтөндүрүү зарыл экендигин билдирди. «Карапайым адамдар өзгөрүүлөрдү сезүүсү керек. Республиканын калкынын көпчүлүк бөлүгү айыл чарбасы менен алектенет. Биз аларды жеткиликтүү кредит, үрөн жана жер семирткичтер менен камсыздап, аларга реалдуу колдоо көрсөтүүбүз зарыл. Азырынча бул иштердин реалдуу натыйжаларын көрө албай турам», — деп жыйынтыктады Премьер-министр