Түштүк сапарындагы түрдүү маселелер

Коопсуздукту күчөтүүгө арналган машыгуу

Президент Садыр Жапаров 3-апрелде Баткен облусунда Бужум аскер полигонунда өткөн «Коопсуздук–2021» жана «Калыптандыруу Түштүк–2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу фазасына көз салды.

«Ушул күндөрү, терроризм менен экстремизм дүйнө жүзүнө коркунуч келтирип турганда, өз үйүн, Мекенин коргоодон артык ардактуу жана ыйык милдет жок экендигин аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын, башка мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери далилдешти», — деди Президент, Куралдуу күчтөрдүн Башкы кол башчысы С.Жапаров. Анын айтымында, өлкөдө жүзөгө ашырылып жаткан прогрессивдүү кадамдарга, мамлекеттик бийлик системасын реформалоого жана коррупцияга каршы күрөшкө карабастан, ар кандай деструктивдүү күчтөр өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирип, кырдаалды курчутуу аракеттерин улантууда. Мындай шартта мамлекеттүүлүктү бекемдөө, коопсуздукка коркунуч туудурган көрүнүштөргө жана коркунучтарга жооп кайтаруу, өлкөбүздүн аймагында жана чек араларда конфликттик потенциалды төмөндөтүү боюнча кадамдарды ишке ашыруу маанилүү. Ал бир башчыга баш ийүү принцибин сактоо аркылуу Куралдуу күчтөрдө вертикалдуу башкарууну орнотууга мүмкүнчүлүк түзүүчү Коргоо министрлигинин кайрадан калыбына келтирилгенин жогорудагыдай кадамдарга мисал кылды. «Жакынкы мезгилде Коргоо министрлигинин курамында Атайын операцияларга жооптуу күчтөр түзүлөт. Бул өз кезегинде, эл аралык терроризмге каршы натыйжалуу аракеттенүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтты Башкы кол башчы. Ал белгилегендей, 1-апрелден баштап аскер кызматчыларын социалдык корголушун жогорулатуу боюнча тийиштүү аракеттер көрүлүүдө. Ошондой эле аймактарды туруктуу өнүктүрүү максатында мамлекет тарабынан коңшулаш өлкөлөр, өнөктөш мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен биргеликте суу пайдалануу, энергетика, миграция процесстери, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо, жамааттык коопсуздук сыяктуу маанилүү регионалдык көйгөйлөр боюнча бирдиктүү мамилени иштеп чыгууга олуттуу көңүл бурулуп жатат. Ал машыгуулардын максаттары ишке ашкандыгына токтолуп, бардык катышуучулар аскердик жана өзгөчө абал режиминин шарттарында окуу-күжүрмөн тапшырмаларын так аткарып, анын жүрүшүндө жогорку кесипкөйлүктү, республиканын коопсуздугуна каршы келген ар түрдүү коркунучтарга биргелешип аракет кылууга даярдыгын жана жөндөмүн көрсөтүшкөндүгүн айтты. Мамлекет башчы өткөрүлгөн машыгуулар Кыргыз Республикасынын гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия регионунун коопсуздугун бекемдөө ишине кошулган са лым болоруна бекем ишенимин билдирди. Машыгуулар аяктагандан кийин Президент сөз сүйлөп, Коргоо министрлигинин 30-630 аскер бөлүгүнө Президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн 600 миң сомдук сертификат берди. Иш-чарага Россия, Казакстан, Беларусь, Тажикстан, Улуу Британия, Пакистандын аскер атташелери дагы чакырылган

Кыргызстан ири долбоордун катышуучусу болууда

Президент Баткен районунун Кара-Булак айылындагы «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын биринчи мамычасынын пайдубалына капсула салды. Ошондой эле Баткен шаарында жайгашкан өнөр жай, соода жана логистикалык аймакта ишканаларды куруу долбоору менен таанышты.

