Тапшырма аткарылса, натыйжа болот

«Биз өткөн кыштагы кемчиликтерди оңдоо менен келерки күз-кыш жылытуу мезгилине алдын ала даярдыктарды көрүүбүз керек. Электр энергиясын иштеп чыгуу жаатында, башкы милдеттердин бири – бул Токтогул суу сактагычында суунун керектүү көлөмүн топтоо болуп саналат. Суунун көлөмү аз экендигин эске алуу менен электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу саясатын жүргүзүүбүз зарыл», — деди Улукбек Марипов Өкмөттүн жыйынында. Өкмөт башчы белгилегендей, электр энергиясын жоготуулардын деңгээлин, ошондой эле бөлүштүрүү компаниялары тарабынан пайдаланылган электр энергиясына дебитордук карыздарды төмөндөтүү зарыл. Белгилесек, 2020-жылдын соңуна карай бир дагы бөлүштүрүү компаниясы Өкмөттүн дебитордук карыздарды кыскартуу боюнча тапшырмасын аткарган эмес. Мындан тышкары, бардык мамлекеттик органдар сууну сактоо максатында пайдалануу лимитин сактоосу, авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу боюнча иштерди жүргүзүүсү керек. «Ар бир жетекчи ушул жоопкерчиликти өзүнө алганда гана ар бир мекеменин иши алга жылат. Калктын бийликке карата ишеними ушундан башталат», — деп жыйынтыктады Улукбек Марипов.

Мамат АЛИК, «Кыргыз Туусу»