Өкмөттөр аралык кеңеште бир катар макулдашууларга жетишилди

Премьер-министр Улукбек Марипов Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйынына катышты. Күн тартибинде суу-энергетикалык, айыл чарба, транспорт, инновациялар жана IT-технологиялар, билим берүү, маданият, туризм, саламаттык сактоо тармактарындагы кызматташтыкка тийиштүү 18 маселе каралды.

Улукбек Марипов кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдүн жана товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маани­лүү экендигин билдирди. «Ак-Жол-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун масштабдуу реконструкциясы жыйынтыкталды. Ал толук кандуу иштеп баштаса, биз суткасына 35 миңден ашуун адамды жана беш миң унааны кабыл ала алабыз. Бул абдан жакшы натыйжа», — деди Улукбек Марипов. Ошондой эле ал «Ак-Тилек-Автожол» менен Казакстандын «Карасу-автожол» өткөрүү пункттары ортосундагы жаңы көпүрөнү куруу жана эски көпүрөнү реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу тууралуу макулдашуу орун алгандыгын белгиледи. Тараптар өз ара товар жүгүртүү көлөмүн жогорулатуу, эки тараптуу соода, транзит жана логистика жаатындагы көй­гөйлөрдү ыкчам чечүү боюнча эки өлкө­нүн өкмөт башчыларынын орун басарлары жетектеген жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алды. Тараптар эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен Казакстанга транспорттук каражаттардын, жарандардын эркин кыймылы жана транзити үчүн макулдашылган чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Бишкек шаарынан Талас шаарына багыт алган жана кайрадан Жамбыл облусу аркылуу кайткан автобустардын транзиттик өтүүсү, Кыргызстан менен Россия аралык Казакстан темир жол транспорту аркылуу жүргүнчүлөрдү ташууну жандандыруу маселеси талкууланды. Казак тарап Бишкек шаарында Аль Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалын ачууга даярдыгын билдирди. Ошондой эле Казакстандын ЖОЖдоруна биздин абитуриенттер үчүн квоталарды 50 орунга чейин жогорулатуу чечими кабыл алынды. Чектеш өз-ара аракеттешүүнү өнүктүрүү алкагында «Нарын» эркин экономикалык аймагы менен «Хоргос» «Эл аралык чектеш кызматташтык борборунун» ортосунда атайын кызматташтык тууралуу биргелешкен Меморандумга кол коюлду. Ошондой эле Аймактар аралык форумун өткөрүү макулдашылды.