Президент С.Жапаров белгилегендей, «CASA-1000» долбоору — регионалдык деңгээлдеги масштабдуу долбоор, ал энергия кубаттуулуктарын жогорулатуунун жаңы барагын ачат, бүтүндөй Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет. Аталган долбоор өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ жана бул долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, жаңы кубаттуулуктарды куруу үчүн инвестицияларды тартууга шарт түзөт. С.Жапаров көлөмдүү чоң иштер аткарылгандыгына карабастан, алдыда көп милдеттер тургандыгын айтты. Президент ири кредиттик ресурстарды бергендиги үчүн Бүткүл дүйнөлүк банкка, Европа инвестициялык банкына жана Ислам өнүктүрүү банкына терең ыраазычы лык билдирди. Бул долбоордун алкагында алынган финансылык милдеттенмелер сатыкка чыгарылган электр энергиясынын эсебинен толугу менен жабылгандыктан өлкөнүн мамлекеттик бюджетине жүк келтирбейт. С.Жапаров бүгүнкү күндө энергетикалык коопсуздук жана энергетикалык майнаптуулук маселеси эң актуалдуу, курч маселелердин бири экенине токтолду. «CASA-1000» долбоорун ишке ашырууну баштоодон сырткары, азыркы учурда Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү, Токтогул, Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтерин модернизациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Бул долбоорлорду аяктоо «CASA-1000» долбоорунун алкагында электр энергиясын жеткирүү боюнча милдеттенмелерди толугу менен аткарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүндүк берет», — деди ал. Белгилей кетсек, «CASA-1000» долбоору жай мезгилинде (майдан сентябрга чейин) электр кубатын экспорттоону ишке ашыру үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын энергетикалык тутумдарын Ооганстан жана Пакистан менен байланыштырган жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиясын курууну камтыйт.

Экономикага салым кошчу аймак

Ушул эле күнү Президент Садыр Жапаров Баткен шаарында өнөр жай, соода жана логистикалык аймакта жайгашкан ишканалардын курулушу боюнча долбоор менен таанышты.

Өкмөттүн токтомунун негизинде 172,9 гектар жер тилкеси өнөр жай аймагына берилген. Бүгүнкү күндө өнөр жай аймагына жаңы ишканаларды ачуу үчүн 19 жеке ишкерден арыз келип түшкөн, 28 жаңы иш кана ачуу пландаштырылууда, анда эки миңден ашуун жумуш орду түзүлөт. Учурда жер тилкелери бөлүнүп берилүүдө жана текстиль фабрикасы, өрүктү кайра иштетүүчү фабрика, касап кана, 1000 тонна мөмө-жемиш сактоочу логистикалык борбор, таш майдалоочу цехтин курулушу жүрүп жатат. Жакынкы айларда дагы бир нече ишкананын курулушу башталат. С.Жапаров жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алардын маселелерин угуп, элди кызыктырган суроолорго жооп берди. Ал жеңилдетилген ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн жана дыйкандар менен чакан жана орто ишкерлерге жеңилдетилген насыянын көлөмүн көбөйтүү маселелерин жеке көзөмөлүнө алгандыгын баса белгиледи. Мамлекет башчы жергиликтүү бийликке жерди трансформациялоо укугун өткөрүп берүү боюнча пландалып жатканын да айтып берди.

Боордошторубузду боорго тартып…

4-апрелде Президент Садыр Жапаров Кичи жана Чоң Памир аймактарынан Ош облусунун Алай районуна көчүп келген афган кыргыздары менен жолугушту.

«Памирлик кыргыздардын кыйынчылыктары мени дайыма тынчсыздандырып келет. Мен аларды тарыхый Мекенине толугу менен көчүрүп келүүнү көптөн бери каалап келгем, эми ушул тилегимди иш[1]ке ашырууга ниеттенип жатам», — деди ал жолугушууда. Мамлекет тарабынан райондун Талды-Суу айылына 11 үй курулуп, аларга 17 үй-бүлө жайгаштырылып, керектүү жардам көрсөтүлгөн. Бюджеттик каражаттардан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана демөөрчүлөр тарабынан да жардам берилген. Президент көчүрүлүп келип жайгаштыруу мерчемделип жаткан Памирде калган оогандык кыргыздарга Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы Бурган-Суу участогунда турак жайларды куруу долбоору менен да таанышты. Памирлик кыргыздар менен болгон баарлашууда С.Жапаров калган ооган кыргыздарын ушул жылдын кыш мезгилине чейин өз Мекенине көчүрүү ниети жөнүндө айтты — бул үчүн мамлекетте жетиштүү каражат бар. Анын белгилешинче, 2017-жылы көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар көнүшө албай кыйынчылык тартып жатышат жана Өкмөттөн дайыма жардам суроого аргасыз болушууда. «Бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө болот, биз аларга жардам беребиз жана жер которгон адамдарды жылуулук, электр энергиясы жана башка керектүү нерселер менен камсыз кылуу