Коронавируска каршы эмделүүдө эске алчу жагдайлар

29-марттан тарта өлкөбүздө коронавируска каршы Sinopharm (Кытай) вакцинасы менен эмдөө башталды. Ал ортодо эл арасында вакцина тууралуу ар кандай суроолор, шектенүүлөр пайда болгону жашыруун эмес. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче 75 миң адамга жете турган 150 миң дозанын алгачкылары Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусундагы медицина жана укук коргоо органдарынын жана социалдык мекмелердин кызматкерлерине сайылат. Кыргызстандыктарда жаралган суроолорго жооп катары Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул вакцинаны кимдер, кандай убакта алышарын же албай тургандыгын маалымдады. Министрликтин билдиришинче, аталган вакцина төмөндөгүдөй адамдарга алардын ошол кездеги ал-акыбалына жараша сайылар-сайылбасы аныкталат: Кулагыңа күмүш сырга Коронавируска каршы эмделүүдө эске алчу жагдайлар • тамак-ашка, вакцинага, дарыга аллергиясы барлар; • онкологиялык илдеттер менен жабыркагандар; • мээнин жана нерв системасынын талмасы же патологиясы менен жабыркагандар; • астма, өпкө, жүрөк, бөйрөк илдети жана зат алмашуу боюнча оорулары (диабет) барлар; • ВИЧ/СПИД, иммундук системасы боюнча ооругандар; • акыркы үч айда кортизон, преднизолон жана башка стероиддер менен дарыланып, ракка каршы дары-дармек ичип, нур терапиясынан өткөндөр; • акыркы төрт жумада эмдөөдөн өткөндөр. Ошондой эле ведомство бул эмдөө кош бойлуулар менен бала эмизген аялдарга жана балдарга сайылбай турганын билдирди. Мындан сырткары улгайган адамдар эмдөөдөн өтөр алдында дарыгердин көзөмөлүнөн өтүшү керек. Бул илдет менен ооруп айыккандар болсо 6 же 8 айдан кийин кайра вакцина ала алат. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, Россиянын бир вакцинасынын баасы 8-10 доллар. “Кытайдыкы мындан арзаныраак. Эгер, Дүйнөлүк банк менен Ислам банкы вакцинаны сатып алууга каражат бөлсө, элди бекер эмдегенге шарт болот. Негизи СОVID-19га каршы эмдөө эки жолу болгондуктан бир кишиники 10-16 доллардай болуп калат”, – дейт министр. “Вакцина алган адамдын үч сутка ичинде сасык тумоологон сыяктуу дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, алсырап, муун менен булчуңдары оорушу мүмкүн. Ийне сайылган жер ооруксунуп, шишип, кызарышы да ыктымал. Көңүл да айланып, тамакка табит жоголуп, ич оорушу да мүмкүн. Же невралгиялык жана неврологиялык оорулар да сезилиши ыктымал”, – делет министрликтин маалыматында. Бул вакцинанын алгачкылардан болуп алган министр Алымкадыр Бейшеналиев вакцина кимдир бирөөлөргө зыян кыла турган болсо жоопкерчиликти министрлик жана жеке өзү моюнга ала турганын да билдирди. Саламаттык сактоо министрлиги вакцина алган бейтаптар ийне сайылган жерге үч күн суу тийгизбей, ичимдик ичпей, оор жумуштарды жасабай турушу керектигин да эскерткен. Кокус ийне сайылган жер ооруп, шишип, кызарса антигистаминдик каражаттарды, дене табы көтөрүлсө дары-дармектерди адистер менен кеңешип колдонууга чакырган.